Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Өзбекстанда "жагымсыз чет элдиктер" мыйзамы төмөнкү палатада жактырылды


Өзбекстан парламенти.
Өзбекстан парламенти.

Өзбекстанда чет элдиктер жана жарандыгы жоктор арасынан айрымдарына жагымсыз деген аныктама берүүчү мыйзам долбоору парламенттин (Олий Мажлис) мыйзам чыгаруу палатасында кабыл алынды. Төмөнкү палатанын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору «Азыркы ааламдашуу заманында Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча кошумча чаралар» зарылчылыгынан улам иштелип чыккан.

Анда чет өлкөлүк кайсы жарандарга Өзбекстан аймагында болуусуна жол берилбей турганы аныкталат. Алар, мыйзам долбоорунда белгиленгендей, Өзбекстандын мамлекеттик суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы келүүчү ачык чакырык жасагандар же ошондой аракет кылгандар, мамлекет аралык, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткандар, Өзбекстандын кадыр баркын, ар-намысын жана элинин тарыхын жаманатты кылгандар деп эсептелет.

Жагымсыз деп таанылган чет элдиктерге, эгер мыйзам кабыл алынса, Өзбекстанга кирүүсүнө беш жылга тыюу салынат, банк эсеп ачуусуна, кыймылсыз мүлк сатып алышына, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө, каржылык жана келишим кызматташтыгына катышууга да жол берилбейт.

«Мыйзам долбоорунда өлкөдө болуусуна тыюу салынган адамдарды депортациялоонун негиздери жана тартиби да аныкталат», – деп билдирди мекеме.

Долбоорду Олий Мажлистеги депутаттар тобу Казакстан, Азербайжан, Орусия, Польша, Беларус жана Кытай өлкөлөрүнүн «алдыңкы тажрыйбасынын» негизинде иштеп чыкканы эки апта мурда жарыяланган.

Социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде депутаттардын сунушу кызуу талкуу жаратып, айрымдар бул Орусиянын бийликтин кемчиликтерин ачык айтып чыккан жарандарын жана уюмдарын чектеген «чет элдик агент» мыйзамын тууроо деп атап жатышат.

Эми мыйзам долбоору Олий Мажлистин Сенатында каралат, эгер президент кол койсо, расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG