Кабарчыбыз Максат Жангазиев журналистти кепке тартып, маданият тармагындагы оош-кыйыштар тууралуу маектешти.
- Жакын арада эле Париж Олимпиадасы жыйынтыкталып, Кыргызстан эгемендик жылдарындагы эң жакшы жыйынтыкка ээ болду. Бул спорт, дене тарбия жаатына кызыгууну күчөткөндөй болду. Азыр талбаган аракети, өжөрдүгү менен спортчулар өлкөнү дүйнөгө таанытууга жөндөмдүү экенин, жаштарга өрнөк боло аларын көрсөттү. Сиз кара күчтү эле барктай бербей, илим-билим, маданият тармагынан да чыныгы баатырларды сүрөп чыгуу керек дедиңиз. Ушул жөнүндө баарлашкым келип жатат.
- Рахмат. Мен Москвадагы дипломатиялык академияда окуп жүргөндө дал ушул жумшак күч боюнча магистрдик диссертация жактагам. Адам баласы өзү турмушта сөзсүз бир нерседен таасир алып турушу керек. Айрыкча азыркы биздин коом спортко зор көңүл буруп жатат. Спорттон баатырларыбыз чыгууда. Албетте, бул абдан жакшы. Канча жылдан бери Олимпиадага катышып медал алганыбыз бир тең болсо, акыркы он жылдыкта спортко көңүл бурулуп, кам көрүлө баштагандан кийинки ийгиликтер бир тең болду. Биздин балбандар дүйнөнү таң калтырган деңгээлге жетти. Бирок ошол эле маалда азыр маданият, адабият, илим-билим тармагындагы таланттуу адамдарга да дем бериш керек. Туура, тиешелүү шарттар түзүлүп жатат. Бирок бул жетишсиз. Балбан, мушкерлерди күндө машыктыргандай эле башка тармактардагы мыктыларга да ошондой кам көрүшүбүз керек.
Маселен, бизден дүйнө окурмандарынын жүрөгүн багындырган Чыңгыз Айтматов чыкты. Эми ушул жолду улай ала турган потенциал бизде дагы деле бар. Адамдар жашоодо жеңүүчүнү эч качан талкуулабайт деген кеп бар эмеспи. Башкача айтканда, алардан таасирленет. Коомдо кандайдыр бир кесипти аркалаган адамды көбүрөөк жарнамалап, дайыма сөз кыла берсек, жаштар ошондой болгусу келет. Биз улуттун өмүрүн узартуу үчүн ошондой жаштар таасирлене турган баатырларды даярдап чыгышыбыз керек. Азыр спорттон бар, кудайга шүгүр. Эми маданияттан, билим тармагынан мыктыларды бардык жагынан сүрөөнгө алышыбыз керек. Мына ошондо жаңы муун алар жетип жаткан ийгиликтерге суктанат, оңолгон тиричилигин көрүп таасирленет, ошолордой болгусу келет. Маселен, Союз учурунда ошондой баатырларды атайын жасашчу. Азыр да жасашыбыз керек. Мунун баарын жумшак күч, идеология деп коёт.
- Чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн кантип баатырга айланта алабыз? Бул үчүн эмне кылыш керек?
- Мөмө-чөмөнү деле какыраган талаага эгип койбой, алгач топурагын жумшартып, маалы менен сугарып, азыктандырып турсаң анан жемишин берет. Керек болсо интеллигенциянын өкүлдөрүнүн таасирдүү сөздөрүн цитатага айландырып алышыбыз керек. Мисалы, балбаныбыз Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынан келгенден кийин аянтта акын Мирлан Самыйкожонун бир ырын окуду эле, калемгердин аты кандай дүңгүрөдү. Ушинтип эле мыктылардын мыкты жагын дайыма айтып, даңазалай беришибиз керек. А эгерде кимиси ооматын көтөрө албай көөп кетсе, анда өз көйгөйү. Азыр жаштар кимдерди үлгү тутуп жатат? Аларга рингде бири-бирин канжалата сабаган мушкерлер үлгү болууда. Эртеден кечке эрежесиз эр уруштун мушкерлерин көрүшөт. Анан "алар мынча миллион акча табат экен, мындай жашайт экен" деп таасирленип, көбү ошолордой болгусу келип жатат. Жаштарга эч качан "мындай болгула, тигиндей болгула" деген насаат өтпөйт. Аларга үлгү гана көрсөтүү керек.
- Маданиятка көңүл бурулушу керек деп ар убак эле айтып келебиз. Бирок бул үчүн ошол эле маданият ишмерлери тарабынан элге өткөн, мыкты чыгармалар жаралашы шартпы? Азыр баатырларды сүрөп чыгышыбыз керек деп жатпайсызбы, бирок баатырлык жасалма болуп калса кандай болот? Интеллигенция өкүлдөрү чыныгы эл сыйына кантип ээ болушу керек?
- Чыныгы мыктыларды боорго тартып, аларга кам көрө турган болсок, муну эмне үчүн жасалма дешибиз керек? Бул кам көрүү да. Мына азыркы атактуу балбандарыбыз чыкканча бизде Бегалиев, Көбөнов, Түмөнбаев дегендер бар эле. Аларга мамлекет материалдык жактан шарт түзүп, сый-урмат көрсөтө баштаганда, кийинки муун таасирленип чыкты да. Анан алардан да жогорку жыйынтык көрсөтүп жатышпайбы. Ошол сыяктуу эле азыр биздин жазуучулар арасында Айтматовдой атактуулукка жетпесе да мыкты жазуучулар, таланттуу акындар арбын. Илимий ачылыш жасаган, жаңы технология ойлоп тапкан окумуштуулар бар. Буларга жакшылап кам көрүп койсок эле, дагы башка мыктылары чыгат. Анткени ар бир адамдын ичинде потенциалы болот. Бардык өнүккөн өлкөлөр өз каармандарын, баатырларын жасап турат. Бул үчүн керек болсо атайын кесипкөйлөр иштейт. Мындай кесип ээлери бизде жок. Ошондуктан бизде коррупционерлер баатыр болуп жатпайбы. Карасаң, жашаган үйү, минген машинелери укмуш, эл сыйына ээ болгону андан укмуш. Алар өткөргөн тойго чиновниктин баары барат. Анан жаштар "баланчадай коррупционер болуш керек экен" деп эле ойлойт да.
Азыр маданият жана башка тармактарга жакшы эле каражаттар ажыратылууда. Бирок ошол каражат кайсы тарапка кандай бөлүнүп жатат? Жыйынтыгы натыйжалуу болушу керек да.
- Эл урматтаган өнөр адамдары тууралуу кеп болгондо сиздин досуңуз, замандашыңыз Эл артисти Элмирбек Иманалиев эске түштү. Ал жалпы элди сүйдүргөн өнөр адамы болгону талашсыз. Анткени көпчүлүк эл акындын кадимкидей ырын, айтар кебин күтчү эле. Азыр ошондой тайманбай калыс сөзүн айткандар арбын элеби?
- Андайлар азыр деле бар. Элмирбек өзү деле ак тандай акындар Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай аталардан таасирленди. Алардан улуу Жеңижок, Токтогул, Барпы акындардын чыгармачылыгын өзүнө сиңирди да. Ошентип жүрүп мыкты акын болду. Азыр эми Элмирбектин өзүнөн таасирленип өсүп жактан канча төкмөлөр чыкты. Ал деле жөн эле чыга калган жок. Кезинде Садык Шер Нияз булардын баскан-турганына шарт түзүп, байгесин сайып олтурду. Өзү да айтчу ошондо "азыр арзыбаган байгеге ырдаганыңар менен, кези келгенде унаа утасыңар, үй-жайлуу болосүңар" деп. Бул сөз ал учурда түш сыяктуу сезилчү. Кийин Элмирбектин артынан Азамат, Аалы, Максат баш болгон мыкты төкмөлөр чыкты. Азыр да чыгып жатышат.
- Баатырларды мезгил жаратат дейт эмеспи, биздин учурда анча-мынча болуп жаткан калпыс иштерде калыс сөз айтпай башын катып олтургандардын арасынан баатырлар жаралабы?
Маселен, азыр камакта жаткан Олжобай Шакир тууралуу ким калыс пикирин айта алды?
- Эми калыс пикирди айткандар айтып эле жүрөбүз. "Олжобай Шакирди камактан чыгарып эле коюшса болмок" деп мен деле, башкалары деле айтып жүрөт. Эми мындай да нерсе бар. Аксакалды деле эл аксакал кылбаса ал өзүнөн өзү аксакал боло албайт. Керек болсо Бакайды Манас аксакал кылып алып жүргөн. Ал ошол үчүн Бакай болчу, сөзү өтчү. Манас өлүп баратканда да керээз катары Бакайга: "Чогулган топко барбай жүр, андай-мындай дебей жүр, кокус чогулган топко барып калсаң, "эки көзүн кызартып, сакал-мурутун сапсайтып бул неге бул жерде жүрөт" дегенде, сөзүңдү эч ким укпай калганда бир өлөсүң, мен кайра өлгөндөй бир өлөсүң" деп жатпайбы. Ошондуктан калыс кебин айткандар айта берет, аны угуу бизден. Биз "баланча аксакал чындыкты айта албайт, түкүнчө башын катып олтурат" дей беребиз. Сөзүңдү уккан эл болсо, сөз баасын алса, анан сөз болот да. Баатыр деген мен баатырмын деп төш какпайт, ал кебин айтып коёт, ошону кулакка илип алыш элден. Бакайдан сөзүн Манас укканы үчүн ал Бакай болуп жатат. Ал эми Абыке, Көбөш дегендер кебин укпады эле, Бакай төө кайтарып калды го.
- Атайын убакыт бөлүп, маек курганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Эми интеллигенциянын да баатырлары чыксын деген ниет менен кебибизди жыйынтыктайлы.
- Ошондой болсун. Ар тармактын азаматтары даңктала берсин. Ал эми биздин спортчуларга кеп жок. Алардын зор жеңиштерин куттуктайм. Мындан ары илим-билимде дагы үлгү боло турган каармандарды биз өзүбүз таап, сүрөй алсак, аларды ээрчигендер чыга берет.