Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду “бейбаштык” жана “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салганы белгилүү болду.
Мурдагы бажычы эмне бейбаштык кылган?
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 6-декабрда сот өкүмү чыгарылганы 9-декабрда белгилүү болду. Биринчи май райондук соту кыскача гана маалымат таратып, Матраимов Кылмыш жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айып пул салынганын билдирди. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, абакка кесилген эмес. Азырынча ага коюлган айыптар боюнча толук маалымат жок.
Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен да кылмыш иши козголгону айтылган. Бул иштер эмне болгону тууралуу маалымат жок.
Бир нече жылдан бери чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып келген, мурда да коррупция менен соттолгон Матраимовдун жеңил берене менен айып пул төлөп, жазадан кутулганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты.
Саясат талдоочу Руслан Акматбек коомчулукта Матраимов боюнча суроолор жоопсуз калды дейт:
“Бийлик коррупция менен күрөшүп, заманды өзгөртөбүз деп жакшы айтып жатат. Ошол эле убакта коомчулукка так багыттарды бериши керек. Азыр коомчулук түшүнбөй калды. "Камап, кайра эмнеге чыгарды?" деп жатат. Учурунда бул кишини (ред.: Матраимов) эң мокочо кылып көрсөтүшкөн. Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар, бийликке кол салуу уюштурган, мафия түзгөн деп айтылат. Толгон-токой кылмыштарды мойнуна илбеди беле. Коомчулукта суроо абдан көп”, - деди ал.
"Матраимовду абакта кармоонун пайдасы жок"
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда парламентте сүйлөп жатып, Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөп берип, абактан чыканын айткан. Ал Матраимовдун бошотулушун мындайча түшүндүргөн:
"Райымбек Матраимовго үч берене менен кылмыш иши козголгон: "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Ээнбаштык" жана "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо". Биз аны кармап келгенден кийин, ишин 8 ай тергедик. 2 күн мурун ал абактан чыкты. Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөп чыкты, бул 2 млн же 20 млн доллар эмес. Араңарда бизнес кылган депутаттар бул канча көп акча экенин жакшы билишет. Бул - 17 млрд сом. Матраимов буга чейин 2,5 млрд сомду бюджетке төккөн. Ошондо жалпы 19,5 млрд сом төлөдү. Албетте, баары накталай эмес, мүлк менен да алынды. Мүлктүн баарын арзан баада баалап, алдык. Жакында соту болот, анда биз койгон беренелер боюнча жазасын тартат же айып пулун төлөйт. Акчасын төлөгөн соң аны камакта кармап отуруштун эч кандай пайдасы жок болчу, мамлекетке да, өзүнө да", - деди Ташиев.
2023-жылы ноябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Матраимовду “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. 2024-жылдын башында Матраимовго издөө жарыяланып, 26-мартта үч бир тууганы менен кошо Азербайжандан Бишкекке жеткирилген. Матраимовдордун кармалып келиши атайын видеого тартылып, мамлекеттик медиалар бул окуяны өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн жемиши катары чагылдырышкан.
Анын алдында УКМК бийлик башындагыларына кол салуу үчүн келген Азербайжандын уюшкан кылмыштуу тобунун беш мүчөсү кармалганын жарыялап, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган болчу.
Матраимов 200 млн долларды эмнеге төктү?
Бул окуялардын фонунда Матраимов-Көлбаевге байланыштуу далай ишкер, мамлекеттик кызматкерлер камалып, иштен бошотулуп, ал эмес парламентте бир нече депутат мандатын тапшырды. Ошентип, март айынын аягынан бери тергөө абагында жаткан Матраимов 11-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан чыкты.
Жарандык активист Перизат Саитбурхан бул чечим бийликтин паракорчулукка каршы күрөшүүсүнө көлөкө түшүрөрүн белгиледи:
“Бул көрүнүш тергөө ачык айкын эмес, мыйзам алкагында болбогонунан кабар берет. Ушунча жылдан кийин акыр аягы “бейбаштык” менен соттолгону туура эмес. Бул абсурд. Тергөөдө 200 млн долларды ушундай иштери үчүн мамлекетке чыгым катары алдык деп аныктап айтышы керек болчу. “Бейбаштык” үчүн 200 млн доллар алуу мамлекетке, чечим чыгарган сотторго, ошол жердеги юристтерге жана мамлекет башындагы эки кишиге дагы уят”, - деди жарандык активист.
2021-жылы атайын кызмат Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Матраимовдун миллиондорду казынага төгүшү бийликтин коррупция менен күрөшүүсүнүн белгиси деп эсептейт:
"Матраимовдун атын атай албай жүргөн учурлар болгон. Азыр ошол киши жоопкерчиликке тартылып, биринчи жолу айып пул төгүп чыгып, кийин Азербайжандан кармалып келди. Коррупция менен күрөштө 30 жылда 1 млрд сом болсо, үч жылдын ичинде 120 млрд сом акча чогулду".
Матраимовдун "мафиясы" талкаландыбы?
2017-жылдардан баштап “Азаттык” радиосу, андан кийин "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү "Kloop" медиасы коомчулукта резонанс жараткан иликтөөлөрдү жарыялап турган. Анда Матраимов жана Хабибулла Абдукадыр аттуу түбү кытайлык үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири сумманы адалдаштырып, миллиондогон долларларды мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы айтылат. Ошол учурда жаштар нааразычылык акцияларын уюштуруп, Матраимовду жазага тартууну талап кылышкан.
Kloop Media басылмасынын продюсери Айдай Иргебаева мындай деди:
“Суроо жаралып жатат. Мамлекетке акча төгүп чыгып кеткендей коррупция беренеси болбосо, анда эмнеге андан (ред.: Матраимовдон) 200 млн доллар алышты? Кандай болгон күндө дагы азыр Матраимов эркиндикке чыкты. Мурда ал кыргыз саясатынын “көмүскө башкаруучусу” болчу. Бардыгына таасири тийип турган. Анын бизнес өнөктөшү - Хабибулла Абдукадыр Борбор Азиянын лидерлери менен байланышта. Кийин кудасы болуп калды. Учурда Хабибулла Абдукадыр - бийликтин инвестору”, - деди.
Матраимовго сот өкүмү чыкканы белгилүү болгон 9-декабрь - Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө туура келди. Бул күнгө байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирүү таратышты. Анда Жапаров “коррупциялык тобокелдиктер” жоюлуп жатканын айтса, Ташиев паракорчулукка каршы аёосуз күрөш уланарын билдирди.
“Ажыдаардын куйруктарын кесип бүттүк, эми башын алабыз! Кудай буюрса, биз коррупциянын түбүнө жетебиз! Тамырын кыркабыз! Мен муну ишенимдүү айта алам! Анткени бул биздин келечек урпактардын алдындагы да милдетибиз! Башкы багытыбыз дагы ушул”, - деп жазды Ташиев.
Ушу тапта коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат.
Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.
Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.
Кыргызстанда буга чейин да жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылган айрымдар айып пул төлөп эркиндикке чыккан.