Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Сеул аэропорту Түндүк Корея учурган "таштанды шарынан" улам үч саат иштебей турду


Түштүк Корея аймагына түшкөн шарлардын бири.
Түштүк Корея аймагына түшкөн шарлардын бири.

Түштүк Кореянын борбор калаасы Сеул аэропортунун иши Түндүк Корея учурган таштанды салынган баштыктар байланган желим шарлардын айынан убактылуу үзгүлтүккө учурады. The Guardian басылмасы аэропорт кызматкерлерине таянып жазгандай, аба майданы болжол менен үч саат иштебей турду.

Шарлардын бири жүргүнчүлөр терминалынын жанындагы учуп-конуу тилкесине барып конгону, ошонун айынан үч тилке убактылуу жабык турганы маалымдалды. Дагы бир нече шар аэропорттун башка жерлерине жана сыртына түшкөн. Коңшу өлкө учурган шарлардын айынан аэропорттун иши убактылуу токтогон окуялар буга чейин да болгону кабарланды.

Түндүк Корея ичине ар кандай акыр-чикир салынган баштыктар байланган шарларды Түштүк Кореяны көздөй быйыл май айында учура баштаган. Муну ошол жакка качып барган жарандары жана активисттер мекенине тамак-аш, дары-дармек, акча жана жетекчиси Ким Чен Ынды сындаган баракчалар салынган шарларды жөнөтүп жатканына жооп деп атаган.

Түштүккореялык айрым активисттер кээде Түндүк Кореяны көздөй бул өлкөнүн башчысы Ким Чен Ынды сындаган баракчалар жана ал жакта тыюу салынган кей-поп аткаруучулардын клиптери жүктөлгөн USB-флеш карталар салынган шарларды учурушат.

2022-жылы түштүккореялык активисттер Түндүк Кореяга гуманитардык жардам жана медициналык беткап салынган шарларды үч жолу учурушкан. Анын алдында Түндүк Корея бийлиги өлкөдө COVID-19 аныкталганын жарыялаган.

Корея Корея элдик-демократиялык республикасы жана Корея республикасы болуп 1945-жылы бөлүнгөн. 1950-1953-жылдагы корей согушунан кийин эки өлкө ортосу демилитаризацияланган тилке менен чектелген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG