Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Пентагон: Түндүк Кореянын Курскидеги аскерлери жакында согушка кирет


Түндүк Кореянын аскерлери.
Түндүк Кореянын аскерлери.

Украин армиясына каршы согушуу үчүн Орусияга келген Түндүк Кореянын миңдей аскери жакында майданга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдиргенин "Америка добушу" кабарлады.

Остиндин айтымында, түндүк кореялыктар Орусиянын аскер бөлүктөрүнө ыңгайлашып, атайын даярдыктан өтүшкөн.

CNNдин украин армиясындагы ишенимдүү булагы Түндүк Кореядан келген аскерлер Орусия басып алган Мариуполдо да жүргөнүн айткан. Алар орусиялык армиянын формасын кийип жүрүшөт жана атайын казармаларда жатышат.

Булак украин армиясы Орусиянын Курск облусундагы командалык пунктуна ракета менен сокку урганда түндүк кореялык генерал жараат алганын, учурдагы абалы белгисиз экенин айткан. Ага чейин бул маалыматты америкалык Wall Street Journal да кабарлаган.

Муну менен катар украин армиясынын "Харьков" ыкчам-тактикалык тобу Харьков облусуна түндүк кореялык аскерлер келгени тууралуу Телеграм-каналдарда тарап жаткан маалыматты четке кагышты.

Буга чейин Түштүк Кореянын жана АКШнын чалгын кызматтары Орусия Курскидеги майдан талаасына Түндүк Кореядан келген 10 миңдей аскерди жибергенин билдирген. Алардын жарымы Курск облусундагы кармашка катышканы белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG