22-ноябрга караган түнү Украинанын түндүк-чыгышында, Орусия менен чектеш Сумы облусунда бир нече жолу катуу жарылуу болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, эки киши набыт болуп, 12 адам ар кандай жараат алды. Шаар мэри Артем Кобзар дрон чабуулу уланып жатканын белгилеп, жергиликтүү тургундарды коопсуз жерлерге бара турууга чакырды.
"Сумыда катуу жарылуу болду. Жарылуу болгон жерлерде полиция кызматкерлери, куткаруучулар, "Тез жардам" кызматы иштеп жатат", - деди мэр Кобзар.
Мэр айтып жаткан сокку Shahed дрондору менен шаардагы кичи райондордун бирине урулганы маалым болду. Мындан тышкары, Украинанын аскер-аба күчтөрү дрондор Киев, Чернигов жана Житомир облустарын бутага алганын билдирди.
17-ноябрда Сумы облусунда Орусиянын аба соккусунан 11 адам мүрт кетип, дагы 89 киши жараат алган. Калк жыш жайгашкан аймакка тийген ракетадан набыт болгондордун арасында 9 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр да бар.
Сумы облусу Орусиянын Курск облусу менен чектешет. Украин аскерлери быйыл 6-августта бул аймакка кирип барган. Киев Курск облусунда миң чарчы чакырым жерди ээлеп турганын билдирген. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү экенин белгилеген.
Орусия 22-ноябрга караган түнү украиндер учурган 23 дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Коргоо министрлиги жумага караган түнү учкучсуз учак чабуулуна Брянск, Калуга жана Курск облустары кабылганын ырастады.
Путин "Орешник" менен кимди коркуткусу келет?
21-ноябрда президент Владимир Путин Орусия Украинанын аймагына орто аралыкка атылуучу "Орешник" деп аталган баллистикалык ракета менен сокку урганын билдирди. Путин бул Орусияга каршы америкалык, британиялык алыска атылуучу курал менен жасалган украиндердин соккусуна жооп экенин айтты.
"Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик өнөр жай комплексинин объектилеринин бирине бир нече куралдын түрү менен сокку урду. Согуштук шарттарда орусиялык орто алыстыкка атылуучу эң жаңы ракеталык системалардын бири сыноодон өттү. Мында өзөктүк дүрмөтү жок, гиперылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду. Биздин ракета курган адистер аны «Орешник» деп аташты".
Путин Украинанын Днепр шаарынын аймагындагы эң ири жана Советтер Союзунан бери белгилүү болгон, азыркы кезде ракеталык техника жана башка курал-жарак өндүрүлүп жаткан өнөр жай комплекстеринин бирине чабуул жасалганын айтты.
Днепропетровск облусунун башчысы Орусиянын эң оор соккусу ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айткан. Днепрдеги реабилитациялык борбор жабыркаган.
Москванын пилотсуз учактарды эмес кубаттуу ракеталарды колдонгону, Украинанын Орусиянын ичкери аймагына Батыштын алыс аралыкка атуучу системалары менен сокку уруу уруксатын алганына жооп болду окшойт.
"19-ноябрда АКШда жасалган алты ATACMS оперативдүү-тактикалык ракетасы менен жана 21-ноябрда Британияда жасалган STORM SHADOW жана Америкада жасалган HIMARS системаларынын биргелешкен ракеталык чабуулунда Орусия Федерациясынын аймагына - Брянск жана Курск облустарындагы аскердик объектилерге сокку урулган", - деди Путин 21-ноябрдагы телекайрылуусунда.
Киев Москва континент аралык баллистикалык ракета менен сокку урган болушу ыктымал экенин 21-ноябрда эртең менен билдирген. Ага чейин украин армиясы Орусиядагы аскердик жайларды Британия берген Storm Shadow жана америкалык ATACMS ракеталары менен атканы кабарланган.
21-ноябрь күнү кечинде украин президенти Владимир Зеленский Путиндин жаңы ракета тууралуу билдирүүсүн "соңку кырдаалды курчута турган экинчи кадам" деп атады.
Ал Москванын биринчи кадамы Түндүк Кореянын аскерлерин согушка салып жатканы болгонун белгилеген. Зеленский "согуштун масштабын жана ырайымсыздыгын ачык жана олуттуу түрдө күчөтүү" жүрүп жатканын, Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын "абийирсиздик менен бузуп жатканын" айтты.
"Ушунчалык коркконунан жаңы ракета колдоно баштады. Көбүрөөк курал-жарак издеп адегенде Иранга, кийин Түндүк Кореяга кайрылды. Эми жаңы ракета. Путин Украинаны машыгуу полигону катары колдонуп жатат. Жанындагылар тынч, татыктуу жана эркин жашап жатышы анын үрөйүн учурууда. Ал коңшусун колдон чыгарып албаш үчүн бардык аракетин көрүүдө".
Путин өзүнүн телекайрылуусунда "Орешникти" “акыркы ракеталык система” деп сыпаттады. Бейшемби күнү кечинде Пентагон расмий түрдө жарыялаган маалыматы боюнча "Орешник" Орусияда 1990-жылдардын ортосунда жасалган РС-26 Рубеж комплексинин ракетасынын модификациясы гана. Ошол кездеги АКШнын Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр боюнча келишимин бузгандыктан ал боюнча маалымат жашыруун болгон.
Жума күнү Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Днепрге «Кедр» мобилдик ракеталык системасы менен чабуул жасалган. «Кедр» - 2021-жылыжасалганын орусиялык басылмалар өз булактарына таянып жазып чыгышкан.
Казакстандын тынчсыздануусу
Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, өлкө ичинде коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти. Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали 22-ноябрда жарыялаган маалыматында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч мекемелеринин жетекчилерине жана акимдерге "Украинанын айланасындагы кырдаалдын эскалациясына байланыштуу негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чара көрүү" тапшырмасын бергени айтылды.
"Өлкөдөгү абал президенттин жеке көзөмөлүндө. Биздин мамлекет үчүн негизги стратегиялык максат – туруктуулукту, тынчтыкты, мыйзам жана тартип үстөмдүгүн сактоо", - деген Берик Уали Астана эки славян элинин ортосундагы согушту токтотуу маселесин дипломатиялык жол менен чечүү керектигин бир нече жолу айтканын кошумчалады.
Казакстан 2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага басып кирген согушун айыптаган да, колдогон да эмес. Москванын Украинанын айрым аймактарын аннексиялап алышын тааныган жок. Расмий Астана бул маселелерде нейтралитет позицияда.
Бирок быйыл сентябрь айында Германия канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда президент Токаев Орусия аскердик жактан алып караганда жеңилгис өлкө экенин айткан, кийин бул тезисин дагы бир жолу кайталаган.
27-ноябрда президент Путин Астанага мамлекеттик сапар менен келет. Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу бул сапарды "көп пландуу өнөктөштүктү илгерилетүү үчүн чоң мааниге ээ" деп атады.
2022-жылы согуш ачкан Москва эгер Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн алган алыскы аралыкка атуучу куралын Орусияга каршы колдоно турган болсо, кырдаал курчушу ыктымал экенин эскерткен.
Киев орус бийлигин Украинага каршы агрессиясын мажбурлап гана токтотсо болорун айтууда.
Шерине