Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Экономика

Түркияда улуттук банктар жаңы акча бирдиги “Жаңы Түрк Лирасына” (YTL) бат эле көндү. А карапайым элчи? Эл жаңы акчанын киргизилишин сыймыктануу сезимдери менен кабыл алды, бирок жаңы тыйындарга (Kuruş) көнүш дагы бир топ убактты талап кылат.

Жаңы жылга жаңы акча бирдиги менен кирген Түркияда, 6 нөлү алынып салынган ‘Жаңы Түрк Лирасы’ (ЙТЛ) колдонула баштады. Жылдын алгачкы күнүндө, банктардын АТМ машиналары жана кредит карт системасы, жаңы лирага өтүү менен байланыштуу убактылуу иштебей калса да, көп өтпөй өлкөдө жаңы акча системасы толук күчүнө кирди. Дүйшөмбү күнү борбордук банк менен кошо бардык улуттук банктар жана алардын филиалдары, ЭФТ аталган ‘Электрондук Фонду Трансфер’ системасын Жаңы Түрк Лирасына ийгиликтүү которуп, система үзгүлтүксүз иштей баштады.
30 жылдан бери, өлкөн чүмкөп келген экономикалык кризистердин айынан, улам наркы кетип, нөлл үстүнө нөлл кошула берген эски Түрк Лирасынан, эми 6 нөлү алынып салынган жаңысына өтүш, карапайым элге анча деле оңой болбой жатканы байкалат. Мунун бир себеби, жаңы акча бирдиги менен бирге, 30 жылдан бери алгачкы жолу, Куруш деп аталган метал тыйындардын да колдонула баштоосу.
Биз дагы, жагдайды өз көзүбүз менен көрүү үчүн, Истамбулдагы жер - жемиш саткан жергиликтүү базарлардын бирине баш багып калдык. Көрсө сатуучулар жаңы акчага күн мурунтан эле көнүп алышкан экен. “Мен да биле албай жатам, канча төлөшүм керек. Түшүнө албай жатам, 1 миллионбу 250 миң лирабы? Же 25 курушпу? Баары аралашып кетти”
-Жок же 25 куруш эле берсеңиз жетиштүү болот.
“65 куруш берсеңиз болот эже, демек эски түрк Лирасы менен 650 миң лира”
“5 куруш бар беле менде. Мен кайдан табайын 5 куруш дегениңди” деген даттануулар дагы бир топ убака дүкөн-базарларда угулуп кала берчүүдөй. Оңой эмес, 30 жыл боюу эл куруш дегенди билип көргөн жок. Бир муун бүтүндөй, тыйын (куруш) деген менен дегеле таанышпай, миллион, миллиард деген сандар менен жашап келди. Бул фактыны дагы бир жолу тастыктап Түркиянын Премьер- Министири Режеп Тайып Эрдоган шейшемби күнү, жаңы Түрк лирасы тууралуу атайын бир жыйында чыгып сүйлөдү. Соода жана Өнөр Жай Министирлигинин сүрөөнчүлүгүндө башталган “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” өнөктүгүнүн тушоо кесүү аземинде Эрдоган, “Мындан ары керектөөчүлөр укугу корголгон тарап болуудан чыгып, өз укугун билип-коргогон, базарда өзүнө жүктөлгөн атуулдук озуйпаны, рационалдуу жана иштиктүү түрдө аткарган тарап болуусу тийиш” деди. Жаңы Куруштарга токтоло кетип өкмөт башчысы
“Элибиз өзгөчө жаңы куруштарга колдоо көрсөтүшү абзел. Жаңы курушубуздун колдонуу чөйрөсүн кеңейтип, эсептеш өтө татаал жана кыйын дебей, куруштарыбызды колдонушубуз керек” деди.
“Мекендештеримен дагы бир суранычым; дүкөн-базарларда соода кылып жатканда, баалардын тегеректетилип, маселен буюмдун баасы 2 лира 95 куруш болсо, 3 лира деп эле тегеректетип коюуларга каршы этият болуш керек. Бул- инфляцияны ооздукташ, дал эле ошол учурда, жаңы улуттук акчабызды коргош үчүн бардыгыбыздын мойнуна жүктөлгөн атуулдук парз болуп эсептелет” деп кошумчалады Режеп Тайып Эрдоган.

Сапар Орозбеков, Бишкек Кыргызстан эгемендикке чыккандан бери өлкөдө чет өлкөлүк инвесторлордун жардамы менен бир нече ири ишкана түзүлдү. Алардын бири - «Кумтөр алтын колмбинаты». Айрым адистер бул комбинатты башкаларга үлгү болорлук, акыркы технология менен жабдылган ири ишкана дешет. Башкалар болсо Канаданын «Камеко» корпорациясы пайда табуунун артынан түшүп, алтындын көбүн таштандыга чыгарган, сарамжалсыз иштеген технология салып койду деп эсептешет.

Жылына 20 тонна алтын казган «Кумтөр» алтын комбинаты дүйнөлүк чен менен алганда да ири ишкана. Комбинатка барып, аны ичин өз көзү менен көрүп чыккандар адатта анын ишине суктанып кайтышат. Алар ишканада Кыргызстанда мурда болбогон, акыркы талапка жооп берген мыкты технология бар экендигин айтышат. Комбинат жөнүндө өлкө башчы дагы жогору пикирде:
- Алдынкы технологияларды пайдаланган зор тоо-кен ишканасы пайда болду. Кыргызстан бүгүнкү күнү анын экономикалык дагы, социалдык дагы жакшы жемиштерин көрө баштады-деди Аскар Акаев жакында эле түз эфир байланышка чыкканда.

Бирок мындай пикирге кошулбагандар да аз эмес. Алардын бири - өкмөт башчы. Премьер-министр Николай Танаев өлкө башчынын Кумтөрдүн технологиясы жөнундө пикирине таптакыр каршы:
-Бул Кумтөр сыяктуу комбинат үчүн абдан жаман көрсөткүч. Алар 92% алтын ылгап алууга мүмкүнчүлүк берген технологияны киргизүүгө тез аранын ичинде чара көрүүгө тийиш- деди Николай Танаев андан бир аз эле мурдараак өткөн өкмөт жыйындарынын биринде.

Өкмөт башчынын айтымында, Кумтөр алтын комбинаты алтындын 82% гана ылгап алып, калган 18% алтынды таштандыга чыгарат. Премьер-министр бул «Камекого» аз көрүнгөнү менен, Кыргызстан үчүн көп экенин белгиледи:
-Мындай байлыкты таштанды кылбаш керек. Мынча алтынды талаага кетирбеген нормалдуу технология болушу керек. Макмалдын бир жылда берген алтынан да көбүрөөк алтын таштандыга кетип жатат- деди Николай Танаев.

Адистер дүйнөнүн көп алтын кендеринде алтынды рудадан ылгап алуу коефициенти 90% кем эмес дешет. Алардын айтымында, «Камеко» корпорациясы пайда табуунун артынан түшүп, кыйынчылыксыз алынчы алтынды чыгарып алып, көп алтынды руда менен таштандыга кетирип жатат:
Күмтөрдүн алтынын ылгап алуу Макмалдыкына караганда бир топ машакатсыз. Макмал азыр 2-3% алтыны бар таштандыга чыккан руда иштетип жатат. Ошондо да анда ылгап алуу коефициенти 92% түзөт- дейт Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассосациясынын катчысы Сагыналы Барсанаев.

Дүйнөдөгү 10 ири кендин ичине кирген Кумтөр алтын кенин иштетүү тууралуу Канаданын «Камеко» корпорациясы менен түзүлгөн келишимге өкмөт 1992-жылы кол коюп, 1996-жылы биргелешкен ишкана өндүрүшкө берилген. Андан бери ал 150 тоннага жакын алтын казды.

Адистер өлкө башчынын Кумтөр өз жемишин берип жатат деген пикирине да кошулбайт. Алар өкмөт өзүнө тиешелүү акцияларын сатып, 86 млн доллар түшүргөндө гана киреше түшкөнүн, ага чейин Кумтөр өлкөгө жарытылуу деле пайда бербегендигин белгилешет. Муну парламенттик угуулардын биринде «Кыргызалтындын» мурдагы жетекчиси, маркум Камчыбек Кудайбергенов да мойнуна алган болчу:
-Техникалык-экономикалык негиздемеге караганда үч эсе аз киреше, же эсептеги 188 млн. доллардын ордуна 63 млн. доллар алдык. Ошентип Кумтөр бүгүнкү күнү биздин үмүттү актаган жок- деген болчу Камчыбек Кудайбергенов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG