Кыргызстанда эркектер арасында аденома, тукумсуздук, рак илдетине кабылгандар көбөйүп, оору жашарып баратканын дарыгерлер эскертүүдө. Көбүнчө эркектер дарыгерге кайрылбагандыктан, ооруну алдын алууга да мүмкүн болбой калат. Мунун кесепеттери үй-бүлөдөгү бейпилдикке жана улут генофондуна терс таасирин тийгизүүдө дейт адистер.
Эркектерди түйшөлткөн аденома
Нарындын Кочкор районунун тургуну Нургазы Боржубаев учурда Бишкектеги Урология боюнча улуттук борбордо дарыланууда. Шарты катаал, тоолуу аймакта жашаган каарманыбыз аденома оорусуна чалдыккан.
“Биз тоолуу райондо, суук жерде жашайбыз. Суу сугарабыз, ат минип суукта мал карайбыз. Ошондуктан суукка урунуп калдым окшойт деп ойлойм. Айыл жеринде да көп карабайт, догдурларга оорумайынча көрүнбөйбүз да. Ошол дагы себеп болот экен. Мен догдурларга көрүнгөндөн кийин гана ушул оору бар экенин билдим. Мурда белим ооруйт деп ойлочумун, көрсө меники аденома илдети экен”, - дейт ал.
Нургазы Боржубаев операциядан кийин бат эле сакайып кетем деп үмүттөнүүдө. Урология борборундагы андрология бөлүмүн башчысы Марлен Кылычбеков эркектер арасында оорунун көбөйүшүн менталитетке да байланыштырды.
“Күнүгө биздин андрология бөлүмүндө бул байкеникине окшогон үч-төрт операция болот. Бул оорунун негизги себеби биздин менталитетте болуп жатат. Уялып, убагында догдурга кайрылбайт. Эгер убагында көрүнсө, алдын алса болот. Биздикилер такыр эле заарасы чыкпай калганда айла жоктон келет. Кээ бирлери ошондо да баш тартып кетет”, - дейт Кылычбеков.
"Бул ооруга эркектердин 20-25% чалдыккан"
Урология боюнча улуттук борбордун директору, профессор Акылбек Усупбаевдин айтымында, Кыргызстанда эркектердин простата без шишигинен жабыркагандардын курагы барган сайын жашарууда.
Мурда 60-70 жаштагы улгайган адамдар кайрылса, азыр 20-30 жаштагы уландар да бул илдетке чалдыгып жатат.
“Дисгормоналдык баланс деп коёт. Гормон азайып кеткенде, шишик пайда болот. Ушул биздин эркектерде эрте бузулуп жатат. Туруктуу жыныстык жашоо жок. Инфекция ж.б. факторлор көп. Тамак-аш, жашоо-шарты, кылган жумушу - баары ушул ооруга алып келүүдө. Бул ооруга эркектердин 20-25% чалдыгып жатат”.
Дарыгерлер аденома простата оорусунун бир нече себептерин айтканы менен, ар бир бейтап бул ооруга ар башка жол менен чалдыгарын белгилешет. Бул ооруну убагында аныктап, дарылабаса, ракка айланып кетет. Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 400 миңден ашык эркек простата рагына кабылат.
Соңку жылдары Кыргызстандагы эркектердин көбү простата безинин оорусуна чалдыгууда. Дарыгерлердин айтымында, эркектердин 30-40% ушул маселе менен кайрылат. Мындан сырткары, табарсыктын, бөйрөктүн, жумуртка безинин рак оорусуна чалдыккандар да көбөйгөнү айтылууда. Бирок Кыргызстанда канча адам ушул ооруларга чалдыкканы тууралуу так изилдөөлөр жок.
Тукумсуздар көбөйүүдө
Ушу тапта эркектер арасында тукумсуздук курч көйгөйгө айланды. Жыл сайын өткөрүлгөн “Эркектердин ден соолук жумалыгы” иш-чарасына кайрылган мырзалардын 10% ашыгы балалуу боло албай жатканын айтышууда.
Атын атагысы келбеген каарманыбыз жети жыл бою өмүрлүк жолдошу экөө балалуу болууну самап келген. Бул аралыкта барбаган дарыгери, какпаган эшиги калган эмес. Жыйынтыгында каарманыбыздын күйөөсү тукумсуздук менен жабыркай турганы аныкталган:
“Биз жети жыл бою балалуу боло албай жүрдүк. Анын арасында Орусияга барып иштеп, урологго, гинекологго көрүндүк. Биринчи мен өзүмдөн көрүп жүргөнмүн. Көп дарыландык. Бизде ата-энелер көбүнчө аялдарды күнөөлөшөт го. Ошондон улам мен дагы өзүмдү айыптуу сезчүмүн. Чөптөн жасалган дарыларды колдонуп, кыргызчылык деп да барып жүрдүк. Алардан деле жардам болгон жок. Бирок үмүт үзүлбөйт экен. Көрсө, кеп менин жолдошумда экен, ал тукумсуз болгон үчүн дарыгерлерге келип, операция жолу менен уруктугун алып, анан балалуу болдук”.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда ар бир 18чи үй-бүлө тукумсуздуктан жабыркайт. Кыргыз коомунда тукумсуздукка аялды айыптаган түшүнүк бар дейт профессор Акылбек Усупбаев:
“Тукумсуздук боюнча мурда жалаң гана аялдарды күнөөлөп келген. Аялы төрөбөсө кетирип, кайра-кайра аял ала беришкен да. Себебин эч ким текшерген эмес. Азыр 40% учурда маселе эркектерде болуп жатат”.
Кыргыз дарыгерлери тукумсуздуктун бир нече себептерин белгилешет: тамеки, насвай чегүү, аракечтик. Мындан сырткары химиялык элементтер көп жайда, өзгөчө күйүүчү майлардын жанында иштөө да тукумсуздукка алып келет.
Желим жана булганыч абанын таасири
Социалдык тармактарда эркектердин ден соолугу тууралуу байма бай айтып келген уролог Нурбек Моңолов тукумсуздук маселеси менен күнүнө төрт-беш эркек кайрыларын айтууда:
“Дүйнөлүк илимпоздордун изилдөөсүнө карасак, 70% чейин себебин билбейбиз. Аялы жакшынакай, өзү жакшынакай, бирок балалуу болбой атат. Калган 30% белгилүү, бул кичине кезинде жумуртка бези сезгенген, жабыркаган же шишиген, кан тамыр оорулары же без оорулары, жыныстык мүчөсү алсыз деген себептери белгилүү. Эң чоң көйгөй - бул билинбеген себептер, ошолорду дарылаш кыйын. Бир теория боюнча буга айлана чөйрө, мисалы, ыш да себепкер. Көп изилдөөлөр бар. Биринчи кезекте экологиялык жагдай тукумга таасир этет. Дагы бир себеп - айланабыздын баары желим болуп кетти. Бизде мунун сапатын изилдеген иштер жок болуп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө баштыкты кагаздан жасашат. Пластмасса аялдын, эркектин жумурткасына аябай зыян келтирет”.
Моңолов ошондой эле эркек балдарга памперс кийгизүү да зыян экенин кошумчалады. Анткени эркектин жумурткасы бир температурада жүрүшү керек. Эгер ал муздап же ысып кеткен болсо, сперматазоиддер азайып же сапаты начарлап кетиши мүмкүн. Ошондой эле чоң кишилер дагы синтетикалык кийимдерден алыс болуп, бош кийиниши зарыл дейт адис.
Италиялык тукум улоо боюнча медицина тармагындагы адис, профессор Лука Жанароли "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстанда тукумсуздук мындан ары дагы көбөйөрүн, аны алдын алуу үчүн убагында ден соолукту кароо керектигин эскерткен:
"Абанын бузулганы өзгөчө эркектердин саламаттыгына аябай зыян. Ошондой эле тамак-аш, чылым чегүү, спирт ичимдигин ичүү дагы эркектерди тукумсуздукка алып барат. Менин Кыргызстанга келип байкаганым - өлкөдө өндүрүш ишканалары көбөйө баштаптыр. Албетте, бул экономика үчүн жакшы, бирок калктын саламаттыгына зыяны чоң. Бул тукумсуздук дагы көбөйө берет дегенди түшүндүрөт. Мындан улам жергиликтүү дарыгерлерге, жаштарга кулак кагыш кылат элем. Тукумсуздукту алдын алып, убагында ден соолукту карап, жашоо мүнөзүн өзгөртүү керек".
"Генофонд коркунучта"
Ушу тапта Кыргызстандагы эркектердин арасында бөйрөк, заара жана жыныс органдарынын илдеттери жалпы оорулардын ичинен алдыңкы саптарга чыкты. Профессор Акылбек Усупбаев эркектер ден соолугуна өзгөчө кам көрбөсө, генофонд коркунучта турганын эскертүүдө.
“Азыркы кезде телефонго көп көңүл бурулуп жатат. Анын да көп зыяны бар эркектин касиетине. Кичинекей балдар кармап отуруп телефон көрүп жатат. Электромагниттик толкундардан зыян алып жатат. Жүрүп отуруп жумурткадагы сперматазоид чыгарган клетка өлүп калат. Жумуртка, экинчи жагынан, психологиясы бузулуп жатат. Мындайча айтканда, биз өзүбүздү өзүбүз талкалап атабыз. 18 жаштан өтүп калган балдар дагы ичимдикке берилип кетүүдө. Мунун зыяны чоң. Тамеки, насвай мода болуп кетти. Ал бир гана рак оорусунан сырткары потенцияны (жыныстык турмушка жарамдуулукту) бузат. Телефон, инфекция, тамеки, насвай - баары айланып келип потенциядан өтүп, өзүн өлтүрүп атат. Абалыбыз оор. Ушул бойдон тим коё берсек, жок болуп кетебиз. Генофонд коркунучта”.
Дарыгерлер эркектердин саламаттыгын чыңдоо үчүн адистерге убагында кайрылып, үй-бүлөнү алдын ала пландоо керектигин белгилешет. Адистер дени сак жашоого, спорт менен алектенүүгө, туура тамактанууга да чакырат.
Окумуштуулардын соңку он жылдыктагы изилдөөлөрүндө дүйнөдө эркектин уругунун сапаты улам начарлап баратканы айтылып келет. Маселен, АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландияда жүргүзүлгөн изилдөөдө уруктун кыймылы 40 жылдын ичинде 50 пайызга төмөндөп кеткени байкалган.
"Азаттыктын" "Эже-сиңдилер" берүүсүндө тукумсуздукка байланыштуу көйгөйлөр козголду.