Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Консультативдик кеӈештин кезектеги отуруму бейшемби күнү Токмоктогу «Интергласс» айнек заводунда өткөрүлдү. Жыйынга президент, өкмөт башчы менен бирге учурда өлкөдө жумушчу визит менен жүргөн Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти Жан Лемьер катышты. Жан Лемьер ошол жерден аталган ишканага 5,5 млн евро кредит берүү тууралуу келишимге кол койду.

Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Консультативдик кенештин кезектеги отуруму быйыл жайында иштелип чыккан 5-инвестициялык матрицанын аткарылышын кароого арналды. Жыйында маалымат берген премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, бул матрицанын уюштуруу иштери аяктап, өкмөт азыр аны аткарууга киришти.

Өкмөт башчы өзүнүн сөзүндө матрицалар өз жемишин бере баштагандыгын белгиледи. Ал үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде чет өлкөлүк инвестиция 32% өсүп, 102 млн долларды түзгөндүгүн билдирди.

Консультативдик кенештин бул отуруму мурдагылардан айырмаланып, сыртта - Токмоктогу «Интергласс» айнек заводунда өткөрүлдү. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана учурда Кыргызстанда жүргөн Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти Жан Лемьер катышышты. Ошол эле жерде Жан Лемьер ишкананын акционери Владимир Штейнерт менен заводго 5,5 млн евро кредит берүү тууралуу келишимге кол койду. Кол коюу аземи заводдун күрүү-күү түшүп иштеп жаткан цехтеринин биринде өткөрүлдү.

-Бул Кыргызстандын Европа банкы менен кызматташуусунун дагы бир барагын ачат. Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти Жан Лемьер «Интергласска» бул инвестицияны өз колу менен бергени келиши зор окуя болуп эсептелет –
деди Акскар Акаев келишимге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Ал Европа банкы өлкөнүн оголе ири инвестору экендигин айтып, аны менен кызматташкан 10 жыл ичинде банк «Кумтөр» алтын кени, энергетика жана банк сектору сыяктуу өлкөнүн мерчемдүү тармактарына акча бергендигин белгиледи.

Европа банкынын жетекчиси өзүнүн жооп иретинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын инвестиция тартууга болгон аракетин жогоруу баалады. Ал муну түздөн түз президенттин аты менен байланыштырды:
-Биз өзүбүз тараптан каржы бөлүп жардам бергенибиз маанилүү. Силер ишти алга жылдыруу менен албан иш жасайсыздар.Ал бийик мааниге ээ. Президент Акаевдин өлкөнү мындай мүмкүнчүлүккө ачып койгону андан да маанилүү болуп эсептелет. Ал кызматташууга шарт түзүп инвестицияга жол ачып жатат – деди Жан Лемьер.

«Интергласс» айнек заводу Советтер Союзу учурунда курулуп, 90-жылдардын башында токтоп калган эле. 2002-жылы өткөрүлгөн тендерде анын акцияларын германиялык “Steinert Industries” компаниясы сатып алган. Компаниянын директору Владимир Штейнерт түбү Өзбекстандан. Заводду иштетүүдө анын эмгеги зор экендигин айтышат.

«Интергласс» азыр өндүрүштүн көлөмүн мурдагы Советтер Союзу учурундагыга жеткирип, быйыл 10 айдын ичинде 14 млн кв метр айнек чыгарды. Продукциянын 90% экспортко кетет. Муну президент өзгөчө белгиледи:
-«Интергласс» Кыргызстандын экономикасында өтө маанилүү роль ойнойт. Анткени силердин продукция кыргыз экономикасынын экспортунун негизги бөлүктөрүнүн бири –деди Аскар Акаев заводдун коллективитне кайрылып.

Заводдо азыр 1500 киши иштейт. Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы берген 5,5 млн евро кредит анын айрым линияларын кайра жабдып чыгуу үчүн пайланылмакчы.

Сапар Орозбаков, Бишкек Мамлекеттик органдардын фонддоруна түшчү атайын каражаттар бюджетке алынып, мындан ары аларды каржылоо түздөн түз бюджеттен жүргүзүлө турган болду

Өлкөдөгү көптөгөн министрликтер жана ведомстволуктар ишканаларга жана адамдарга кызмат көрсөтүп жатабыз деп акча чогултаары далай жолу айтылган болчу.

Атайын каражаттар деген ат менен белгилүү бул акчалар анда иштегендердин ичип-жегенине, баскан–турганына пайдаланылат. Алкымы ачылган чиновниктер ар кандай шылтоо таап, мындай акы төлөнүүчү кызматтардын санын көбөйткөндөн көбөйтүп келет. Атайын каражаттардын өлчөмүн акыры келип чиновниктер өздөрү койгондуктан, абал бир барак кагаз үчүн бир нече миң сом ала турганга чейин жеткен.

Вице–премьер Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, өкмөт буга бөгөт коюу үчүн бул атайын каражаттарды бюджетке алуу жана бюджеттик мекемелерди жалаң гана бюджет аркылуу каржылоо тууралуу чечимге келди:

- Биздин мамлекеттик органдар уруксат кагаз берип жатканда ишканалардан акча алышат. Ар кандай айып-пулдар бар. Бул каражаттар министрликтердин жана ведостволуктардын атайын фондоруна түшөт. Ошол атайын фонддордун акчаларын мамлекеттик органдар өздөрү каалагандай пайдаланышып, ар кандай сыйлык алышат, чет өлкөгө командировкага барышат. Өздөрү турган имараттарды жакшыртышат. Бул фондор көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Азыр биз бул проблеманы чечип жатабыз. Ал каражаттар эми мамлекеттик органдарга түздөн түз бюджеттен бара турган кылып жатабыз, – деди Жоомарт Оторбаев.

Ал бул каражаттарды ишканалар үчүн кошумча салык деп мүнөздөп, өкмөттүн бул чечими ишке ашса, ишканаларга чоң жеңилдик болорун белгилейт:

- Бул кыйыр салык. Министрликтер ал каражаттарды жеке сектордон жыйнагандыктан ишканалардын продукцияларынын өздүк наркы өсүп кетип жатат, – дейт Жоомарт Оторбаев.

Көпчүлүк адистер өкмөттүн бул чечимин туура деп баалап жатышат:

- Баардык мекеме-ишканаларда, министрликтерде атайын каражаттын эсебинен жеп-ичүү көп болуп жатат. Элди тоноо болуп жатат. Атайын каражаттарды баардыгы алып жатышат. Саламаттык сактоо тармагы алат. Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы да алышат. Албаган мекеме жок. Атайын каражаттар машине, ар кандай кымбат баалуу буюмдарды сатып алууга кетип жатат. Ошондуктан атайын каражат сөзсүз түрдө бюджет аркылуу жүргүзулүш керек деп эсептейм, – деди Эл өкүлдөр жыйынын бюджет жана экономикалык саясат комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов өкмөттүн бул чечими тууралуу пикирин сураганыбызда.

Бирок ал атайын каражаттар бюджеттин бир чоң булагы болгондуктан, эгерде өкмөт аларды мекемелерге калтырбай толук алып койсо, бюджет жабыркап калат деген кооптонуусун билдирди. Анын айтымында, өкмөт бул акчаларды казынага кириштеп, кайра өздөрүнө берсе жакшы болмок:

- Мен буга каршымын. Атайын каражатты бюджетке толук алып койсо, министрликтер атайын каражатты чогултпай калышат. Аны көп чогултууга кызыкпай калышат. Ошондуктан аны мамлекеттик казынага кириштеп, өздөрү тапкан акчаны өздөрүнө бериш керек, –дейт Жеңишбек Эшенкулов.

Маалыматтарга караганда, атайын каражаттар 1 млрд 800 млн сомду түзүп, бюджеттин 8,5% жетет. Бул суммага жогорку жана орто окуу жайларында студенттерден алынган акы да кирет. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өкмөттүн токтому жалаң гана мамлекеттик башкаруу органдары чогулткан акчаларга тиешелүү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG