Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Бишкекте боорун алмаштырган эки бейтап үйүнө чыгарылды


Боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтап.
Боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтап.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорун алмаштыруу операциясы жасалган эки бейтап абалы канааттандырарлык деп 10-июлда үйүнө чыгарылганын кабарлады.

Бир ай бою хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдордон турган адистер бейтаптардын абалын көзөмөлдөп турушту.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул тапта дагы 15 адам боорду алмаштыруу операциясы үчүн кезекте турганын, анын ичинен төрт адамга ылайыктуу донорлор бар экенин жана операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышканын айтты.

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 10-июнда 51 жаштагы бейтаптын боору алмаштырылган. 50 жаштагы экинчи бейтапка операция ушул эле ооруканада 11-июнда болгон.

Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен жарымы трансплантацияга муктаж. (BTo)

XS
SM
MD
LG