Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Орусияда согушту жактагандар азая баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялыктардын 53% Украина менен болгон согушту тынч сүйлөшүүлөрү менен чечүүнү колдойт. Russian Field изилдөө компаниясы ноябрда жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ушундай көрсөткүч чыккан. Изилдөөчүлөр бул согуш башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч экенин айтышууда.

Согуштун уланышын суралгандардын 36% колдогон. Бул 2022-жылдын мартынан берки байкоолордогу минималдуу көрсөткүч болууда. Компаниянын баяндамасында тынч сүйлөшүүлөрдү жактагандардын санынын өсүшү жана согушту колдогондордун азайуу тенденциясы 2023-жылдын февралынан бери байкалып жатканы белгиленген.

Тынч сүйлөшүүлөрдү эң көп колдогондор жаштар (68%), аялдар (59%), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (59% жана интернет-медиалар менен Телеграм-каналдардын аудиториялары (51%дан) болгон. Кесиптик чөйрөлөрдөн тынч сүйлөшүүлөрдү IT, соода жана саламаттык сактоо кызматкерлери көбүрөөк жактаган. Ал эми өндүрүш тармагында иштегендер көбүнчө согуштун уланышын колдогон.

“Эртең” эле тынчтык келишимин түзүүнү суралгандардын 79% колдоп, 60% ок атышууну токтотуу келишими эч кандай шарттарсыз түзүлсө деген пикирге макул болушкан.

Суралгандардын 2/5 (бештен эки бөлүгү) согуштан улам өзүнө кооптуу болуп жатканын айткан. Дрондордун соккусу (27%), экономикалык абал (20%), аткылоолор (18%), мобилизация (17%) жана жакындарынын өлүмү менен кырсыкташы (12%) олуттуу кооптонууну жаратат.

Мурдараак, 19-ноябрда Gallup компаниясы да Украинадагы сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялаган. Ага караганда, согуш башталгандан бери Орусия менен кармашууну толук жеңишке чейин жүргүзүүнүн жактагандар дээрлик эки эсеге азайган. 2024-жылы суралгандардын 52% Киев тынч сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунчу эртерээк башташы керек десе, дагы 38% согушту жеңишке жеткенче улантууну жактаган. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG