Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Кыргызстанда алгачкы жолу боор алмаштыруу операциясы жасалууда


Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасы.
Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасы.

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 10-11-июнда боор оорусунан жабыркап келген эки бейтаптын боору алмаштырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Маалыматка караганда 50-51 жаштагы эки бейтапка өздөрүнүн 27 жана 31 жаштагы кыздары донор болот.

Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасайт. Алар Түркияда боор трансплантациялоо боюнча атайын окуудан өтүп келишкен. Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобу келери айтылган болчу.

"Операцияларга мен өзүм да катышам. Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланат", - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Министр боорду алмаштыруу боюнча программанын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөнүн белгиледи.

30-майда Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышкан . Анда министр Түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда учурда Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж.

Эске салсак, өлкөдө быйыл февраль айында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG