Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

"Кызым боорун берди". Оор операция болгон бейтаптар


Боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтап Кайыргүл Бөлбүрбаева.
Боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтап Кайыргүл Бөлбүрбаева.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Кыргызстанда 4-августтан тарта жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы акысыз жасала баштайт.

Мындан эки ай мурда эки бейтапка боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалган. “Азаттык” алар менен байланышып, абалын сурады.

Татаал операциялар үчүн министрлик бир нече дарыгерди сырттан окутуп, тажрыйбасын жогорулатып келгенин айтууда.

"Боорумду акысыз алмаштырдым"

Кыргызстанда мындан эки ай мурда, 10-11-июнда боор оорусунан жабыркап келген эки бейтаптын боору алмаштырылды.

Боор трансплантациялоону Түркияда атайын окуудан өтүп келген жергиликтүү дарыгерлер жасап, аларга түркиялык адистер көмөктөшкөн.

Операцияга чейин Түркиядан анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдардан турган дарыгерлер тобу келген.

“Азаттык” боорун алмаштырган эки бейтаптын учурдагы абалынан кабар алды.

Боорун алмаштырган бейтаптардын бири – 51 жаштагы Айгүл Кудушева. Ал боор дарты менен 2013-жылдан бери күрөшүп келген экен. 2018-жылы аутоиммундук гепатит деген диагноз коюлуп, дарыланып жүргөн. Бирок 2024-жылы абалы оорлошуп, оорусу циррозго айланып кеткен.

Анын боору 10-июнда алмаштырылып, өзүнүн 20 жаштагы кызы донор болгон. Учурда эки ай карантинге алынып, үйүндө дарыланып жатат.

Воронцовка айылындагы курортологияда 35 жыл медайым болуп иштеген Кудушева учурдагы абалы тууралуу буларды айтты:

Айгүл Кудушева.
Айгүл Кудушева.

“Азыр өзүмдүн да, донор болгон кызымдын да абалы жакшы. Операция ийгиликтүү болду. Бул операцияга киргенге чейин абдан санааркап жүргөм. Анткени чет жерге барганга каражатым жок болчу. Экинчиден, Кыргызстанда да мындай операция болот-болбойт деген учур эле. Анан президент Садыр Жапаровго 30 жылдан бери өзүм да медицина тармагында иштеп жүргөнүмдү, учурдагы шартымды түшүндүрүп кат жаздым. Өлкө башчы бир жумадан кийин эле катымды Саламаттык сактоо министрлигине бериптир. Ошентип биринчилерден болуп ушул тизмеге кирип калдым. Операцияга менден бир сом кеткен жок, кеткен чыгымдардын баарын өкмөт моюнга алды. Президент менен министр Алымкадыр Бейшеналиевге, бизди операция кылган дарыгерлердин тобуна ыраазылык билдирем. Бизди абдан жакшы карашты”.

Боору алмаштырылган дагы бир бейтап – 50 жаштагы Кайыргүл Бөлбүрбаева. Ак-Талаа районунан келген айым учурда борбордо дарылануусун улантып жатыптыр.

Бөлбүрбаеванын айтымында ага да вирустук эмес аутоиммундук гепатит деген диагноз коюлуп, өзүнүн 26 жашар кызы боорунун жарымын берген. Боор алмаштыруу операциясы 11-июнда өткөн.

Кайыргүл Бөлбүрбаева.
Кайыргүл Бөлбүрбаева.

“Азыр кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы, Кудайга шүгүр. Мурдагыдан өзүбүздү жакшы сезип калдык, тамак ичкенибиз да жакшы. Ушул тапта улам текшерүүдөн өтүп, анализ тапшырып, берген дарыларын ичип жатабыз. Мурда чынында эч жерим оорубай эле иштеп жүрчүмүн. 2021-жылы ушул дартка кабылып калдым. Акыры трансплантациядан башка арга калбады. Биздин операцияны түрк дарыгерлеринин көзөмөлүндө кыргыз дарыгерлери жасашты. Эрнис Тилеков баш болгон Мамкеев ооруканасында иштеген мыкты хирургдар жасашты. Операциядан кийин да тыкыр көзөмөлгө алып турушту”, - дейт Бөлбүрбаева.

Бейтаптар абалы канааттандырарлык деп 10-июлда үйлөрүнө чыгарылган. Алардын айтымында учурда аларды өкмөт бардык дары-дармектер менен камсыздап жаткан экен. Ошондой эле жумасына эки ирет Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда УЗИден өтүп, анализдерин тапшырып жатышат.

Кыргызстанда боору алмаштырылган бейтаптар үйгө чыккан учур.
Кыргызстанда боору алмаштырылган бейтаптар үйгө чыккан учур.

Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын жарымы трансплантацияга муктаж.

Саламаттык сактоо министрлиги азыркы учурда Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча үч жерге шарт түзүлгөнүн, мындан ары трансплантациялоо кезеги менен жасала берерин билдирген. Мекеменин маалыматында операциялар Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда, Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жана Оштогу облустук ооруканада жасалат.

"Донор маселеси курч"

Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалай Акматов буларга токтолду:

“Күзүндө бизде ремонт иштери бүтөт. Учурда эксперттик класстагы заманбап медициналык жабдыктарды алып жатабыз. Буюрса эки-үч айдан кийин боор алмаштырууга биздин клиника дагы, анда иштеген хирургдар дагы даяр. Болгону бизде азыр донор маселеси курч бойдон калууда. Биздин мыйзамда боор алмаштырууга муктаж бейтапка бир туугандары гана донор боло алат. Азыр эми жакын туугандарына да уруксат берилди. Бирок баары бир биздин мыйзамдарды дагы карап чыгып, айрым жерлерин өзгөртүү керек. Маселен, Түркияда, Орусияда каза болгон адамдардын да органын салууга мыйзамдары жол берет. Кээ бир өлкөлөрдө донору жок бейтаптар кезегин күтөт. Бардык анализдери дал келип калган донорлор табылса, бейтаптар чакырылат дагы операциялар жасалат. Биз азырынча колдон келгенин жасап туралы, бир-эки жылда мыйзамдар дагы ылайыктуу жолго коюлат чыгаар”.

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасы.
Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасы.

Адистер соңку убакта гепатиттин кан аркылуу жуккан оор түрлөрү күчөп, боорун алмаштыргандар көбөйгөнүн айтып келет. Кыргызстанда боор трансплантациясына муктаж жарандар Түркия, Индия сыяктуу мамлекеттерге барууга аргасыз. Бирок жол жүрүп орган алмаштырууга баарынын эле чама-чаркы жете бербейт. Ошондуктан соңку мезгилде элден жардам сурагандар көбөйдү. Мындай операцияга бери дегенде 30 миң доллардан жогору каражат сарпталары айтылат. Ошондой эле башта кеп болгондой, өлкөдө донор табуу маселеси өтө курч.

Ачык булактарда Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясы 2014-жылы жана 2019-жылы да болгону, бирок экөө тең ийгиликсиз аяктаганы кабарланат.

Медицина илимдеринин доктору, №1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев боор органы кандай учурда трансплантацияга муктаж экенин айтты:

“Гепатит Б жана С менен ооруп калган кишилердин дарты көп учурда циррозго айланып кетет. Мындан сырткары өт жакшы иштебей калган кезде боор дартка кабылат, же болбосо боор ичиндеги кан тамырларга кан уюп калганда ушундай дарт пайда болот. Ушундай үч-төрт себеби бар. Мындай учурларда боорду сөзсүз алмаштыруу керек. Азыр талап күч болгондуктан өлкөбүздө боорду алмаштырган операция кылабыз деген аракетибиз жакшы. Анткени бул чет жакта өтө кымбат каражатка жасалгандыктан көпчүлүктүн шарты жок”.

"Кезек жилик чучугунда"

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы башталганын да билдирди.

Бул тууралуу 2-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапка жолукту.

Министр Бейшеналиевдин айтымында азыр борбордо үч балага жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы башталып, алар тиешелүү даярдыктан өтүп жатышат.

“Тогуз айдан бери президент Садыр Жапаров бизге ушул жаатта тапшырма берген. Анткени бизде балдар арасында онкологиялык оору менен жабыркагандар көп болуп, жилик чучугун алмаштырууга муктаж. Операция баасы чет өлкөдө 130-160 миң доллар турат. Мынча сумманы табуу баарына мүмкүн болбогондуктан айрымдары өмүрү менен кош айтышчу. Тогуз ай ичинде биздин дарыгерлер менен лаборанттар Түркияда атайын окутуудан өтүп келишти. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда шишиктин антигендик түзүлүшүн жана лейкоз клеткаларынын түрүн аныктоочу уникалдуу аппарат иштейт, ал ооруну дарылоонун натыйжалуулугун болжолдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, мекеме өзөктүү клеткаларды чогултуу үчүн афферездик аппарат менен жабдылган жана "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан бардык керектүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздалган. Жакынкы келечекте жилик чучугун аллогендик алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар”.

Жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат. Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.

Жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы үчүн алынган медициналык аппараттар.
Жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы үчүн алынган медициналык аппараттар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын 19 жашка чейинки 400 миңдей балдар жана өспүрүмдөр рак оорусуна чалдыгат. Дүйнөдө балдардын рак оорусуна чалдыгуу ар бир 100 миң балага 12ден 18ге чейин жетет. Кыргызстанда алардын жыштыгы 100 миң балага 10ду түзөт.

Кыргызстанда онкологиялык оорулардын структурасында 40% лейкоз, 12% лимфома жана калганы залалдуу шишик болуп саналат. Жыл сайын оорунун 180ге жакын жаңы учуру аныкталат.

Эске салсак, өлкөдө быйыл февраль айында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Акыркы маалыматта андан бери он чакты бейтапка операция жасалганын, кезекте дагы 110 бейтап турганы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG