2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
Парламент “тазаланып”, Матраимов “матиз” миндиби?
2024-жылдын башында мурдагы бажычы Райымбек Матраимов темасы кайрадан кызыды. Бул жолу “Райым миллион кланы” жок кылынары ачык айтылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев анын бардык мүлкү мамлекетке алынарын январь айында жарыя кылды. Ал "Матраимов жупуну “матиз” минип жашашы" керек деди. Мурдагы бажычы камалып, ири суммадагы каражатын казынага төгөрү белгилүү болуп калды.
Ошентип, Матраимовго издөө жарыяланып, ал үч бир тууганы менен чогуу 25-мартта Азербайжандан кармалып, Бишкекке алып келинди. Дээрлик тогуз айдай тергөө абагында жаткан Матраимов ноябрда бошотулуп, декабрда “бейбаштык” беренеси менен соттолду.
Ташиев Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айтты. Матраимовдун сот токтомунда 2021-жылы анын кайрадан бажыны көзөмөлдөө аракети, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен мамилеси баяндалат. Ал өзү же жакындары бул окуялар боюнча үн каткан жок.
Матраимовдун эпкини аны менен жакын мамиледе делген Жогорку Кеңештеги айрым депуттарга да тийди. Жогорку Кеңештеги Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов, “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келген Абдывахаб Боронбаев жана Матраимовдун агасы, Кара-Суу округунан депутат Искендер Матраимов мандатынан ажыратылды. Депутаттыктан кеткендердин себеби ар кандай деп айтылганы менен, алар Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе экени белгилүү болчу.
Матраимовду атаган Аспековдун билдирүүсү
Матраимовдун аты дагы бир чырга байланыштуу аталды. Жети жылга соттолгон активист Мелис Аспеков социалдык тармактар аркылуу азыркы бийликти коррупцияга айыптаган бир катар видеолорун жарыялап, ар кандай талкууларга жем таштады.
Ага президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берип, Аспеков 2020-жылы бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын, ал каражатты өзү пайдаланганын айтып чыкты. Ал эми президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде мындай деген:
"Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип? Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат".
Парламенттин 7-чакырылышында жыйырмадай депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. 2024-жылы Жогорку Кеңеште бийликти кескин сындаган оппозициячыл депутат, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жети ай УКМКнын тергөө абагында отуруп, 26-апрелде боштондукка чыкты. Ал соттолгонуна байланыштуу мандаты алынды.
Андан кийин өкмөттүн айрым чечимдерин сындап келген Сузак шайлоо округу боюнча депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. 30-августта өз арызы менен “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун мандаты алынды.
Кадырбеков, Икрамов дагы мандатын күтүүсүз тапшырып, эмнеге баш тартканын толук ачыкташкан жок. Кадырбеков анын алдында "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмө УКМКда сурак берип чыккан болчу. Кадырбеков бийликтин айрым чечимдерин колдобой койгону белгилүү. Икрамовдун дагы органдарда сурак бергени айтылган. Бул эки депутат Адахан Мадумаров сымал өзүн бийликке оппозиция экенин ачык жарыялабаса да, айрым маселелер боюнча өз позициясын айтып калчу.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков парламент өз позициясын коргой албаган бийлик бутагына айланды деген пикирде:
“Парламент өз милдетин аткара албай калды. Мен фактыларды айтып кетейин. Депутаттар өз укугун трибунадан коргой албай, мандатын алдырды. Ошол эле Нуржигит Кадырбековду алалы. Фракция лидери, сурамжылоолордо жогорку рейтингди ээлечү. Ал эмне себептен кеткенин эч ким билбейт. Жыйырма миңден ашык шайлоочунун жыйырма беши дагы чыгып, “биз шайлаган депутат эмне болду?” деп сураган жок. Парламент айтып жатат, “биз мыйзам чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз” деп. Андай эмес, Жогорку Кеңештин негизги ролу – бийликтин тең салмактуулугун сактоо болчу. Аны дагы аткара алышкан жок. Мындай улана берсе, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңеш чыгаша алып келген номиналдуу гана орган болуп калат. Азыр парламент “пахта койгонду өздөштүргөн” орган болуп алды”, - деди Аскарбеков.
Аскарбеков айткандай, парламентте бир нече депутаттын мандатын тапшырган себеби дагы айтылган жок, өздөрү дагы үн катпады. Маселен, парламенттеги чуулуу билдирүүлөрү менен аты чыккан Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен тирешип жатканда мандатынан ажырады.
Президенттик аппарат анын мандатынын алынышы министр Бейшеналиев менен байланыштуу эмес экенин билдирди. Дагы бир депутат Эмил Жамгырчиев “чек арадан мыйзамсыз” өткөн деген берене менен кармалып, чыкты. Бул окуялардан кийин ал дагы мандатын тапшырды.
Адатта саясат кайнаган, бийликтин бир бутагы болгон парламентке “бийликтин нотариусу” болуп калды деген сындар арбыды. Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул сындарды четке кагып, депутаттарды саясий оюндардан алыс болуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат деп эсептейт.
Президент Садыр Жапаров дагы 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, аткаруу бийлиги менен парламент эриш-аркак иштеп жатат, бирок жеке кызыкчылыгын көздөгөн "айрым депутаттар бар" деген пикирин айтты:
“Аткаруу бийлиги тарабынан демилгеленген мамлекеттик маанилүү маселелерди кечиктирбей колдоп берип жатасыздар. Бул үчүн силерге терең ыраазычылык билдире кетейин. Албетте, араңыздарда илгерки көнгөн адатын кылып, министрлик тараптан жеке кызыкчылыгы чечилбей калган үчүн кандай гана маселе болбосун каршы добуш берген 5-6 депутат бар. Аларга көңүл бурбай эле коёлу. Анткени көпчүлүк басымдуулук кылып, мамлекет үчүн пайдалуу, келечектүү маселелерди колдоп жатасыздар”, - деди Жапаров.
Президент кайсы депутаттар тууралуу кеп козгогонун тактаган жок. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.
“Кемпир-Абад иши” кезектеги сотто, суроо жараткан судьянын арызы
Кемпир-Абад иши менен камалгандардын акталашы саясий чөйрөдө көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Отуздай саясатчы, активист, блогерлерге Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда актоо чечимин чыгарды. Тактап айтканда, 2022-жылы 23-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирип камалган 27 кишинин 22си акталды.
22 айыпталуучунун тергөө абагында жаткан сегизи сот залынан бошотулду. Калгандары түрдүү жагдайда ага чейин эркиндикке чыгышкан эле. Ал эми беш айыпталуучунун иши өзүнчө бөлүнгөн. Бул окуя өлкөдөгү сот бийлиги көз карандысыз чечим кабыл алууга жөндөмдүү деген ишарат бергендей болду.
Бирок Кемпир-Абад иши муну менен аяктаган жок. Актоо өкүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине сот чечими жөнүндө комментарий берип, “сот болсом, айрымдарына кандайдыр бир жаза бермекмин” деген.
“Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар Кемпир-Абадды кетип атат деп элди адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү”, - деген Жапаров.
Бир ай өтүп-өтпөй прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, иш 6-августтан бери каралып жатат.
Жапырт камалган саясатчы, активисттерге “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылып, прокурор 20 жыл жаза сурган. Камалгандар айыптарды четке кагып, саясий басым деп баалашкан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.
Ноябрь айында аталган райондук соттун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазганы белгилүү болуп, оппозициялык саясатчыларга карата актоо чечимин чырган фемида өкүлүнүн кадамы ар кандай талкууларга жем таштады.
Көп өтпөй президент судья Сыдыковду кызматтан алуу чечимин артка кайтарды. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына: "Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок", - деп жазды.
Алагөзовдун жазганына караганда, судья Сыдыков кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу тууралуу Соттор кеңешине арыз жазган. Президент соттор кеңешинин чечимин канаттандырган эмес. Судья эмнеге кызматтан кетүүгө арыз жазганынын себеби айтылган жок.
Айыпталгандардын бири, жарандык активист Рита Карасартова 2025-жылы сот ишине чекит коюлат деп ойлойт.
“Акталганыбыз аябай жакшы окуя болду. Чекит коюлбай жатканы саясий абалга байланыштуу. Баарыбызды илинчекте кармап, сүйлөп жүргөн топ адамды бир кылмыш иши менен камап коюшту. Бул иш сөзсүз акталуу менен аякташы керек. Себеби, таптакыр далилдер жок. Сөзүбүздө чакырык жок, каржылык байланыштарыбыз болгон эмес, айрымдары менен тергөө абагында тааныштык. Сот ишине чекит коюу бийликтен көз каранды. Туура эмес сүйлөсөк кесип, "мейли акталсын" десе актап коёт. Баары бийликтин маанайынан көз каранды болуп калды”, - деди Карасартова.
Ал ортодо саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаров менен, андан кийин көпчүлүк “кемпир-абадчылар” 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолукканы белгилүү болду. Алардын бири активист Илгиз Шаменов Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен жетишилген келишимди түшүндүрүп, картадан көрсөтүп бергенин билдирди.
Президент Жапаров жана Ташиев жолугушуу тууралуу комментарий берген жок.
Сот иштери демекчи, мурдагы бийликтен мураска калган Кой-Таш окуясы боюнча иш дагы эле аяктай элек. Айыпталган ондон ашык кишилердин ичинен иши өзүнчө бөлүнгөн активист Алга Кылычев он жылга соттолду. Бул ишке байланыштуу 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулуп, дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Беш жылдан бери созулуп келаткан сот ишине быйыл УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев келип көрсөтмө берди.
Султанбеков ачкачылык кармады. Бийликти басып алууга айыпталгандар
17-ноябрда өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Бул саясий жарыш Социал-демократтардын шайлоодон четтетилип, лидери Темирлан Султанбеков жана партиянын тарапташтары, мурдагы депутат Ирина Карамушкина, Роза Түрксевердин камакка алынышы менен коштолду. Султанбеков 15-ноябрда камалгандан бери ачкачылыгын токтото элек. Жакындары анын ден соолугуна тынчызданып, бийликке бир нече жолу кайрылды.
19-декабрда Европа парламенти "Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, айрыкча Темирлан Султанбековдун иши боюнча" деген резолюция кабыл алган. Европалык депутаттар өлкөдөгү камоолорго кабатырлыгын билдиришкен.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясына байланыштуу билдирүү таратып, мындай чечимди Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган. Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда да Европарламенттин резолюциясы тууралуу комментарий берип, муну “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн.
Султанбеков 23-декабрда Фейсбук баракчасы аркылуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат менен кайрылып, Европарламент мындай чечимди оңой эле кабыл албаганын, андагы маселе терең талданганын белгилеген. Ал эми “Социнтерн” эл аралык бирикмеси саясий туткун деп жарыялаганын билдирди. Мындай резолюция бирикменин Марокконун борбору Рабат шаарында өткөн жыйынында кабыл алынганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Султанбеков жана партиянын тарапташтары “добуштарын сатып алуу” беренеси менен айыпталып жатышат.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев мындай кийинки шайлоолорго бийлик партия алып чыкпайт деп билдирүү тараткан. Шайлоого катышкан, жеңип чыккан партияларды анализдеген журналист, талдоочулар азыркы жана мурунку аткаминердин балдары, жакындары, жек-жааты болгон, бийликке ыктаган талапкерлер утуп келгенин айтып чыгышты.
2024-жыл ичинде күч органдары мурда-кийин аты белгисиз адамдардын тобу "бийликти басып алууга” шек саналып кармалганын билдирди.
5-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) массалык башаламандыктарды уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн топ адамдардын аракеттерине бөгөт коюлганын кабарлады. Аларды белгилүү бир деструктивдүү саясий күчтөрдүн таасири астында аракеттенип келишкен деп айтып, тизилген курал-жарак, күч түзүм кызматкерлеринин кийимдерин, ок өтпөс зооттордун сүрөттөрүн жарыялады. Мында беш киши кармалган, бирок тергөөнүн чоо-жайы айтылбай келет.
Ички иштер министрлиги болсо ноябрь айында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу жана дагы алты адамды бир нече оор беренелер менен айыпталып кармалганын жарыялады. Мекеме алар “өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды бузуп, кийин бийликти күч менен басып алууга камданганын” билдирди. Бул боюнча дагы иштин чоо-жайы айтылган жок.
“Бийликти басып алуу” беренеси демекчи, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысы Рафик Мамбеталиев ушул берене менен айыпталып үй камагына бошотулса, мурдагы депутат Канатбек Исаев “Уюшкан топторду каржылоо” беренеси менен камалып, тил кат менен бошоду. Ага чейин атайын кызмат 12-сентябрда Азимбек Бекназаровду “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармап, ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.
2023-2022-жылдарга салыштырып карасак, 2024-жылы өлкөдө оппозициялык күч же бийликке сын айткан саясатчылар кыйла азайды. Оппозиция чогулган жыйындар эмес, социалдык тармактарда бийликти сындаган айрым жарандык активисттер кармалып, пробация менен чыгып, кээ бирлери абакка кесилди.
“Мен “өлкөдө оппозиция болуш керек” деп дайыма айтып келем. Эң башкысы, оппозиция адекваттуу, конструктивдүү болушу керек. Бийликте жүрүп кызматтан түшкөң, мандат жетпей калып таарынычтан түзүлгөн топ оппозиция болбошу керек. Оппозициянын негизи милдети эптеп бийликти кулатып, анан бийликке келүү эмес. Конструктивдүү оппозиция мамлекетте жүрүп жаткан саясий жагдайлар, орчундуу маселерде өзүнүн позициясын элге жеткирип турат. Башкача айтканда, бийликтин кадамы туура эмес болсо, элге чыгып айтып, сунушун бериши керек. Тилекке каршы, бийлик оппозицияны өзүнө коркунуч катары кабыл алып, коомдогу дагы, парламенттеги дагы оппозицияны түп тамыры менен жок кылууну көздөп жатышат”, - деди жарандык активист Мавлян Аскарбеков.
Ташовдун өзүнө кол салышы, Арстанбек Алайдын өлүмү
“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камалган ишкер Имамидин Ташов өзүнө бир нече жолу кол салды. Ал 6-декабрда да Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Ташов мындай кадамын мыйзамсыз камалып отурганына каршы протест экенин түшүндүрүп келет. Ал быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын айтып чыккан. Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын төгүндөгөн. УКМК Ташовду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптаган.
УКМК анын адвокаты Самат Матцаковду “алдамчылыкка” айыптап, 29-ноябрда камакка алды. 2021-жылы президенттике ат салышкан ишкер Ташов кармалганга чейин бир нече жолу бийликти кескин сындаган билдирүү тараткан.
Президент Садыр Жапаровдун шайлоодогу атаандаштарынын дагы бири, ишкер Арстанбек Алайдын абактагы табышмактуу өлүмү түрмөдө каза болгондорду кайрадан эске салды.
Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. “Диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалган Абдылдаев №31 мекеменин ашканасынан асылган абалда табылган.
Июлда анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан абак кызматкери тергөө учурунда көз жумганы белгилүү болду.
Арстан Алайдын өлүмү боюнча аталган колониянын беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлган. Иш Аламүдүн райондук сотунда каралууда. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып келишет.
Бул окуядан кийин Кыйноолорго каршы улуттук борбор буга чейин абактарда адам өлүмү көбөйүп жатканына кабатырлыгын билдирген. Мекеменин маалыматында, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде суицидден он адам, анын ичинен бир жашы жете элек өспүрүм набыт болгон.
Митингдерге чектөө алына элек
Бишкектин негизги аянттары менен көчөлөрүндө митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынганына дээрлик үч жылга жакындады. 2022-жылы март айында салынган чектөө андан бери узартылып эле келе жатат. Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров үч жылда бир да митинг болбогонун айтып, өлкөдө туруктуулук орноду деп баалады. Ал бул тууралуу 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөп жаттып айтты.
“Байкадыңыздарбы, акыркы үч жылда өлкөбүздө бир да митинг болгон жок. Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. Мурда биз инвесторлорду келгиле деп чакырчу элек. Алар келсекпи же жокпу деп тандап турчу. Азыр биз инвесторлорду тандап атабыз”, - деди президент.
Оштогу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева саясий талап эмес, жарандардын турмуштук нааразычылыктары үчүн тынч акциялардын өтпөй калганын жаман тенденция деп баалады.
“Митингдер болбой калгандыктан бийлик элдин үнүн укпай калат. Анан нааразычылык топтолуп, чоң чырга айланып кетиши мүмкүн. Аймактардагы адилетсиз иштерди президент угуп турушу керек деп ойлойм. Президентин айланасындагылар баарын жакшы деп жүрө беришет. Президент элге барып жолукканда баягыдай “дүжүрлөрдү” топтошот. Биринчи Курултай жакшы болгон, эл жер-жерлердеги көйгөйлөрдү айтышкан. Азыр жергиликтүү бийлик буларды мактагандарды гана тандап берип жатат”, - деди укук коргоочу.
Бакиевдин “заводу”, Акаевдин макамы
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Апрель ыңкылабынын 14 жылдыгына карата жалпылаган кайрылуусун айтпаганда, 2023-жылы 15-февралында дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен боюнча эч кандай билдирүү да кылбады, саясатка дагы аралашкан жок.
Атамбаевге чейин бийликте туруп, 2010-жылы тактыдан кулатылган качкындагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин “Апрелчилерге” деген тигүү фабрикасы курулуп жатканы июнь айында белгилүү болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар эки жылдан бери жардам сурап келишкенин, жакында аларга 200 орундук тигүү фабрикасын куруу үчүн 1 гектар жер бөлүп бергенин "Кабар" агенттигине 22-июнда курган маегинде билдирген. Бул окуя “апрелчилерди” эки жаатка бөлүп араздаштырды. Азыр ал фабриканын тагдыры беймаалым.
Ал ортодо Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн өндүрүшкө алганы белгилүү болду. Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга, анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүүгө өтүнүч берген. Жалпак тил менен айтканда, авдвокат мурдагы президентти сыртынан соттоо үчүн колдонулган беренелерди “Баш мыйзамга каршы келет” деп таанууну суранып жатат. Эгер сот жактоочунун арызын канааттандырса, анда мурдагы мамлекет башчынын соттук ишин кайра кароого жол ачылышы мүмкүн.
Курманбек Бакиев сыртынан соттолгонун жокко чыгара албай жатса, дагы бир мурдагы президент Аскар Акаев экс-президент макамын кайтара албай убара.
Сентябрь айында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберди. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты.
Президент Садыр Жапаров Акаев боюнча комментарий берип, экс-президент макамын берүү же алуу Жогорку Кеңештин ыйгарымындагы иш экенин билдирген. Ошондой эле мамлекет башчы Бакиев жана Атамбаевдин иштерин жана жагдайларын Акаевдикине салыштырып, алардыкы окшош эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, Бакиев менен Атамбаевдин башкаруусунда адамдардын өлүмү менен коштолгон окуялар болгондуктан, аларга экс-президент макамын берүү туура эмес болуп калышы мүмкүн.
Экс-президент макамы бар мурдагы мамлекет башчыларынын бири Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу маселеси дагы көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунуштаган. Бул сунуш азырынча депутаттын демилгеси бойдон эле турат. Ошентип, мурдагы президенттерди аты саясий айдыңда улам-улам аталып калып жатат.
Жапаров күтүүсүз кетти, салык чыры күчөдү
Жогорку Кеңеште өкмөттүн бир жылдык отчетун берип жатып Акылбек Жапаров кызматтан кете турган ниети жок экенин айткандан бир ай өтпөй Министрлер кабинетинин төрагалыгынан алынды. Маал-маалы менен иштен кетери айтылып жүрсө да, Жапаровдун кызматын тапшырышы күтүүсүз болду.
Алгач 16-декабрда анын кызматтан кеткени жөнүндө расмий маалыматта "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негиз айтылды. Бир күндөн кийин Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жапаровдун кызматтан кетиши салыкчылардын ишине байланыштуу экенин кыйыткан.
Ташиев “Азаттыктын” “Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык иштер менен байланышы барбы?” деген суроосуна “бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да” деп жооп берген.
Ташиев Мамлекеттик салык кызматындагы мыйзамсыз иштерден бюджетке 30 млрд сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын, бул боюнча салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын айткан. Ага чейин эле Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин талап кылган айрым депутаттар салык тармагындагы корупцияга аны айыпташкан.
Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин ачыктады.
“Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”, - деди Жапаров.
Ал эми Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы салык саясаты соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (орусчасы ЭТТН), көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭЭФ, орусчасы ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирген.
Салык системасындагы окуя андан ары өнүгүп, Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде ЭТТК маселеси боюнча кайым айтыша кеттишти.
Шыкмаматовдун буга чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрлөрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деген пикирине, Амангелдиев бул анын жеке пикири экенин, ал дагы талкууланышы керектигин айтты.
Шыкмаматов жооп кайтарып, өкмөтүн буга чейинкти ЭТТКны системасын киргизүүсүн кескин сынга алды. Ал буга жоопкер адамдарды дагы табарын билдирди.
“Мен унчукпай эле отурайын десем, өздөрү тилден тартышат. Сөздүн төркүнү “бул түшүнбөй эле айта берет” деген болуп жатат. Андай эмес, мен жакында дал ушул ЭТТКга анализ жок, туура эмес киргизилгени үчүн жоопкерчиликке тартыла турган адамдардын маселесин көтөрөм", - деди ал.
Өкмөт жетекчилерин парламентте ачык кайым айтышы коомчулук эмес, депутаттардын дагы таң калтырды окшойт. Салык системасы боюнча өкмөт жетекчилиги менен салык башчысынын эки ача пикири боюнча талкууларды улай эле президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы Садыр Жапаров мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовго салыктын жол-жобосун жеңилдетүү тапшырмасын бергенин маалымдады.
Президент “ЭТТК боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү” тапшырган. Демек, Шыкмаматов президенттин позициясын айтып чыккан десек болот.
Буга чейин Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри болуп туруп Акылбек Жапаров менен бирге салыктык фискалдык реформаларда ЭТТК, ККМ системаларын киргизүүнү сүрөп келгендердин бири. Шыкмаматовдун парламентте Амангелдиевге сөз кайрыганы Акылбек Жапаровдун салык саясатын сындап келе жаткандардын чырагына май тамызды.
Талдоочу, журналист Адил Турдукулов мындай пикирин ортого салды:
“Ар бир президенттин тушунда өлкөдөгү топтолгон көйгөйлөрдү премьер-министрге оодаруу аракети болуп келген. Азыр деле ошондой болду деген ойдомун. Президентке сын айтылбашы үчүн ошондой саясат уланат болушу керек. Акылбек Жапаровго гана эмес, ал топтогон команда, айрыкча экономикалык блок сын угат. Алардын биринчилери Амангелдиев болуп калды”, - деди Турдукулов.
Өкмөт 2022-жылдан баштап өлкөдө салык багытында кескин реформа болорун жарыялап, бизнестин бардык түрүнө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура, көзөмөл-кассалык машина системаларын киргизе баштаган. Айрым бизнесмендер бул система татаал экенин, айрыкча базардагыларга кошумча түйшүк, чыгым жаратарын айтып ар кандай акция митингдер өткөн.
Акыркы окуялардан кийин бул системаларда кандай жеңилдиктер караларын азырынча божомолдоо кыйын. Себеби, бийлик салык багытындагы азыркы киргизилип жаткан системалар бизнесте ачыктыкты камсыз кылып, казынаны толтурууга дагы шарт түзөрүн айтып келет.
Ошентип, 2024-жылдагы кыргыз саясатындагы орчундуу делген окуяларды тизмектеп, оппозициянын абалы, камоолор, саясий жүрүштөрдү айтып бердик.
2025-жыл шайлоолорго даярдыктын жылы
Январда Бишкектеги борбордук аянтка мамлекеттик жаңы туу илинип, 2024-жыл бир топ талаш тартыш менен башталган. Жыл аяктап баратканда мамлекеттик гимнди дагы өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлүп, атайын комиссия дагы түзүлдү. 2026-жылы парламенттик, 2027-жылы президенттик шайлоо болоорун эске алганда, саясий жарыштардын алдындагы 2025-жыл гимндин алмашуусу эле эмес, бир топ саясий өзгөрүүлөр да күтүлгөндөй.
Жогорудагы окуяларда айтылгандай, 2024-жылы саясий талаа тазаланып, бийлик позициясын бекемдеди.
"Эл аралык республикалык институттун" (IRI) март айында жарыялаган изилдөөсүндө “Сиз саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин кайсыларына көбүрөөк ишенесиз?” деген суроодо эң көп добуш алган үчтүккө президент Садыр Жапаров (37%), УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев (22%) жана Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков (12%) кирген.
2023-жылдын май айындагы сурамжылоого караганда, Садыр Жапаров 2%, Камчыбек Ташиев 8% өсүштө болсо, Нуржигит Кадырбековдун көрсөткүчү 1% азайган.
Бийлик жетекчилери калк арасында кадыры калың экенин, экономикалык өсүшү бар экенин айтып, айрым эл аралык уюмдардын изилдөөсүн мисал келтиришет.
“Дүйнөлүк банк жүргүзгөн калктын социалдык-экономикалык мониторингинин жыйынтыктары коррупция менен күрөшүүгө ишенген жарандарыбыздын колдоосу күн санап көбөйүп жаткандыгын тастыктады. 2021-жылы шаар тургундарынын арасында колдогондордун саны 60 пайызды түзсө, 2024-жылы 83 пайызды, ал эми айылдыктар арасында 83 пайыздан 89 пайызга чейин өскөнүн көрсөткөн. Бул Дүйнөлүк банктын жүргүзгөн сурамжылоосу жана анализи. Демек, биз коррупция менен күрөшүүдө туура багытта баратабыз. Өлкөнүн өнүгүү багытында бара жатканын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөр да тастыктоодо.
Мисалга алсак, Тынчтыктын глобалдык индексине ылайык, 2023-жылы Кыргызстан 101-орунда эле, ал эми 2024-жылы 77-орунга көтөрүлдү. Бул жерде көрүнүп тургандай, бир эле жылдын ичинде биз өзүбүздүн абалыбызды 24 позицияга ишенимдүү жакшыртканбыз. Башкача айтканда, өлкөбүздүн коопсуздугу 24 позицияга артып, улуттук коопсуздугубуздун бекемделгенин күбөлөндүрүп турат”, - деди Садыр Жапаров 20-декабрда өткөн үчүнчү Элдик Курултайда.
2024-жылдын аягында 2027-жылдагы президенттик шайлоо жөнүндө кеп козголуп президенттин саясий өнөктөшү - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет башчы Садыр Жапаров саясий жарышка катышарын айтты. Ал шайлоодо азыркы президентти колдоорун айтып, Ташиев дагы саясий жарышка катышат деген сөздөргө чекит койду окшойт.
“Кийинки Конституция боюнча юридикалык жактан Садыр Нургожоевичтин эки жолу президенттикке койгонго укугу бар. Демек, 2027-жылы бир жолу беш жылдыкка, андан кийин дагы беш жылдыкка койгонго укугу бар. Ошол учурда биз президентибизди колдойбуз. Мен эч кандай президенттик шайлоого талапкерлигимди койбойм”, - деди ал.
2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.
Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.