Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Экономика

Sorry! No content for 16 Январь. See content from before

жума 14 Январь 2005

Сапар Орозбаков, Бишкек Парламентке шайлоо жарыяланып, ар кандай нараазылыктар чыга баштагандыгына байланыштуу өлкө башчы жана өкмөт башчы Украинада «революция» жасады деп батышты, аны менен бирге украин оппозициясын айыптап жаткандыгы көпчүлүккө маалым. Премьер-министр өзүнүн 11-январда өткөргөн пресс-конференциясында Украинанын өкмөтүнөн Кыргызстан өзүнүн мурдагы 28 млн доллар аласасын доолай баштайт деп билдирди.

Премьер-министр Николай Танаев Украинанын 28 млн доллар карызы тууралуу катуу билдирүү жасады:
-Украинанын өкмөтүнөн карызды доолайбыз. Алар 28 млн доллар карыз. Биз муну сөзсүз доолай баштайбыз –деди Николай Танаев.

Украина Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирем деп, анын мүчөлөрү менен сүйлөшүү жүргүзө баштаганда бул унутулуп бара жаткан карызды кайтарып алууга үмүт пайда болгон болчу. Кыргызстан уюмга эртерээк кирип, мүчө болгондуктан, эреже боюнча ал макул болуп, протоколго кол коюп бермейин, Украина ага өтө албайт. Ошого байланыштуу мындан эки жыл мурда эки өлкөнүн өкмөттөрү жолугушуу өткөргөн болчу. 2003-жылы мартта Николай Танаев Киевге барып келгенден кийин, «Азаттыкка» интервью берип, ал карыз ошол эле жылы кайтарыла баштаарын билдирген. Андан бери далай убакыт өттү. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, Украина карызды бермек тургай, аны алигиче мойнуна ала элек:

-Украина тилекке каршы мойнуна алган эмес. Бул боюнча көп эмгек талап кылган иш жүргүзүлүп жатат-деди Улан Сарбанов.

Советтер Союузуна кирген өлкөлөр көз карандысыздык алып, бирок өз валюталарын киргизе элек 92-94-жылдары Украина Кыргызстанга 28 млн доллар карыз болуп калган. Ошол кезде Кыргызстан да айрым өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга, Өзбекстанга жана Казакстанга карыз болуп чыккан. Кыргызстан болсо, ал карыздарды мойнуна алып, анын бир бөлүгүн төлөп берген. Төлөй албаганын сүйлөшүү жүргүзүп артка жылдырган. Маалыматтарга караганда, Кыргызстандын Украинадан тышкары Тажикстанда жана Балтия өлкөлөрүндө да аласасы бар. Алар да Украинаныкына окшоп кайтарыла элек:

Менинче, проблемасыз жалгыз гана Тажикстан гана берип жатат-деди Улан Сарбанов.

Экспертер Украинадагы карызды өндүрсө боло тургандыгын, кыргыз өкмөтү ага жакшы аракет кылбагандыгын айтышат:


-Өндүрсө болот. Украинанын карыз болгону чын. Аны алып чыгыш үчүн атайын схема иштеп чыгуу керек. Сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Бул көп мээнет кылмайынча ишке ашпай турган нерсе. Бирок ошол карыздын үстүнөн иштеген киши жок болуп жатат. Анткени бизде өкмөт тез-тез алмашып турат. Премьер-министрдин, вице-премьерлердин, министрлердин баардыгы убактылуу иштешет. Андай болгондон кийин алар келечектүү иш менен алпурушпайт- дейт ЕврАзЭСтеги Кыргыз ишкерлер башкармалыгынын төрагасы, «Азамат ойл» компаниясынын жетекчиси Токтосун Мадияров.

Премьер-министрдин билдирүүсүндө айтпай коюуга мүмкүн эмес бир жер бар. Ал өз сөзүндө карызды Украинанын өкмөтүнөн өндүрө тургандыгын баса белгиледи. Кыргыз бийлиги кыргыз оппозициясын күнөөлөсө бир жөн. Ал эми Ураинанын оппозициясына катуу айтуу эки өлкөнүн мындан ары кызматташуусуна залал келтирбейби? Көп жылдан бери кайтпай жаткан ошол эле карызды Украинанын бийликке келген оппозициясы эми биротоло бербейм деп койбойбу?

Ишкер, «Азатмебель» компаниясынын жетекчиси Өмүрбек Абдрахмановдун пикири:

-15 жылдан бери эмне кылып жүрүштү? Кучма Кыргызстанга эки жолу келип кеткен. Ал менин фабрикамда да болгон. Ошондо тактап, бир макулдукка келип, карыз төлөнөөр- төлөнбөсүн чечип, бир жактуу кылыш керек эле. Бул, биринчиден. Экинчиден,Танаевдин айтканы кандайдыр бир өз ордунда болбогондой сезилип жатат. Анткени Танаев утуп чыккан батышчыл Ющенкого жини келгендей болуп, «биз карызыбызды алабыз» деп жатат. Антпей эле украин элинин тандоосун сыйлап, аларды куттуктап, чакырып же барып, алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, анан айтса, бул маселе чечиле турган маселе болсо, чечилиши мүмкүн болчу-

Сапар Орозбаков, Бишкек. Расмий маалымат боюнча инфляция жылдан жылга төмөндөп барат. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун шаршембиде билдиргенине караганда, ал өткөн жылы 2,8% түздү. Айрым эксперттер буга ишенишпейт. Алар керектөө товарларынын баалары мурдагыдай секирик жасап өспөгөн менен, инфляциянын деӈгээли расмий маалыматтарга салыштырмалуу бир кыйла жогору деп эсептешет.

Баа эркин кое берилген 90-жылдардын башында инфляция 800% жетип, 95-жылдан тартып гана ал басаӈдаган болчу. Расмий маалыматтарга караганда, 2001- жылдан тартып ал 10% жетпеген деӈгээлге түшүп калды. Өткөн жылы болсо, инфляция, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, 2,8% түздү:

-Керектөө товарларынын баасынын өсүү темпинин төмөндөшү байкалат. Жалпысынан бул көрсөткүч өткөн жылы 2,8% түздү-деди Улан Сарбанов шаршембиде журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп.

Анын айтымында, өткөн жылы нандын баасы 8,5%, сүттүн баасы, 21%, эттин баасы 8,9% өскөн. Баарынан көп кымбаттаган жемиш болгон. Анын баасы жыл ичинде 27% жогорулаган.

Улуттук банктын төрагасы баасы төмөндөгөн товарлардын ичинен жалгыз гана жашылчаны атады:

-Ошол эле мезгилде тамак-аш продуктыларынын ичинде төмөндөө да болду. Баардыгынан көп төмөндөө жашылча боюнча байкалды. Бул - 41,5%. Жашылчанын баасынын төмөндөшү жакшы түшүмдүн натыйжасы – деди Улан Сарбанов.

Баа канчалык төмөн болсо, карапайым элге ошончолук жакшы экени айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстандагы инфляциянын деӈгээли өнүккөн өлкөлөргө мүнөздүү эӈ төмөн инфляция. Расмий маалыматтарга караганда, КМШ өлкөлөрү биздин мындан 3-4 жылкы мурдагы инфляциянын деӈгээлине азыр да жете албай жатышат. Улан Сарбановдун айтымында, ал өткөн жылы Орусияда 11,7%, Казакстанда 6,7% болду.

Бирок, көпчүлүк адамдар баа өскөн жок дегенге ишенишпейт. Алар билинбеген менен баардык товарлардын баасы акырындап көтөрүлүп жаткандыгын айтышат. Бирок муну ишкер Өмүрбек Абдрахманов төгүнгө чыгарды. Ал инфляция өткөн жылы, Улан Сарбанов айткандай эле 2,8% болду болуш керек деп божомолдойт:
- Менин оюмча, ишенсе болот. Анткени биздин экономиканын – ички дүӈ продуктынын 40% айыл чарба продукциялары түзөт. Айыл чарба продукциялары, өзүнүздөр билгендей, арзандагандан арзандап жатат. Мына, картошка азыр 1,5 сом. Ошондуктан 2,8% инфляция туура болушу мүмкүн.- дейт ишкер Өмүрбек Абдрахманов.

Ал эми окумуштуу Айылчы Сарыбаев болсо инфляцияны эсептөөдө кемчиликтер, тактап айтканда мурдагы Советтер Союзу заманындагыдай кошуп жазуулар бар деп эсептейт:

-Жашылчаны биздин кыргыз эли. өзгөчө айылда жашагандар пайдаланбайт. Бул алардын рационунда ашып кетсе 5-10 % түзөт. Товарлардын ичинде кандайдыр бир товар көп болуп, анын баасы канчалык көтөрүлсө, инфляция ошончо болуш керек. Биздин айыл жериндеги кыргыздардын негизги тамагы – нан, сүт жана эт. Алардын баасы өсүп жатса, кантип инфляция төмөн дейбиз –деди Улуттук мамлекеттик университеттин профессору Айылчы Сарыбаев.

Коомчулукта Улуттук банк жүгүртүүдөгү акча массасын чектеп, инфляцияны жасалма түрдө азайтып жатат деген пикир кеӈири тараган. Бул жагынан биз кепке тарткан адистердин ою бир жерден чыгып жатат:

-Биз инфляцияны жасалма түрдө азайтып жатабыз. Канча жылдан бери айлык өсө элек. Ички дүн продукт 40% өстү. Айлык болсо өсө элек. Бул да инфляцияны кармап турат –дейт Айылчы Сарыбаев.

Өмүрбек Абдрахманов инфляциянын деӈгээлинин жогору болушу кандай зыян болсо, анын төмөн болушу да ошондой эле зыян экенин белгилейт:

-Инфляцияны күч менен ылдыйлаткан да зыян. Анткени, акчаны көп чыгарбай койсо, товарлар арзандайт. Товарлар экспортко жөнөтүлбөйт. Бул да экономикага терс таасир берет- дейт Өмүрбек Абдрахманов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG