Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек. Өлкө башчы Аскар Акаевдин айтуусунда, быйыл өлкөдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, Камбарата ГЭСтеринин жана аллюминий заводунун курулушу башталат. Президент аларды «кылым долбоорлору» деп мүнөздөдү. Бирок айрым адистер бул долбоорлорду реалдуу эмес деп, алардын быйыл башталышынан күмөн санашат.

Жыл жаӈырар алдында өлкө башчы Аскар Акаев 2005-жылы өлкөдө үч чоӈ курулуш башталарын жарыя кылды:

- Республиканы динамикалуу түрдө алдыга алып барыш үчүн, жүз миӈдеген жумуш орундарын түзүш үчүн сөзсүз ири долбоорлор –«кылым долбоорлору» ишке ашышы керек. Биздин алдыбызда ошондой эки «кылым долбоору» турат. 21-кылымдын эки долбоору. Биринчиси – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – деди Аскар Акаев түз эфир байланышка чыкканда.

Президенттин айтымында, бул долбоорлор өлкөнүн экономикасына жаӈы дем берет:

- Бул темир жолдун курулушу бизге 150 миӈ жаӈы жумуш орун ачып берет экен. Жана дагы экономикабыздын ички дүӈ продуктысынын 60% өсүшүнө алып келет. Аларды «кылымдын долбоору» деп атасак болот-деди Аскар Акаев.

Анын айтымында, темир жолду куруу тууралуу келишимге быйыл кол коюлат. Президент темир жолдон тышкары Камбарата ГЭСтеринин жана аллюминий заводунун курулушу да башталат деп ишендирди. Ал бул эки курулушту бир долбоор катары мүнөздөп, анын техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн Орусиянын өкмөтү акча бөлгөнүн билдирди.

Буга чейин бир нече ири долбоорлор мына башталат деп айтылып, бирок ишке ашпай калган болчу. 90 –жылдардын ортосуда президент Германияга барып келгенден кийин, немистер Сарыжаз калай кенин иштеткен жатат деп айткан болчу. Бирок бул Советтер союзу учурунда башталып, токтоп калган жарым-жартылай бүткөн эски курулуш ушу күнгө чейин кыймылдай элек. Жерүй алтын кенин иштетүү да бир нече жолу башталганы жатат деп, 15 жылдан бери мурда кандай болсо ошол бойдон турат.

Эгерде жалпы суммасы 3-4 млрд долларды түзгөн бул үч курулуш чыны менен эле башталса, бул экономиканын өнүгүшүнө өтө чоӈ салым болор эле. Бирок адистер анын реалдуу экенинен күмөн санашат:
- Аллюминий заводу жана темир жол деп жатпайбы. Бул экөө болбогон нерсе. Камбарата дегени болсо нормалдуу долбоор- деди Улуттук академиянын кызматкери, тоо-кенчилер жана геологдор ассосациясынын катчысы Сагыналы Барсанаев.

Анын айтымында, Кыргызстанда аллюминий чыгарууга пайдаланчу бир нече боксит кендери болгон менен, аларды иштетүү анчалык натыйжалуу эмес. Ошондуктан өкмөт чийки затты Орусиядан алып келүүнү пландаштырып жатат:

- Аллюминийдин кени Жумгалда. Ошол жерде Санташ деген кен бар. Заводду болсо ал жерге эмес, Ташкөмүргө курабыз деп жатышат. Мен сураштырсам, чийки затты Орусиядан ташыйт имиш –деди Салыналы Барсанаев.

Ал ташып келген чийки зат кымбатка туруп, завод өзүн өзү актабайт деген ойдо. Өкмөт болсо аллюминий өндүрүшүндө чийки зат эмес, электр энергиясы маанилүү, Камбарата ГЭСтери курулса электр энергиясы жетиштүү да, арзан да болот деп, анын курулушунан эч деле күмөн санабайт.

Сагыналы Барсанаев темир жолдун куруларына да ишене бербейт. Анын айтымында, темир жол тоо аралап өткөндүктөн туннель курууга туура келет. Бул жолдун наркын кымбаттатпай койбойт дейт окумуштуу. Ал мындай жолду Казакстан да курганы жатканын, ал Кыргызстандан эртерээк бүткөрөрүн кошумчалайт.

Өкмөт болсо темир жол Кыргызстанга эмес, биринчи кезекте Кытайга керек деп Кытайга үмүт кылып жатат. Вице-премьер Кубанычбек Жумалиевдин түшүндүрүүсүнө караганда, бул жол Пекинден Парижге чейин жолду 400 км ге кыскартат экен. Ошондуктан Кытай аны курууга катуу киришип жатыптыр:

-СУАРдын парткому да «бир эле Кыргызстанга эмес, Кытай үчүн да абдан кызыктуу, керектүү жол, ошон үчүн муну салганга баардык аракеттерибизди жасайбыз» деп айтты –деди Кубанычбек Жумалиев.

Сапар Орозбаков, Бишкек Жалалабаддагы «Фергана» гезити 3 жылдан бери өлкөдөгү бай адамдарды аныктап келет. Жакында ал байлардын жаӈы тизмесин жарыя кылды. Гезиттин жарыялаган тизмесине караганда, өлкөдөгү эӈ бай деген 100 адамдын жарымынан көбүн азыр же мурда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштегендер жана алардын тууган-туушкандары түзөт.

Гезиттин баш редактору Бакыт Орунбековдун айтымында, гезит адегенде сурамжылоо жүргүзүп, бай адамдардын жалпы тизмесин түзгөн. Сурамжылоого катышкандар бай адам деп 1000 жакын адамдын атын аташкан. Андан кийин гезит өлкөнү жакшы билген 300 экспертти сурамжылап, ошол 1000 адамдын ичинен эӈ бай деген 100 адамды аныктаган. Бул тууралуу гезиттин баш редактору Бакыт Орунбеков бизге мындай деп билдирди:

-Мамлекеттик деӈгээлдеги өтө бай адамдарды атап бергиле деп биз тизмени республиканы жакшы билген Бишкекте, Ошто, Жалаkабадда, Баткенде жашаган эксперттерге бердик. Алар 100 байды аныктап беришти. Биз ошол 100 байды жарыялап койдук – деди Бакыт Орунбеков.

Тизменин басымдуу көпчүлүгүн азыр же мурда мамлекеттик кызматта иштегендер, алардын тууган-туушкандары, жек-жааттары түзөт. Анда премьер-министр Николай Танаев баштаган аткаруу бийлигинин 23 өкүлү бар. Бай деп каржы министри Болот Абилдаевдин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жакында эле кызматтан кеткен төрагасы Равшан Жээнбековдун, Өзгөчө кырдаал министри Темирбек Акматалиевдин, Экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиевдин, губернаторлор Токон Шайлиеванын, Аскар Салымбековдун, Накен Касиевдин, Аскарбек Шадиевдин жана Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкуловдун аттары аталат. Тизмеде президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов, анын орун басары Болот Жанузаков, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана 32 депутат бар. Ага президенттин 3 жакын адамы да кирген:

-Ушул 100 байдын ичинде президенттин агасы Асанкул Акаевдин, баласы Айдар Акаевдин, күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин аттары аталды. Алар байлардын рейтингинде алдынкы орундарга чыгышты- деди Бакыт Орунбеков.

Буга байланыштуу айта кетүү зарыл - Аскар Акаев өзү чет өлкөлүк гезиттердин бирине берген интервьюсунда күйөө-баласынын ишкерлиги жакшы жүрүп жаткандыгын айткан болчу. Бирок уулу жана агасы жөнүндө ал эч нерсе айткан эмес.

Бакыт Орунбековдун билдирүүсүнө караганда жарыяланган тизмеге макул эместер да чыгып жатат. Баш редактор андайлардын көпчүлүгү бийлитегилер экендигин билдирди:

-Газетага жарыялангандан кийин тизмеге кирген айрым адамдар «мен бай эмесмин, мени эмнеге тизмеге киргиздиӈер» деп таарынычын айтышты. Ошол эле учурда башка адамдар «мен деле баймын, эмне үчүн мен 100 кишинин арасында жокмун» деп жатышат. Мисалы, таарынып жаткандар - мамлекеттик бийликте отургандар. Бул түшүнүктүү эле да. Алардын аттарына жазылган бир дагы ишкана, фирма же базар жок. Алар ага-туугандарына, бала-чакасына катталган. Бирок, элдин пикиринде, алар мамлекеттик кызматтан пайдаланып, өз туугандарына байлык топтоп беришкен. Элде мамлекетик кызматта тургандар кедей болбойт деген пикир басымдуу –дейт Бакыт Орунбеков.

Чет өлкөлөрдө байлардын рейтингин иликтөө кадимки эле көрүнүш. АКШдагы «Форбс журналы жылыга дүйнөдөгү эӈ бай адамдардын тизмесин гана эмес, алардын байлыгынын көлөмүн аныктап, рейтингин да жарыялап келет. Анын маалыматтары ишенимдүү деп эсептелип, көп деле күмөнчүлүк туудурбайт. «Фергана» гезити жарыялаган тизмеге көптөр анчалык ишене беришпейт. Алардын бири - АКИпресс маалымат агенттиги:

- Адамдардын пикирлери деп түшүнүү зарыл. Башкача айтканда, адамдар ушинтип ойлошот деп гана, бул тизмеге ишенсе болот. Бирок бул чынында ушулар гана бай адамдар дегендикти билдирбейт. Бул тизмеге киргизсе боло турган башка адамдар жок дегендикти билдирбейт. Бул жөн эле айрым адамдардын пикири. Чынында алардын айрымдары анчалык деле бай эмес. Тескерисинче, чоӈ байлыгы адамдардын айрымдары тизмеге кирбей калышы мүмкүн- деди аткаруучу директору Евгений Гопкало.

Бакыт Орунбеков мындан ары гезит байлардын тизмесин гана жарыялабастан, алардын байлыктарынын көлөмүн тактоого аракет кылаарын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG