Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Экономика

Sorry! No content for 7 Июнь. See content from before

ишемби 5 Июнь 2004

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат жыйынын чакырып, анда Кыргызстандын быйылкы жылдын беш айынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү дурус экенин белгиледи. Финансы секторундагы абал туруктуу сакталып атканын айтты. Төраганын ырасташынча, инфляциянын деңгээли азыркы турушунан анча деле бийик көтөрүлбөйт.

Улан Сарбанов Улуттук банктын иши дурус экенин айтып, анткен менен өзүнүн журналисттер менен аз жолугуп, маалымат жыйындарын сейрек өткөрүп жатканын жеке кемчилиги катары белгиледи.

- Мен Улуттук банктын ишинин кандай жүрүп жатканы жалаң эле парламентке дайын болбостон, андан коомчулук, маалымдоо каражаттары кабардар болуп турушун камсыз кылуу аракетин жасайм. Айдын башында маалымдоо каражаттары аркылуу түшкөн суроолордун баарына жооп берип турам. Андай жыйынга жалгыз журналист келип, суроо аз берилсе деле мейли,- деп билдирди Улан Сарбанов.

Антип ай сайын маалымат жыйынын чакырып туруунун себеп-жөнүн Улуттук банк төрагасы чечмелеген жок. Улан Сарбановдун ырасташынча, быйылкы жылдын беш айынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү дурус. Реалдуу сектордо ички дүң продукт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,7% түздү, акчалай жагынан бул 21 миллиард сомго бираз жете бербеген сумма. Өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүш темпи 11% жетти.
Төрага беш ай аралыгында акча арбыганын, бул экономиканын өнүгүшүн көрсөтчү белги экенин айтты:

- Акча массасы жалпысынан 9% жакын көбөйдү, бул 16 миллиардга жакын сомду түзөт. Акча базасынын 8% жакын, массасынын 16% чукул көбөйгөнү экономикалык өсүштүн болуп аткандыгын билдирчү белги. Акчага талап өсүүдө, аны инфляция деңгээлинин анча көтөрүлбөгөнү тастыктап турат.

«Капитал» жабык акционердик коомунун айланасындагы талаштуу маселеге, анын «Кыргызстан» АКБ менен «Кыргыз өнөр жай курулуш» банкынын акцияларын сатып алуу аракетине токтолгон Улуттук банк төрагасы аны териштирүү милдети Башкы прокуратурага жүктөлгөнүн билдирди.

- Ар кандай билдирүүлөргө карабастан, Улуттук банк бул ишке кийлигишкен жок. Бүгүнкү күнү «Кыргызстан» АКБ жана «Кыргыз өнөр жай курулуш» банкынын ишмердиги эч кандай күмөнсүү туудурбайт. Бирок, эки банктын ишинде чоң айырмачылыктар да орун алган. «Кыргызстан» АКБ инвесторлордун катарын базар шартына ылайык жалпыга жарыя кылбай эле көбөйтүүгө жетишти. Өкүнүчкө, «Кыргыз өнөр жай курулуш» банкынын акцияларынын сатылышы коомчулук арасында артыкбаш талкууну жаратты.

«Кыргыз өнөр жай курулуш» банкынын президенти Муратбек Мукашев акциялардын айланасындагы талаштуу маселени мындайча түшүндүрөт.

- Акцияны сатып алуунун эрен-төрөнү жок, кадыресе көрүнүш. Бирок акцияны мыйзамдуу негизде сатып алуу болбой атпайбы. Коркутуп-үркүтүп, жаман сөздөрдү айттырып, анан да бийликте болгон күчтөрдүн жардамы менен алганы жатышпайбы. Биз ошого каршы болуп жатабыз. Болбосо акция сатылат. Мына, көрсөңүз, биздин номинал акциябыз 500 сом болгону менен канча көтөрүлдү. Суроо болгон үчүн банктын кызыкчылыгы болуп атат да.

Мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюму Бейруттагы кезексиз кеңешмесинде өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү макулдашышты. Соңку кездерде кара майдын эл аралык базардагы баасы бир топко кымбаттап кеткен эле. ОПЕКтин чечими бааны арзандатуу максатын көздөгөнү менен, анын таасирин азайтуучу жагдайлар да бар.

Дүйнөдө күнүнө 80 миллиондой баррель мунай керектелет. ОПЕК уюмуна кирген 11 өлкө дүйнөнүн мунай өндүрүшүнүн үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. Алар эми Бейруттагы жыйында макулдашылгандай, бир күндө өндүрүлүүчү мунайдын көлөмүн 23,5 миллион баррелден, 26 миллион баррелге чыгармакчы. Көбөйтүү эки этап менен ишке ашырылат.

Адегенде күндөлүк өндүрүштүн көлөмү 1-июлдан тартып 2 миллион, 1-августан тартып дагы 0,5 миллион баррелге жогорулайт. Мында негизги салымды, албетте, ОПЕКтин лидери катары эсептелген Сауд Аравия кошмокчу.

Дегеле, аналитиктер акыркы күндөрү мунай баасынын реккорддук чекке чыгып кетишинин бир себебин дал ушул Сауд Аравия менен байланыштырып жатышат. Өткөн аптада бул өлкөдө мунай тармагында иштеген чет элдиктер "ал-Каида" уюму менен алакасы бар деп шектелген согушкерлер тарабынан барымтага алынып, натыйжада 22 адам каза тапкандан кийин эл аралык базарда мунайдын бир баррелинин баасы 40 доллардан ашып кеткен эле. Маселен, ушул аптанын шейшембисинде Нью-Йорктогу биржада мунайдын бир баррелинин баасы 42 доллардан ашып, кайра шаршембиде 40 доллардан бир аз төмөндөгөн. Саудиядагы окуядан улам террорчулар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн мунай өнөр-жайына каршы кол салууларды даярдап жатат деген кооптонуулар пайда болду.

Дойче банктын Лондондогу бөлүмүнүн мунай боюнча аналитиги Адам Семински террор коркунучу мунай баасынын кымбаттоосун жараткан негизги жүйөө деп эсептейт:

- Сауд Аравия, Ирак боюнча, Венесуеланын, Нигериянын мунай өндүрүшүнө байланышкан кооптонуулар да, АКШдагы бензин проблемасы чийки мунайдын баасынын кыбатташына салым кошууда. Доллардын алсызданышы да ОПЕКтин баа жагынан катаалыраак болуусуна түрткү берүүдө. Демек, ушунун баары мунайдын бир баррелинин баасына 10-12 долларды кошуп жатат.

Экономисттердин айтымында, мунайдын кымбат баада туура бериши азыр жандануу жолунда бара жаткан глобалдык экономикага да коркунуч туудура алат.

Эми ОПЕК уюмунун мунай баасын арзандатуу максатында өндүрүштү көбөйтүүгө барып жатышы АКШ, Евробиримдик, Жапония өңдүү ири керектөөчүлөрдүн басымы астында жасалууда. Анткен менен адистердин эсебинде, ОПЕКтин жаңы чечиминин эл аралык базарда сатылуучу мунайдын көбөйтүлүшүнө таасири аз эле болчудай. Дойче банктын аналитиги Адам Семинскинин эсебинде, ОПЕКтин чарасынан соң келерки айда эл аралык базарга кошумча бир миллион баррелдей гана мунай түшөт жана ал кандайдыр бир деңгээлде баанын төмөндөшүнө жардам бериши ыктымал.

Себеби ОПЕКтин мүчөлөрү мунайды өзүлөрүнө бөлүнгөн квотадан ашыкча өндүрүүнү буга чейин эле башташкан. Алардын көпчүлүгү өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде иштеп жатат же ага жакындап калды. ОПЕКтин мүчөлөрүнүн ичинен бир гана Сауд Аравиянын мунай өндүрүшүндө пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Бул өлкөдөгү барымта кризисинен соң мунайдын баасынын 5%га жогорулашы, эл аралык базар Саудиянын өндүрүшүнө кандай маани берээрин ачыктады.

Кандай болгон күндө да ОПЕКтин мунай баасына таасир көргөзүү мүмкүнчүлүгү эл аралык терроризм жараткан коркунуч фактору менен чектелиши мүмкүн. Анткени ОПЕК өзүнүн мунай обьектилерине "ал-Каида" эч коркунуч жок деген кепилдикте бере албайт.

Андыктан айрым аналитиктердин пикиринде, терроризм коркунучу азыр дүйнөнүн мунай базарындагы бийликтин балансын ОПЕКтен ага кирбеген Орусия сыяктуу мунай өндүрүүчүлөрдү көздөй жылдыра баштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG