Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кызматкери Аскар Давлетбаковдун демилгеси менен Ысык-Көлдүн тескей тарабына Өзбекстандын Бухара облусунан жейрендер жеткирилди. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен келген 15 жейрен азыр Тоң районунда атайын корукта багылууда. Бул сейрек жаныбар "Кызыл китепке" киргизилген.
Экономика
Sorry! No content for 11 Февраль. See content from before
бейшемби 10 Февраль 2022
8-февралда Кыргызстандагы "Мувгрин" кыймылынын негиздөөчүсү, экологиялык активист Мария Колесниковага Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы "Жердин чемпиону" деген наам ыйгарды. Бул наам жылына дүйнөдөгү жигердүү төрт экологиялык лидерге берилет. Мария Колесникова Кыргызстанда 11 жыл мурда экологиялык Movegreen кыймылын негиздеп, Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу жаатында иштеп келет. Аталган кыймылдын демилгеси менен Борбор Азия мамлекеттеринин баш калааларында абанын сапатын текшерүүгө багытталган долбоор да башталды.