Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Бишкекте экинчи бейтаптын да боорун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болгону айтылды


Боор алмаштыруу операциясы жүрүп жаткан учур. Бишкек. 10-июнь, 2024-жыл. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигине таандык.
Боор алмаштыруу операциясы жүрүп жаткан учур. Бишкек. 10-июнь, 2024-жыл. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигине таандык.

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы экинчи бейтапка да жасалып, ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. 50 жаштагы бейтаптын да, ага донор болгон кызынын да абалы туруктуу.

11-июндагы 9 саатка созулган операцияны Кыргызстандын жана Түркиянын дарыгерлери жасашты, жараянга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көзөмөл кылды.

10-июнь күнү аталган ооруканада 51 жаштагы бейтаптын боору алмаштырылган. Министрлик бейтаптын абалы жакшы экенин, операциядан кийин эсине келгенин, алмаштырылган боор иштей баштаганын маалымдаган.

Боорду алмаштыруу программанын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж.

Быйыл февраль айында Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG