Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Экономика

Азия өнүгүү банкы Кыргызстандагы экономикалык реформаларды алдыга жылдыруу максатында 536 миллион доллар карыз акча берген. Бишкек-Ош жолун жаңыртуу, биртоп социалдык проблемаларды чечүүгө багытталган Банк каржылаган долбоорлордун биртобу ишке ашырылып, кыйласы ушу тапта улантылууда. 22-декабрда аталган банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүк жетекчиси өткөргөн маалымат жыйынында аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер айтылды.

Быйыл Азия өнүгүү банкы Кыргызстан сунуш кылган эки долбоорду жактырды. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүк жетекчиси Ашраф Малик мырзанын айтуусунда, ал долбоорлор негизинен социалдык проблемаларды чечүүгө багытталган.

- Биринчи долбоор, 32,8 миллион доллар ушул жылдын 23-ноябрында бекитилди. Анда Кыргызстандын түштүк дарбазасы – Ош-Сарыташ жолун жаңыртуу милдети каралган. Ош-Сарыташ-Эркештам жолу өтөле узак, ошондуктан Азия өнүгүү банкы анын азырынча 125 чакырымын гана жаңылоону каржылоо милдетин алууда. Бул ишке кошумча каражатты OPEC, Ислам өнүгүү банкы да кошмокчу. Ал эми Эркештамдан чыккан жолду жаңыртуу иши башталган. Кытай Эл Республикасынын көмөгү менен ушу тапта жол жаңыртылууда.

Ашраф Маликтин айтымында, жаңы бөлүнүп аткан карыз акча сегиз жылга кечиктирилип кайтарыла баштайт. Кайтарып берүү мөөнөтү 32 жыл. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү мындан тышкары эки грант акча бөлүнүп жатканын да маалымдады.

- Буга кошумча техникалык жардам катары эки грант бөлүнүүдө. Биринчиси пайдаланылып аткан жолдорду жакшы кармоо үчүн 800 миң доллар акча, экинчиси Вич-СПИДдин таралышына бөгөт коюу үчүн 500 000 доллар каражат берилүүдө.

Азия өнүгүү банкы булардан тышкары бажы кызматын реформалоого, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда бул жаатта биргелешип иштөөсү үчүн 7,5 миллион доллар бөлүүдө. Кыргызстандын Каржы министринин биринчи орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевдин ырасташынча, бул акчалар жалпы маалымат системасын түзүүгө, бажы тосмолорундагы иш ыраатын жакшыртууга, кызматкерлерди окутуп-үйрөтүүгө, аткезчиликти жоюуга багытталмакчы.

-Эми бажы тосмолорунда тараза коюлат. Бул ташылып келаткан жүктүн көлөмүн так аныктоого шарт түзөт… Бул долбоор боюнча бажы тосмолорунун баары оңдолот. Эки жылдан бери Азия өнүгүү банкы берген жардамдын натыйжасында азыр бажы жыйымдарынын көлөмү эки жылда эки эсе көбөйдү. Анан да, алардын баары акчалай келүүдө. Мындан тышкары бажы кызматынын материалдык камсыздалышы жакшыртылат ,- дейт Эмирлан Төрөмырзаев.

Азия өнүгүү банкынын көмөгү менен Кыргызстандын жол катнашын жакшыртуу долбооруна баш-аягы 145 миллион доллар акча сарпталган. Алардын ичинде Ош-Бишкек жолун жаңыртуунун үчүнчү ирети, Алматыга кетчү канжолдун Кордойго чейинки бөлүгү, эмдиги жылдан Ош-Сарыташ жолун оңдоо иштери башталат.

Ашраф Маликтин айтымында, 2004-2006-жылдары Азия өнүгүү банкы Борбор Азия чөлкөмүндө энергетика тармагын өнүктүрүү, жол катнашты жакшыртуу, соода алака-беришти күчөтүүгө 295 миллион ашуун доллар акча бөлүүгө ниеттенүүдө.

Азия өнүгүү банкы быйыл биртоп эларалык каржы институттары менен биргелешип сунуш кылынган долбоорлордун максат-милдеттерин, жоопкерчилик озуйпасын аткаруучуларды тактап чыкты. Ошондон Кыргызстанда аткарылып аткан жакырчылыкты азайтуу, ВИЧ-СПИД илдетинин жайылышына бөгөт коюу сындуу Жапан өкмөтү каржылачу долбоорлордун аткарылышын Азия өнүгүү банкы көзөмөлдөйт.

Ашраф Малик автожол катнаш проблемаларын иликтеген атайын кызмат түзүлүп, ага кыргызстандык адистерди аралаштыруу аракети жасалып жатканын маалымдады.

Ушу тапта Азия өнүгүү банкы каржылаган 288 миллион доллардык 12 долбоор ишке ашырылууда. Кыргызстанга берилчү карыз акчалардын жалпы эсеби бир жылга 40 миллион долларды түзөт. Өлкөнүн экономикалык өсүш көрсөткүчү менен төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө жараша андай жардам улантыла бермекчи, деп билдирди Ашраф Малик.

Торокул Дооров, Москва Шейшембиде Германияда Орусиянын президенти Владимир Путин өз өлкөсүндөгү башкы окуя тууралуу оюн билдирди. Анын айтуусунда, «Юганскнефтегазды» сатып алгандар өлкөдөгү ири мунай компаниялары менен эч кандай мамиледе эмес. Путиндин сөздөрүнө ылайык, буга чейин орусиялык аналитиктердин бул аукционго кытайлык компаниялардын да тийиштиги бар деген божомол чындыкка жатпайт.

Орус президентинин ишениминде, ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы негизги ишканасы «Юганскнефтегазды» сатуу боюнча аукцион толугу менен мыйзам чегинде өттү. Ал эми ишкананы сатып алгандар юридикалык тараптардан эмес, жалаң гана адамдардан турат жана ага орусиялык ири компаниялардын тийешеси жок.

- «Байеплфинансгруптун» акционерлеринин курамы көп жылдардан бери мунай жаатында иштеп келген адамдардан турат жана алар мындан ары сатылган активдерге кызыккан өлкөдөгү башка компаниялар менен да иштөөгө дилгир. Мыйзамга ылайык, бул жараянга катыштыгы бар баардык ишканалар аталган активдер менен иштөөгө укуктуу. Биз үчүн баардык аракеттер Орусиядагы мыйзамдардын чегинде өтүшү гана маанилүү, - деди орус президенти Владимир Путин.

Буга чейин айрым жергиликтүү аналитиктер аукционго кытайлык компаниялар да тийиштиги бар деген божомолдорун айтышкан эле. Бирок бул өңдүү ойлорду Путин кескин четке какты.

- Кытайлык компаниялар аукционго эч кандай катыштыгы болгон эмес, бирок биздин мамлекеттик «Газпром» ишканабыз менен кытайлык мамлекеттик мунай компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча келишим бар. Андыктан, кытайлык компаниянын «Юганскнефтегаздын» активдери менен да иштөө мүмкүндүгүн жокко чыгарбайм.

Шейшембиде «Газпром» «Газпромнефть» компаниясындагы өзүнүн мүлкүн сатууну колдоду, бирок бул чечимди директорлор кеңеши жактырышы керек. Бир канча каржы аналитиктери бул процессти «Юганскнефтегаз» боюнча аукцион өтөөргө чейин эле башталгандыгын айтышууда. Анткени «Газпромнефтинин» сатылышы менен америкалык соттун ЮКОС боюнча «Газпромнефтиге» койгон талаптары күчүн жоготот. Анткени сатылган компаниянын аты көп узабай эле өзгөрүлүп кетиши мүмкүн.

«АКШда Жорж Буштун администрациясы орусиялык бийликтер аукционду баары бир өткөрүшкөндүгүнө көңүлү калгандыгын билдирет» деди президенттин басма сөз катчысы Скотт Маклеллан.

Буга чейин ушундай эле билдирүүнү АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер жасаган эле. Анын айтымында, «ЮКОС иши Орусиянын укуктук жана юридикалык институттарына ишенбөөчүлүктү жаратып, өлкөнүн ишкердик менен машыга турган жер катарында абройун жокко чыгарды».

Анткен менен орусиялык тараптан бул билдирүүлөргө жооп берген Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов минтип ойлобойт.

- Менимче, биз Орусияда Мамдептин сөздөрүн азыраак угушубуз керек. Анткени бул – биздин жеке ишибиз жана аны биз мыйзам чегинде аткардык, - деп эсептейт Мамдума төрагасы Борис Грызлов.

Орусиянын маалымат мейкиндигинде «Юганскнефтегазды» сатып алган «Байкалфинансгруп» тууралуу маалымат табуу аракети дале уланууда. Шейшемби күнү айрым басылмалар бул компаниянын артында «Сургутнефтегаз» компаниясы турат деп кабарлашты. Бирок компания аукционго тийиштиги жок экендигин билдирет.

Анын аралыгында, ЮКОСтун негизги акционери – Менатеп каржы тобу – «Юганскнефтегазды» сатып алган компанияны сотко берээрин кайталап жатат. Ал эми ЮКОСтун акциялары баалуу кагаздар рыногунда арзандагандан арзандап барат.

Шаршембиде өткөн башка бир аукциондо өлкөдөгү дагы бир компания, бул жолу Магнитогорсктогу болот өндүрүүчү ишкананын, 18%ке жакын акциясы 790 млн.150миң долларга сатылды. Аукционго беш ишкана катышты. «Магнитогорск металл комбинатын» ушул эле компаниянын күчү менен түзүлгөн ишкана сатып алды. Эксперттердин айтымында, бул аукцион Орусиядагы металл өндүрүү тармагынан мамлекеттин толугу менен кетишин символдоштурат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG