Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Кыргызстанда жүлүндү алмаштыруу боюнча операция жасалат


Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүн ачуу учуру. Бишкек. Сентябрь, 2021-жыл. (архивдик сүрөт)
Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүн ачуу учуру. Бишкек. Сентябрь, 2021-жыл. (архивдик сүрөт)

Кыргызстандын Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун Онкология жана онкогемотология бөлүмү жакын арада жүлүндү алмаштыруучу операцияга даярданууда.

Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Султан Стамбеков "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирген.

Анын сөзүнө караганда, кыргызстандык адис дарыгерлер бул багытта Түркиядан окуп келди, ал эми жүлүндү трансплантациялоого зарыл медициналык жабдуулар дээрлик 80% жабдылган.

"Мен жана дагы бир нече адис бул багытта Түркиядан окуп келдик. Эми саламаттык сактоо министринин тапшырмасы менен Эне жана баланы коргоо борборунун 1-кабатында трансплантация бөлүмүн түзүүнү көздөп жатабыз. Учурда керектүү жабдуулар менен 80% жабдылды. Эң башкысы - аферез аппараты орнотулду. Жүлүндү алмаштыруу боор же бөйрөк алмаштырууга караганда такыр башка. Жүлүндү трансплантациялоодо бейтапка ири өлчөмдө химия терапия жасалат. Донордун жүлүнү бейтапка вена аркылуу киргизилет", - деди Стамбеков.

Дарыгердин эсеби боюнча Кыргызстанда жыл сайын 60-80 бейтапка мындай операция жүргүзүүгө туура келет. Чет өлкөлөрдө жүлүндү трансплантациялоо акысы 100 миң доллардын айланасында.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында өлкөдө жылына 200дөй бала онкологиялык ооруларга чалдыгат. Эне жана баланы коргоо борборунун онкология жана онкогемотология бөлүмүндө жыл сайын 500-600 бала дарыланат. Алардын дээрлик тең жарымы ак кан (лейкоз) менен ооруйт. Көпчүлүгү жүлүн трансплантациясына муктаж экени кабарланган.

Кыргызстанда быйылтан тартып бөйрөк жана боор алмаштыруу операциясы жүргүзүлө баштады.

10-11-июнда Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 50-51 жаштагы эки бейтаптын боору алмаштырылган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын да, алардын донорлорунун да абалы жакшы экенин билдирип, алмаштырылган боор тез эле функциясын аткарууга киришкенин маалымдаган.

Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж.

Быйыл февраль айында Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG