Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Акылбек Жапаров ченемдик укуктук актыга алгачкы электрондук кол койду


Акылбек Жапаров алгачкы электрондук документке кол койду.
Акылбек Жапаров алгачкы электрондук документке кол койду.

Кыргызстанда электрондук форматтагы тескемеге биринчи электрондук кол коюлду. Мындай электрондук колду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров койду. Расмий кабарлангандай, бул процедура электрондук документ жүгүртүү системасын колдонгон алгачкы документ.

Өкмөттүн маалымат кызматы “биринчи электрондук укуктук актыларга кол коюу ченемдик укуктук актыларды даярдоонун жана кабыл алуунун бардык этаптарында электрондук документ жүгүртүүгө толук өтүүнү камсыз кылуу менен санариптик трансформациянын бул этабын аяктай турганын” белгилеген.

Жаңы электрондук документ жүгүртүү процедураны кыйла тездетет жана жөнөкөйлөтөт. Бул чечимдерди кабыл алуу убактысын кыскартып, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүртүүгө өтүшкөн, бул иш кагаздарын минималдаштырууга жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берген. Бирок, ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу процесси буга чейин кагаз форматында калып келген. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG