Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Кадамжайда сел каптаган 60ка жакын үй тазаланды


Кадамжай районунда суу каптаган 57 турак үйдөн сел калдыктары тазаланды. 3,5 км ашуун ички чарбалык жолдор ачылды. Бул тууралуу 26-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Табият кырсыгында 70тен ашуун кожолуктун короосун суу басып, анын арасынан 61 үйдүн ичин сел каптаган.

Калыбына келтирүү иштерине аталган мекеменин 600гө жакын адиси тартылган. 50дөн ашуун техника иштеп жатат.

24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Селде беш жаштагы бала каза болгон. Үйүнүн ичине чейин суу каптаган 39 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу башпааналап турушат.

Ноокендин Эргеш Алиев, Лейлектин Катыраң жана Баткендин Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүргөн аймактардан миңден ашуун үйдүн тургундары коопсуз жакка чыгарылганын, сел токтогондон кийин бир тобу үйлөрүнө кайтканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG