Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:21

Экономика

жума 3 Январь 2025

Календарь
2025-ж., Январь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 31 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Кыргызстанда жеке менчик объектилерди мамлекетке өткөрүү массалык жараянга айланды. Акыркы төрт жылда 1174 ар кандай мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү расмий кабарланды.

УКМК бул коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн натыйжасы десе, бизнес коомчулугу таза ишкерлер да зыян тартып, жеке менчик укугу сакталбай жатканына коңгуроо кагууда.

“Эч ким түрмөгө отургусу келбейт”

Эл аралык ишкерлер кеңеши жыл соңунда ачык билдирүү жарыялап, улутташтыруу саясатынын мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурду. Уюм жазгандай, укуктук өлкөлөрдө кандай гана объект болбосун, мамлекет аны соттун чечими менен гана өзүнө өткөрө алат. Макул болбогон ишкер чечимдин үстүнөн даттанып, айрым учурларда кенемте алууга да укуктуу.

“Кыргызстанда жеке менчикти коргоого жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга байланыштуу маселе сакталууда. Укук коргоо органдары билдиргендей, мамлекетке кылмыш жолу менен сатып алынган же мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер кайтарылды. Бирок улутташтыруудан ак ниет сатып алуучулар, анын ичинде бизнес өкүлдөрү да зыян тартып калышы ыктымал”, - деп билдирүүдө айтылат.

Уюм жазгандай, жеке менчик объектилерди сотсуз улутташтыруу, ишкерлерди негизсиз текшерүү бизнестин ишенбөөчүлүгүн жаратат. Бул инвестициялык климатка өз таасирин тийгизет:

“Айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстан тобокелчилик дэңгээли жогору болгон рынок бойдон калууда. Өлкөгө белгисиздик шартында иштөөгө даяр болгон инвесторлор келет. Коммерциялык талаштарда кылмыш иштеринин колдонулушу, жеке менчик укугунун жетишсиз корголушу жана бюрократиялык процедуралардын татаалдыгы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизип жатат”.

Ишкер, мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, жалпы бизнес коомчулугу жеке менчик укугунун сакталбай жатканына кабатыр. Ал сырткы эле эмес, ички инвесторлордо да коркуу сезими пайда болгонун айтат:

Ишкер Тилек Токтогазиев.
Ишкер Тилек Токтогазиев.

“Эч кандай соттун чечими жок эле ишкерлерди отургузуп, мүлкүн мамлекетке өткөрүүгө мажбурлаганы кадимки көрүнүшкө айланып калды. Эч ким түрмөдө отургусу келбейт да. Ишкерлер сотторго ишенбейт. Адилеттүүлүк табаарына көзү жетпейт. Таразанын бир жагына өмүрүн, эркиндигин, экинчи жагына мүлкүн койсо, эркиндигин тандайт”.

Токтогазиевдин пикиринде, жарандардын күнөөсү сотто далилденип, алардын мүлктөрү соттун чечими менен гана мамлекетке өтүшү керек эле.

“Дүйнөлүк практикада күнөөсүздүк презумпциясы деген бар. Күнөөң далилденмейинче күнөөң жок. Бизде болсо СИЗОго отургузуп, шашпай чоюп жүрө бергендей болуп жатат. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Ишкерлерди түрмөгө отургузуп коюп, тергөө менен келишим болгону юридикалык жактан өз ыктыяры менен өткөрүп бергендей болуп калат. Бирок иш жүзүндө бул кандайдыр бир деңгээлде рейдерликке окшошот”, - дейт ишкер.

“Жакшынакай иштеп жаткан бизнестерди талкалап, тартып алып жатышат”

Жеке менчик мүлктөрдү мамлекетке өткөрүү жараяны талаш-тартыш менен коштолууда. Өзгөчө киреше алып келген бизнес объектилердин ээлери нааразылыгын айтып жатышат.

Ысык-Көлдө лаванда өстүргөн ишкер Айсулуу Дүйшөбаева анын үч гектар жерин мамлекет "Асман" шаарын куруу үчүн алып жатканын айткан. Жергиликтүү бийлик ал жерди базар баасында сатып алууга даяр экенин билдирген, бирок Дүйшөбаева мамлекет сунуш кылган кенемте лаванда өстүрүүгө кеткен чыгымдын 2% да жаппай турганын жазган.

“Азаттык” 2022-жылы Айсулуу Дүйшөбаеванын лаванда талаасын тартып келген.
“Азаттык” 2022-жылы Айсулуу Дүйшөбаеванын лаванда талаасын тартып келген.

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өткөн. Атайын кызмат мүлктүн наркын 3,8 млрд сомго баалаган. Байболовдор мындай саясатты "мүлктү тартып алуу" катары сыпаттап, эл аралык сотторго чейин кайрыла турганын билдиришкен эле.

Экс-депутаттын жубайы Нуржамал Байболова коомчулукка кайрылып, “зордук, баскынчылык саясатынын дагы бир эпизодуна күбө болуп турабыз” деп жазган:

“Түбөлүк эч ким доорон сүргөн эмес, булар да кетет. Алиги мүлкүн, акча каражаттарын “өз ыктыяры менен” мамлекетке өткөрүп берип жаткандарга тил бүтөт. Кайсы мүлк, жер, акча каражат кай жакка кетип жаткандыгы ачыкка чыгат. Тарых баарын өз ордуна коёрун бөркүмдөй көрөм [...] Минтип, мамлекетке өттү демиш болуп, ачуу таттуусун аралаштырып, жакшынакай иштеп жаткан канчалаган ата мекендик бизнестерди талкалап, тартып алып жатышат”.

“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.
“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.

Жаңы Ак үйгө жанаша жайгашкан “Фламинго” паркынын ээлери да нааразылыгын айтып чыгышкан. Билдирүүдө айтылгандай, президенттин администрациясы соттун чечими жок эле жеке менчик паркты буздуруп салган.

“Бул долбоордун айланасындагы окуя Кыргызстанга келе турган болочок инвесторлор үчүн багыт болуп калат”, - деп жазган парктын ээлери.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев парктын ордуна чет өлкөлүк конокторду кабыл алып, жыйындарды өткөрө турган имарат салынарын айткан.

“Арам мүлктөрдү жөн коюшубуз керек беле?”

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, акыркы төрт жылда мамлекетке 1174 объект өткөрүлгөнүн кабарлаган. Алардын ичинде жер тилкелери, соода аянтчалары, пансионаттар, стадиондор, лагерлер, мектептер, бала бакчалар, заводдор жана башка мүлктөр бар.

Мамлекетке өткөн объектилердин жалпы баасы 130 млрд 510 млн сом деп бааланган. Бүгүнкү күндө анын 44ү сатылып, мамлекетке 8 млрд 963 млн сом түшкөн.

Ташиевдин айтымында, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка же мыйзамсыз менчиктештирүүгө тиешеси бар жарандардын гана мүлктөрү мамлекетке өтүүдө. Ал кылмыш иштери боюнча кармалгандар мүлкү менен төлөп жатканын ырастады.

Камчыбек Ташиев. 17-декабрь, 2024-жыл.
Камчыбек Ташиев. 17-декабрь, 2024-жыл.

“Силер айтып жатпайсыңарбы, отуруп эле чыгып кетип атат деп. Жок, отуруп, жөн чыкпайт. Кимдир бирөө кармалган болсо, сөзсүз түрдө өзүнүн жазасын алып, анан чыгат. Жөндөн жөн эле отургузуп, анан чыгарып жибере тургандай бул оюнчук эмес”, - деди УКМК башчысы.

Ташиев айрым саясатчы-бизнесмендер объектилерди убагында мыйзамсыз алып алганын айтты. Мисалы, Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин мурунку депутат Чыныбай Турсунбеков “Капитал Банкка” ээ болуп алган деди:

“Капитал банкты билесиңер, мурдагы Максимдин [Бакиев] банкы болчу. Аны [Алмазбек] Атамбаевдин маалында туура эмес менчиктештирип алышкан. Сатып алдык кылышкан, бирок менчиктештирүү түрүндө эле алып коюшкан. Ошону кайра мамлекетке кайтардык. Бакиевдер кеткенден кийин бул банк мамлекетке өтүшү керек эле. Бирок булар өздөрүнө өткөрүп алган, кыскасын айтканда. Ошону мамлекетке кайтардык”.

Резонанстуу иштер катары Ташиев дагы бир нече саясатчынын мамлекетке өткөрүлгөн объектилерин атаган. Анын ичинде, экс-депутат Кубанычбек Жумалиевдин Таш-Көмүр шаарындагы 955 млн сомго бааланган цемент заводу, экс-депутат Аскарбек Шадиевдин 552 млн сомдук Баткен базары, экс-депутат Нурлан Макеевдин Кеминдеги 4 млрд сомдук 353 гектар жерлери, экс-депутат Сайдолимжон Жураевдин 4 млрд сомдук Кызыл-Кыя машина куруу заводу мамлекетке өткөрүлгөн.

Мамлекетке алынган "Кызыл-Кыя машина куруу заводу". УКМК тараткан сүрөт. 19-сентябрь.
Мамлекетке алынган "Кызыл-Кыя машина куруу заводу". УКМК тараткан сүрөт. 19-сентябрь.

Кылмыштуу топтор менен күрөшүн алкагында жалпы 50 млрд сомдук мүлк алынган.

“Бул Камчыбек Асанбекке (Көлбаевге), Кадыр Досоновго, Эркин Мамбеталиевге, Чыңгыз Жумагуловго тиешелүү топтолгон каражат. Бул жерде мүлктөрү бар, накталай акчалары бар. Жакшы мүлктөр, алардын баары сатылып жатат. “Народный”, “Глобус”, пансионаттар бар, чоң-чоң спорт курулуштары бар. 2-3 пансионат сатылып кетти. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок жана алардын каржылык тамырларын кыркып бүттүк. Эгер бүгүн бандит бар боло турган болсо, ал тыйын-тыпыры жок, көчөдө калган бандит”, - деди УКМК башчысы.

Ал эми мурунку бажычы Райымбек Матраимов акчалай жана мүлк түрүндө 223 млн доллар же 18 млрд сом төлөгөн.

Ташиев 1-январдын кечинде Фейсбуктагы баракчасынан тараткан билдирүүсүндө алдыдагы эки жылда коррупцияга каршы күрөш күчөп, жемкорлукту толугу менен жоюуга аракет кылынарын билдирди. Ал коррупцияга каршы чараны катаалдаткан мыйзам күчүнө киргенин, мындан ары жемкорлукка айыпталып камалгандарды абактан айыппул менен бошотууга тыюу салынганын жана алардын жакындарын да мамлекеттик кызматка кабыл албоо сыяктуу катуу чаралар камтылганын маалымдады.

“Мындан ары ким күнөөсүз жаранды күнөөлөп, артынан түшүп чара көрүүгө аракет кылса, биз ага мыйзам чегинде катуу жазаларды беребиз. Урматтуу кызматкерлер, ошол адамдарга жалаа жаап, артынан түшүп, жок жерден күнөөлүү кылып алып келген жыйынтыгыңардын бизге кереги жок. Муну Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы жана укук коргоо органдарынын куратору катары айтып коёюн”, - деген Ташиев.

Президент Садыр Жапаров УКМК демилгелеген коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгону 31-декабрда маалым болду.

Мыйзамда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Мамлекетке өткөрүлүп жаткан жеке мүлктөр убагында мыйзамсыз алынган, бул “арам” мүлк дейт “Азаттыкка” берген маегинде өкмөт башчысынын орун басары Эдил Байсалов. Анын пикиринде, мамлекеттик органдар кайсы бир объектилер алынып жатканда толук маалымат бербей, эл ичинде түшүнбөстүк жаралып жатат:

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

“Мисалы, Оштогу мурунку “Интурист” (учурда "Ош-Нуру") мейманканасы боюнча жарыялап жатканда айтыш керек эле. Мунун кожоюну - мурунку депутат, анын уюшкан кылмыштуулукка толук тиешеси бар. Бул уюшкан кылмыштуулук менен алынган арам мүлктү кайтаруу процессинин бир көрүнүшү деп айтыш керек болчу. Ошондой эле көлдөгү бир канча мейманкана, эс алуучу жайлар мамлекетке кайтарылып жатат. Аны окугандар бизнесмендердин колун кайрып алып коюп жатышат деп ойлоп атышат. Жок, мунун көбү уюшкан кылмыштуулуктан. Анткени, бул арам да. Арам жолу менен ондогон, жүздөгөн бизнесмендер ошол кезде экспроприация кылышкан. Кадимкидей рэкет. Биз ошолорду жөн коюшубуз керек беле? Биз анын баарын кайра чогултуп, элдин колуна берип жатабыз. Анын баары эми элдин менчиги болот”.

Байсалов улутташтыруунун жүрүшүндө мыйзам бузуулар да көп болгонун моюндады. Анын пикиринде, бизнес климатты бузуп албаш үчүн жеке менчик кол тийбестиги сакталышы керек. Климат бузулса, бизнесмендер ири ишканаларды ачууда этияттап, коркуп калышат деп эсептейт ал.

Президент Садыр Жапаров сентябрда менчиктештирүү ишин көзөмөлдөй албай калганын мурунку президент Аскар Акаевдин биринчи кемчилиги деп атаган. Жапаров “колунда бийлиги бар ач көз мамлекеттик кызматкерлер элдин мүлкүн талап-тоноп кетишти, иштеп турган завод-фабрикаларды талкалап, станокторун чет өлкөлөргө сатышты” деп айткан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 1993-жылдан бери 7363 ар кандай багыттагы мүлк менчиктештирилген. Алардын жарымынан көбү калкты турмуш-тиричилик жактан тейлеген, соода жана коомдук тамактануу тармагындагы мүлктөр болуп эсептелет.

Курулуштагы мээнеткеч каармандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:54 0:00

Кыргызстанда соңку жылдары курулуш тармагы катуу жанданып, ондогон жаңы имараттар салынууда.Тармакта кеңседе олтуруп иштеген жумушчулардан тартып, курулушта кара жумушта миңдеген кишилер жанын багууда. "Данисте" бул жолу кооптуу, түйшүктүү жумушта иштеген мээнеткеч каармандар тууралуу айтып берет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG