Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

“Сейрек ооруга чалдыккан сегиз бейтапка акысыз операция жасалат”


Улуттук онкология борборундагы эндоскопиялык дарттарды аныктоо жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Манучер Сафаров.
Улуттук онкология борборундагы эндоскопиялык дарттарды аныктоо жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Манучер Сафаров.

Кыргызстанда алгачкы ирет бейтаптарга эндоскопиялык жол менен операция жасалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунан билдиришти. Эндоскопия учурунда аспап табигый жолдор менен ички көңдөйгө киргизилет.

Мисалы, ашказанга — ооз жана кызыл өңгөч аркылуу, бронхага — кекиртек аркылуу, табарсыкка — уретра аркылуу жана башка. Улуттук онкология борборунун маалыматында мындай операция бүгүн-эртең сегиз бейтапка жасалат.

Бул тууралуу Улуттук онкология борборундагы эндоскопиялык дарттарды аныктоо жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Манучер Сафаров менен маектештик.

- Саламатсызбы. Бүгүн Улуттук онкология борбору Кыргызстанда буга чейин боло элек операциялар жасаларын маалымдады. Бул кандай ишке ашырылат?

- Ооба, бизде бүгүн көптөн күткөн жакшы күн болуп жатат. Атайын чоң конференция, устат сабак уюштурдук. Бүгүнкү операциялар эндоскопиялык жол менен жасалууда. (Эндоскопия учурунда медициналык аспап табигый жолдор менен ооз жана кызыл өңгөч аркылуу киргизилет.) Бүгүн-эртең эки күнгө сегиз операция даярдаганбыз. Буга чейин Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдө буга чейин жасалып жүргөн болчу. Эми бизге атайын Казакстандын Алматы шаарынан адистер чакырылды.

- Ошондо бейтаптардын кайсы органдарына операция жасалганы турат?

- Медицинада “ахалазия кардии” деп коёт, бул кызыл өңгөч менен ашказандын кошулган жери тарып кеткенине байланыштуу жасалуучу операция. Мындай үч операция жасалат. “Пероральная миотомия” деген операция ооз аркылуу жасалат. Дагы бир “дивертикул ценкера” деген операцияда кызыл өңгөчтөгү пайда болгон чөнтөкчө ачылат. Эки операция жоон ичегиге жасалат. Дагы эки операция уйку бездин рак оорусуна байланыштуу жабылып калган боор түтүкчөлөрүнө жасалат. Буларга стенд коюлат. Мунун баары эндоскопиялык жол менен ишке ашырылат. Бул операциянын артыкчылыгы - бейтап төшөктөн батыраак туруп кетет жана кийин денесинде тырык калбайт.

- Быйыл Кыргызстанда июнь айында боор трансплантациясы ийгиликтүү өткөнү маалым. Андан кийин да Саламаттык сактоо министрлиги жилик чучугун алмаштыруу операциялары башталганын маалымдаган. Булардын баары акысыз жасалганы айтылган болчу. Сиздердин Улуттук онкологиялык борбордун дагы соңку кездеги потенциалын, жараткан ийгиликтерин кеп кылсаңыз.

- Биз буга чейин онкология борборунун эндоскопиялык бөлүмүндө залалдуу шишиктерге стенддерди койчубуз, анан “диссекция”, башкача айтканда кесип алуу операцияларын жасап жатканбыз. Мындан ары бүгүнкүдөй операцияларды биздин борбордо эле эмес, бүт Кыргызстан боюнча жасайлы деген ниетибиз бар. Ошондуктан өлкөнүн бардык аймактарынан эндоскопист адистерди чакырып, ушул иштерди өткөрүп жатабыз. Эң негизгиси, биздин ишибизди колдоп жаткан саламаттык сактоо министрине, онкологиялык борбордун жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Olympus компаниясына да алкыш айткым келет. Анткени бизде жок медициналык шаймандарды ушул компания алып келип, жардам берүүдө. Ошондой эле бизге көмөктөшүп жаткан казакстандык кесиптештерге ыраазыбыз.

- Операция боло турган сегиз бейтап тууралуу айтып берсеңиз.

- Сегиз бейтаптын үчөө 20 жаштан 30 жашка чейин болсо, бири 70ке барып калган адам. Булардын айрымдарынын кызыл өңгөчүндө чөнтөкчөлөр пайда болуп калса, айрымдарынын уйку безинде залалдуу шишик бар. Кээ биринин ичегилеринде илдет бар. Бүгүн алты бейтапка, эртең эки бейтапка операция жасалат деп турабыз.

- Боор алмаштыруу операциялары болгондо түркиялык дарыгерлердин көзөмөлү астында жергиликтүү ак халатчандар операция жасаганы айтылган. Бул ирет казакстандык дарыгерлер келгенин айтпадыңызбы. Эндоскопиялык операцияларды бүгүн-эртең кимдер жасайт?

- Туура айтасыз, биздин кыргыз медицинасында соңку учурда чынында жакшы жылыштар болуп жатат. Боорун алмаштырган бейтаптардын да абалы жакшы экени биз үчүн жеңиш. Биздеги операцияны Казакстандан келген дарыгерлер жасайт. Анан мындан ары эмне кылышты бизге да айтып, көмөктөшүп турушат. Буга чейин да биздин борбордун дарыгерлери Казакстанда бул адистердин окууларынан өткөн. Орусиядан да тажрыйба алганбыз. Эми алдыда өзүбүз да колдон аракеттерди жасап, ишти уланта беребиз.

- Бул операциялар да акысыз жасалып жатабы?

- Ооба, мамлекеттин эсебинен. Ошондой эле Olympus компаниясы колдоп жатат.

- Буга чейин эндоскопия жаатында кандай көйгөйлөр бар эле?

- Чынын айтканда жогорудагы оорулар бизде сейрек кездешет. Бирок булардын пайда болуу себептери көп учурда белгисиз калууда. Буга чейин мындай оорусу бар бейтаптарга лапароскопиялык операциялар (ачык операциялар) жасалчу. Эми дүйнөдө медицина күн санап өнүгүп жаткандыктан, бизде да эндоскопиялык операциялар эми акырындык менен жолго коюла берет деген үмүттөбүз.

- Маегиңизге ыраазычылык билдирем.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG