Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Экономика

Чолпон Орозобекова, Бишкек Энергетика системасынын 70 жылдыгына арналган жыйында Кыргызстан энергетика тармагын реформалоону аягына чыгарышы керек деп билдирди президент Аскар Акаев. Мамлекет башчысынын айтымында, айрым компанияларды концессияга берүү жана Камбарата ГЭСтерин ишке киргизүү электр энергиясын валютага айландырууга жол ачмак.

Кыргыз энергитикасы 70 жыл мурда негизделген. Президент Аскар Акаев бул мааракеге арналган жыйында энергетика маселеси тууралуу баяндады. Мамлекет башчынын пикиринде, бул тармакка инвестиция агымын арттырыш үчүн реформалоону соңуна чыгарган оң. Президенттин пикиринде, айрым компанияларды концессияга же убактылуу башкарууга берүү керек.
-Бүгүн энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан реформаны тереңдетип, ошондой эле электер кубатын жайылтуучу компанияларды концессияга жана ишенимдүү башкарууга берүү менен реформаларды соңуна чыгарышыбыз керек,- деди Аскар Акаев.
Газы же мунайзаты жок Кыргызстанга суу ресурстарынын молдугу совет доорунда энергетика тармагын курууга шарт жараткан. Кыргызстан суунун молдугу боюнча КМШ алкагында Орусия менен Тажикистандан кийин үчүнчү орунда турат. 1929- жылы Аламүдүн кичи ГЭСи алгачкы карлыгач болгон. Ушу тапта Кыргызстанда 18 электростанция, 16 ГЭС жана 2 ТЭЦ иштеп жатат. Аскар Акаевдин айтымында, 80- жылдары курулушу башталган Камбарата ГЭСтери турмушка кирсе электр энергиясы түздɵн түз валютага айлана баштамак . Союз ыдырагандан кийин Камбарата ГЭСтеринин курулушу токтоп калган. Ал эми Камбарата ГЭСтерине гана чак келе турган жабдуулар суроо- талаптын жоктугунан Орусияда жатат. Аскар Акаевдин Орусияга болгон соңку сапары учурунда Владимир Путин ошол жабдууларды Кыргызстанга берүүнү убада кылганы белгилүү. Кыргызстан жылына 12 миллиард квт/саат электр энергиясын чыгарат. Анын 2 миллардын Орусия, Казакстан Өзбекстан жана Кытайга экспорттойт. Кыргызстандын энергетика тармагы башынан терең кризисти кечирип жаткан убак. Өзбекстандан алынган газдын жарымы жоготууга учурары аткаруу бийлик жыйынында атйылып, Николай Танаев « коңшуларга долларларды белекке бергидей аязатасыңарбы» деп ачууланган. Бүгүнкү учурда электр кубатынын да жоготуусу оголе арбын. Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик электрдин баасын эмдиги жылы 44 пайызга жогорулатуу сунушу менен чыгууда. Бирок, антимонополия комитети бааны жогорулатууга экономикалык акыбал жол бербейт деп четке какты. Элет жеринде калктын жарымы электр энергиясы үчүн акча бере албайт, жөндөмсүз. Нарын ПЭСинин директору Орунаалы Бусурманкуловдун айтымында, электр энергия акысынын 50 пайызы гана чогултулууда. Ал эми аталган электростанциянын техникалык абалы начар.

Кубат Оторбаев, Прага 19-декабрда өткөн аукциондо ЮКОС компаниясынын эң негизги ишканасы - «Юганскнефтегаздын» 77 процент акциясын «Байкалфинансгруп» аттуу эч кимге белгисиз фирма утуп алды. Аукциондун мындай жыйынтыгы күтүүсүз окуя болду. Талдоочулар бул фирманын артында өкмөт турат жана бийлик өз максатына жетти деген пикирлерин айтышууда.

ЮКОСтун эң негизги ишканасы «Юганскнефтегаздын» 77 процент акциясын сатып алган «Байкалфинансгруп» элге да, ишкер чөйрөгө да таанымал эмес. Талдоочулардын айтымында бул фирма мындан эки апта мурда гана Тверь шаарында каттоодон өткөн экен.

Жекшембиде өткөн аукциондо «Байкалфинансгруп» ЮКОСтун негизги байлыгы үчүн 260 миллиард рубль же 9,4 млрд. доллар сунуш кылды. Фирма бул акчаны өкмөткө эки аптанын ичинде төгүп берүүгө тийиш, анте албаса «Юганскнефтегаз» мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу Орусиянын юстиция министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси Александр Буксман журналисттерге билдирди. Анын кошумчалаганына караганда «Юганскнефтегаз» сатылгандан кийин дагы «ЮКОСтун» мамлекетке карызы жоюлган жок жана ал азыр 83 жарым миллиард рублди түзөт.

Баш-аягы Орусиянын салык инспециясы ЮКОСту 30 миллиард долларга жыккан. «Юганскнефтегаздын» сатылышы ЮКОС менен бийликтин ортосунда бир жылдан бери созулган таймаштын урунттуу окуясы болуп эсептелет.

Ал арада журналисттер жана ишкер чөйрө капысынан эле «Юганскнефтегазды» сатып алууга дилгир болуп, орто жолдон чыга калган «Байкалфинансгруп» фирмасынын артында ким тураарына баш катырышууда.
“Диалог тройки” инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер 20-декабрда Рейтердин кабарчысына буларды айтты:

- Аукциондун белгилениши таңгалууну деле жараткан эмес болчу, ал эми жума күнгө чейин эч ким атын укпаган компаниянын Орусиядагы негизги байлыктардын бирин утуп алышы чындыгында эле таңгалдырбай койбойт.

Айрым талдоочулар «Байкалфинансгруптун» артында мамлекеттик ишкана - "Газпром" турат дешет. Анын үстүнө ЮКОСтун негизги ишканасын сатуу боюнча аукционго ушул "Газпром" менен эле «Байкалфинансгруптун» өкүлдөрү катышты. Кайсы бир талдоочулар жеңүүчүнүн артында "Сургутнефтегаз" компаниясы турат дешти эле, бирок бул компания "Газпром" сыяктуу эле өзүнүн «Байкалфинансгрупка» дегеле тийешеси жоктугун айтып жатат.

"Сургутнефтегаз" сыяктуу эле Орусиянын эң ири мунай өндүрүүчү компаниялары болгон ТНК, ЛУКОЙЛ жана "Интерросс" өздөрүнүн Твердеги бул фирмага эч тийешеси жоктугун ырасмий билдиришти. Бирок талдоочулар бул фирманын артында баары бир – орус бийлиги турат деп ырасташууда.

- Кыска убакыт аралыгында «Байкалфинансгруптун» артында ким тураары ачыкка чыгат. Ошондо "Юганскнефтегазды" кайсы топ сатып алганы белгилүү болот, - дейт ”Диалог тройки” инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер.

Аукциондон кийин ЮКОСтун акциялары мисалы Москвада 18 процентке арзандады. Жергиликтүү жана дүйнөлүк газеталар аукционду Орус бийлигинин кезектеги оюну катары баалашты. Ал эми оппозициядагы Ирина Хакамада “бир гана Орусияда аты-жыты белгисиз компания ушундай жол менен эбегейсиз байлыкка ээ боло алат” деп комментарийледи окуяны.

Жаңы кожоюндун ким экендигин атургай Орусиянын федералдык менчиги фондусунун жетекчиси Юрий Петров да жакшы билбестигин мойнуна алды:

– Бул суроого бирөө-жарымдын жооп берээрине ишенбейм. Бул окуя силер сыяктуу эле бизге да сюрприз болду. Башкача айтканда – биз бул компания тууралуу эч нерсе билбейбиз.

Эсиңиздерге сала кетели – ЮКОСтун негизги кожоюну Михаил Ходорковский бир жылдан ашуун убакыттан бери түрмөдө отурат. Талдоочулардын айтымында Ходорковскийди президент Владимир Путин өзүнүн негизги саясий атаандашы катары санаган.

Буга чейин ЮКОСтун өкүлдөрү орус бийликтеринин "Юганскнефтегазды" аукциондо сатуу боюнча чечимин токтотуу максатында Кошмо Штаттарынын сотуна кайрылган болчу. Хьюстон шаарындагы федералдык сот “Газпромду” жана “Газпромго” акча берүүгө ниеттенген чет элдик инветорлорду ЮКОСтун мүлкү сатыла турган аукционго катышуудан баш тарткыла деген чечим чыгарып берген. Ошондон улам чет өлкөлүк инвесторлор “Газпромго” карыз берүүдөн баш тартышкан болчу. Бирок орус бийлиги “бул биздин өлкөнүн ички иши” деп, Кошмо Штаттарынын сотунун чечимине карабай аукционду белгиленген убакытта өткөрдү.

Аукционду “Газпром” утуп чыгып, ЮКОСтун негизги байлыгы мамлекетке өтөт деп алдын ала эле айтылып жаткан. Бирок Батыштагы инвесторлор Хьюстондогу соттун чечиминен кийин токтоп калган соң ““Газпром” акчаны эми кайдан алат?” деген суроо туулуп, ал баарын кызыктырып келген.

“Диалог тройки” инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер “Газпром” Хьюстондогу соттун чечиминен кийин аукциондо атайлап утулуп берди деген пикирде:

- Бул Байкал финансы тобу АКШдагы соттун чечиминен кийин түзүлгөн деп болжоого болот. Ал бир чети аукциондун өз убагында өтүшүнө жол ачат, анткени аукцион өз маалында өтпөй калса – ал орус бийлигине жаман болот. Экинчи жагынан алганда – бул “Газпром” болобу же “Сургутнефтегазбы” – акыр аягы ал аркылуу байлыктын мамлекеттин колуна өтүшүнө шарт түзөт.

ЮКОСтун пресс-секретары Александр Шадрин "Юганскнефтегазды" 9 млрд. долларга ким сатып алса дагы өзүнө жаңы баш оору үйүп алды деп билдирди. Анын айтымында ЮКОСтун ишине аралашуу менен ал ишкерлер өздөрүнүн кадыр-барк, абийирине насили каршы иш жасашты жана юридикалык талаш-тартыштардын торуна чалынды.

Мурда ЮКОСтун акционерлери "Юганскнефтегазды" ким сатып алса аны сотко беребиз дешкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG