Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Анкара жана Бээжин уйгурлардын маселесин талкуулады


Активисттер Кытайдын этникалык уйгурларга жасаган мамилесине каршы нааразылык акциясына катышып, 2022-жылы Бээжинде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялоого чакырып жатат. Жакарта, Индонезия. 2022-жыл, 4-январь.
Активисттер Кытайдын этникалык уйгурларга жасаган мамилесине каршы нааразылык акциясына катышып, 2022-жылы Бээжинде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялоого чакырып жатат. Жакарта, Индонезия. 2022-жыл, 4-январь.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бээжинде кытайлык кызматташы Ван И менен жолукканда Шинжандагы уйгурлардын көйгөйүн көтөрдү.

12-январда түрк министри Мевлүт Чавушоглу Бээжинде Кытайдын башкы дипломаты Ван Иге жолукканда Шинжаң аймагындагы этностук уйгурлардын тагдырына тынчсыздануусун билдиргенин Твиттерге жазды.

"Биз Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу мамиле жана аймактык көйгөйлөрдү талкууладык. Экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө баа бердик. Күн тартибиндеги маселелерде өзгөчө уйгурларга көз карашыбызды, аялуу маселеде эмне күтөрүбүздү айттым".

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында Чавушоглу көтөргөн уйгурлар маселеси тууралуу сөз жок. Министрликтин маалыматында былтыр Бээжин-Анкара ортосунда сооданын көлөмү көбөйгөнүн, бул "экономикалык кызматташтыктын чоң дараметин тастыктаганы" белгиленет.

Кытай тарап Түркияда өндүрүлгөн продукциялардын Кытайга жеткирилишин көбөйтүүнү, ошондой эле жаңы технология жана маалымат тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштаганы жазылат.

Бейшембиде Кытайдын Тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, эки министрдин жолугушуусунда Шинжаң маселеси кызуу талкууланганын кабарлады.

Кытайлык The Paper басылмасы "тараптар Шинжаңга байланышкан маселелер боюнча да терең пикир алмашты. Мамлекеттик кеңештин мүчөсү жана тышкы иштер министри Ван И Шинжаңга байланыштуу маселелердин маңызы зордук-зомбулукка, терроризмге жана сепаратизмге каршы күрөш экенин, ал эми кытай өкмөтү Шинжаңдын коопсуздугун, гармониясын жана стабилдүүлүгүн сактоого милдеттүү экенин баса белгиледи" деп жазат.

Мевлүт Чавушоглу жана Ванг И.
Мевлүт Чавушоглу жана Ванг И.

Муну менен катар басылма жеке булактарына таянып, Чавушоглу жолугушууда Анкара өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган аракеттерге жол бербей турганын билдиргенине орун берди.

"Министр Чавушоглу Түркия "бир Кытай" принцибине ишенерин жана Кытайга каршы күч колдонуучу террордук аракеттерге жана кытай жеринин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү, иш-аракеттерге жол бербей турганын айтты. Түрк тарап эч качан Шинжаң маселесин Кытайга кысым көрсөтүү куралы катары колдонгон эмес. "Чыгыш Түркстан кыймылын" көптөн бери террордук уюмдардын тизмесине киргизип, Түркиядагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган".

Бүгүнкүгө чейин Түркия бир да уйгурду же башка мусулман качкынды Кытайга депортация кылган эмес. Тескерисинче, Түркиядан башпаанек сураган миңдеген уйгур жана башка мусулмандар ар тараптуу колдоо таап, түрк жарандыгын алып, жашап жаткандар көп.

Түркияда азыр болжол менен 50 миңге жакын уйгур качкын макамын алган деген божомол бар. Андан тышкары миңдеген Шинжаңдын тургундарына убактылуу же туруктуу жашоого уруксат берилген. Арасында Түркиянын жарандыгын алгандары да бар.

Си Цзинпин менен Режеп Тайып Эрдоган. 2019-жыл. Бээжин.
Си Цзинпин менен Режеп Тайып Эрдоган. 2019-жыл. Бээжин.

Шинжаң маселесинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кытайдагы уйгурлардын оор абалы жөнүндө үн катпайт деп айыптап келишчү. Былтыр июлда Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшкөндө Эрдоган “Түркия Кытайдын суверенитетин сыйлай турганын, бирок Шинжаңдагы уйгурлар Кытайдын “толук кандуу жарандары” катары жашоого тийиш экенин" айткан.

Көп өтпөй 24-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында бирикмеге мүчө өлкөлөрдү Шинжаңдагы мусулман калкынын абалына кайдыгер карабоого үндөгөн.

Буга чейин Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган. Ал эми Бээжин Анкаранын бул билдирүүсүн четке каккан.

Былтыр эки мамлекет дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи. Кытай 20 миллиард долларлык соода көлөмү менен Түркиянын Азиядагы эң башкы соода өнөктөшү болуп келет.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет. Аларда 1 миллионго чейинки адамдар бар экени айтылууда.

Буга чейин АКШ өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжин уйгурларга каршы геноцид кылып жатат деп айыпташкан. Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

XS
SM
MD
LG