Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

"Аныктап, дарылоого шарт бар". Мрох вирусуна каршы даярдык


Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен Мрох (маймыл чечеги) катталган мамлекеттерге барууну көздөгөн жарандардын сак болуусун эскертти.

"Аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара постторунда маймыл чечеги вирусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пункттарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү", – деп айтылат мекеменин 19-августтагы билдирүүсүндө.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Дүйнөнү бушайманга сала баштаган Мрох илдетине каршы чараларды көрүүгө, ага каршы турууга кыргызстандык адистер канчалык даяр?

- Маймыл чечеги жаңы оору эмес. Бул илдет Африка чөлкөмүндө 1970-жылдан бери катталып келатат. Ал маал-маалы менен күч алып турат. Акыркы жолу 2022-жылы тараган эле. Анда 23 миңдей адамга жугуп, алардын 90% Африкада болгон, Европада да катталган. Андан бери азайып, быйыл августта күчөгөнүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдады. Биз эки жыл мурун эле илдетке каршы даярдык көрө баштаганбыз. Учурда Кыргызстанда Оорулардын алдын алуу, көзөмөлдөө департаментинин лабораториясында дарт жуктуруп алды деп шектелгендердин текшерип, аныктама чыгарганга бардык шарт бар.

- Кокус аныкталып калса, дарылоо мүмкүнчүлүгү кандай?

- Дарылоо мүмкүнчүлүгү да бар. Республикалык жугуштуу дарттар ооруканасында атайын палаталар камдалган. Медицина кызматкерлери дарылоо протоколуна жараша иштешет жана дарылашат. Бүгүн (21-августта) Саламаттык сактоо министрлигинде адистер катышкан чоң жыйын болду. Кыргызстанда жагдай жаман эмес, дарылар да бар. Жыйынга санитардык-карантиндик пункттарда иштеген адистер да катышты. Алар бөлөк жактан өлкөгө келгендерди дене табын текшерген жабдуулар менен карап, анан өткөрүшөт. Айрыкча ушул оору аныкталган мамлекеттерден келгендерге көзөмөл күчөтүлгөн.

Мрох вирусу Швецияда жана Пакистанда катталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

- Маймыл чечегинин негизги белгилери жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

- Дене табы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Лимфа бездери чоңоёт, булчуңдар ооруйт, денеге суусу бар ыйлаакчалар чыгат. Андай ыйлаакчалар ооздун көңдөйүнө да чыгышы мүмкүн.

- Кандай чаралар оорудан сактанууга жардам берет?

- Ыйлаакчасы бар адамдар менен жакын катнаштан оолак болуу керек. Кандай гана белги болбосун, сөзсүз дарыгерге кайрылуу кажет. Гигиенага катуу көңүл буруу зарыл. Бул оору аба аркылуу тез жукпайт. Дартка шектелген кишиден жакын арада каякка барганын тактоо керек. Балким, кооптуу аймакка барып келгендир, ушул өңдүү маалыматтар аныкталышы шарт. Маймыл чечегинин инкубациялык мөөнөтү 5 күндөн 21 күнгө чейин созулат. Аны жуктуруп алган адамдын денесиндеги ыйлаакчалардын акыркысы күбүлүп түшмөйүнчө аны башкаларга жуктуруу ыктымалдыгы жогору болот.

- Кооптуу аймактарга барууну чечкендер үчүн эмдөө же башка алдын алуу чаралары боюнча сунуштар барбы?

- Биз маалымат таратууну күчөттүк. Оору чыккан өлкөлөргө аттанган кишилерге сапарды токтотуп туруу сунушталат. Эгер сөзсүз барышы керек болсо, анда жеке гигиенаны сактоо менен гана бул илдетке кабылуу коркунучун азайта алышат.

- Кыргызстан илдетке каршы туруу жана көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер менен кандай кызматташып жатат?

- Саламаттык сактоо министрлигиндеги жыйынга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери да келишти. Алар да сунуштарды беришти. Ооруну көзөмөлдөө боюнча протоколду да жаңыртып жатабыз. Аталган эл аралык уюмдун адистеринен кошумча тест системаларын сурадык. Кокус ооругандар аныкталып калса, керек болушу мүмкүн.

Маалымат үчүн: Вирустун аталышы англисчеден кыскартканда mpox (мурда Monkey pox) деп аталып калды.

Учурда түп тамыры менен жоюлган кадимки чечекке байланышкан бул вирус жакын байланыштан, өбүшүүдөн же жыныстык катнаштан, булганган шейшепти, кийим-кечени колдонуудан жана ийне аркылуу жугушу мүмкүн.

Вирус ошондой эле илдетке чалдыккан жан-жаныбардан: маймылдан, чычкандан жана тыйын чычкандан да жугушу ыктымал.

Эки же үч аптада бейтап айыга баштайт. Бирок териде боз темгил тактар калышы ыктымал.

Айрым учурларда (орточо алганда жүздөн төрт учур) мрох жуккан бейтаптар, айрыкча аярлуу топтогулар жарыкчылык менен кош айтышат.

Мрох вирусу Конго Демократиялык Республикасында 15 миңдей адамдан аныкталып, 500дөн ашык киши каза тапты. Африка континентинин сыртында инфекция Пакистанда жана Швецияда катталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 14-августта глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG