Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Экономика

ишемби 7 Декабрь 2024

Календарь
2024-ж., Декабрь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
25 26 27 28 29 30 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31 1 2 3 4 5
Өзгөн айланма жолу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:13 0:00

Ар кыл талкууларга жем таштаган Өзгөн шаарын айланып өтүүчү кан жол 6-декабрда президент Садыр Жапаров баштаган жоон топ аткаминердин катышуусунда ачылды. Бул - Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү каттам. Андан өтүү үчүн жеңил унаалардан 200 сом, жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат.

Ачылыш иш-чарасы учурунда жол курулушунда аты аталып, талкууга түшкөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас журналисттерге долбоордон чыкканын билдирип, муну блогерлердин "сын-пикири" менен байланыштырды.

Буга чейин Temirov Live Ютуб каналы айланма жолду “Тез Жол” компаниясы салып жатканын, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экенин иликтеп чыккан.

Бийлик айланма жолдун ачылышы менен Өзгөн шаарындагы жол тыгыны азайып, элге ыңгайлуу болот деп белгилеп жатат.

Президент Садыр Жапаров аталган жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салынган алгачкы долбоор экенин айтып, ички жолдорду салууда мамлекеттик-жеке өнөктөшүк системасы иштей баштаганына токтолду. Мындай долбоорлорго жарандарды инвестиция салууга чакырды:

“Ушундай эле ыкма менен каалоочулар башка альтернативдүү, акы төлөп жүрчү жолдорду курууга катыша аласыздар. Бул ошол эле Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 км), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 км), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 км), Кемин районундагы Кара-Булак айылына чыгуу менен пландалган Алматы – Узун-Агач – Кара-Кастек – Суранчы баатыр – Кастек – Карасай баатыр унаа жолу (84,4 км), эгерде бул жактан салабыз десеңиздер, Ош шаарынын айланма жолу (35 км), Ноокатта (12 км) жол да бар. Мындан башка бир топ альтернативдүү жолдорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салууга даярбыз”, - деди Жапаров.

Расмий маалыматка караганда, айланма жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен ишке ашырылды. Аны “Тез Жол” жана “Жагалмай” компаниялары салды. “Тез Жол” компаниясынын өкүлү Нурланбек Кайымбаев "Азаттыкка" берген комментарийинде жол курулушуна 29 млн доллар инвестиция салынганын айтып берди:

“Бул жакта мамлекеттин үлүшү жок акча жагын алганда. Финансылык тобокелчиликтердин баары жеке жакта. Өнөктөш катары Өзгөн мамлекеттик мекемеси чыккан. Эгер айдоочулар Өзгөн шаарын аралап өтсө, анда 28 чакырым жол болот. Ошол жолдо айдоочулар тыгынга учурап, 1 сааттан 1,5 саатка чейин убактысын кетирип келишкен. Убакытты карап туруп, ошого жараша баа бекитилген”.

Өзгөн: Акы төлөнүүчү айланма жол ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

Сөз болгон "Тез Жол" компаниясына байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевдин ысымы аталган. Октябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун куруп жаткан “Тез Жол” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени белгиленген. Журналист Болот Темиров мамлекет жетекчилеринин жакындары ири долбоорлорго катышып жатканы күдүк ойлорду пайда кыларына токтолгон.

Президент Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде иликтөөдө айтылгандарга жооп берип, долбоорго Ташиевдин уулу катышып жатканын ырастаган. Бирок аны инвестор таап келген киши катары мүнөздөгөн. Мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.

Өзгөн айланма жолун Тай-Мурас Ташиевдин компаниясы куруп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Ал тапта 29 миллион долларлык инвестиция кеткени расмий айтылган айланма жол долбоорунан чыкканын Тай-Мурас Ташиев 6-декабрда каттамдын ачылышында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Тай-Мурас Ташиев
Тай-Мурас Ташиев

“20 жыл мурун курулган заводубузду сатып, кошумча насыя алып, жолго сарптадык. Бул өтө татаал жолдордун бири жана ал 15-20 жылда өзүн акташы мүмкүн. Мен азыр бул долбоордо жокмун. "Темиров лайв" деген блогер видео чыгарган экен. Аны атам көрүп, “балам, силер жакшылык кылып жатсаңар, аны көрө албай, мамлекеттен акча уурдап жатасың дегендей мааниде көрсөтүп атканына байланыштуу бул долбоордон чык” деди. Бул долбоордон мен чыгып кеттим, азыр үй-бүлөбүздүн буга эч кандай катышы жок. 100% чыгып кеттик”, - деди ал.

"Тез Жол" компаниясынын өкүлү "Азаттыкка" Тай-Мурас Ташиев менен өнөктөш болбой калганын айтты.

Тай-Мурас Ташиев долбоорго мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдун чакыруусу менен аралашканын айтууда. Каттамдын ачылыш салтанатында Сулайманов да жүрдү. Ал "Азаттыкка" бекитилген жол акысы тууралуу мындай маалымат берди:

“Биз бул боюнча көп жолу сурамжылоо жасадык. Жүк ташыган унааларды минген айдоочулардын баары айтып жатат. Өзгөн шаарынын ичинде жылып, токтоп олтуруп "10 литрден 15 литрге чейин күйүүчү май коротуп жатабыз" дешти. Учурда 1 литр күйүүчү майдын баасы 75 сом болсо, 10 литр кетиргенде эле 700 сом каражаты короп жатат. Айдоочуларга оорчулук келтире турган эмес, тескерисинче жеңил болду”, - деди ал.

Сулайманов Ташиевдин уулу ар кандай талкуулардан улам долбоордон чыкканын, үлүшүн сатып жибергенин УКМКнын төрагасынын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахмановдун Ютубдагы баракчасына жүктөлгөн сюжетте айтты. Бирок ал үлүшүн кимге жана кандай шартта сатканы айтылган жок.

Бул Кыргызстандагы акы төлөнүүчү алгачкы кан жол болуп калды. Буга байланыштуу эл ичинде да ар кандай ой-пикир айтылууда. Алардын айрымдарына микрофон сунуп, ойлорун уктук:

- Менин пикиримде жеңил унааларга 100 сом, оор унааларга 400 сомдон болсо жакшы болот эле. Негизи жол жакшы эле болду. Ош, Баткен тараптан келгендерге жакшы болот. Күнүнө 10 миң унаа өтсө, 7 жылда эле актайт го дейм”.

- 200 сом таксилер үчүн кымбат. Эми биз ал акчаны карапайым адамдарга кошобуз да. Ошондо жол кире да кымбаттап кетеби дейм. 100 сом болсо болот эле. Негизи акы алынуучу жол болорун жакында эле укпадыкпы. Элди сүйүнтүп туруп, акырында акы төлөнөт дегени кандай? - деп суроо салды Ош-Бишкек каттамында жүргүнчү ташыган таксисттердин бири.

- Менин оюмча жакшы эмес. Кымбат да 200 жана 700 сом.

- Зарыл ишиң болсо акчасын төлөп, тегиз жол менен кете бер. Акы төлөнүүчү жол болгондон кийин баасы ушундай да. Бул жолду деле салууга ошончо акча кетти да.

Быйыл 26-январда Өзгөн районунун администрациясы “Тез жол” жана “Жагалмай” деген эки компания менен Өзгөн шаарын айланып өтө турган жол салуу үчүн келишим түзүп, долбоордун наркын 29 млн. доллар деп баалаган.

Ошондо Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мекемеси Кыргызстанда алгачкы жолу акы төлөнүүчү жол боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Келишимге ылайык, райондук бийлик жол үчүн жер бөлүп берсе, калган чыгымын эки компания көтөрө турган болгон. Аны курган компаниялар менен макулдашуу 49 жылга түзүлгөн.

Мамлекеттик ипотекалык компания кура турган долбоорлор, 8-январь, 2023-жыл
Мамлекеттик ипотекалык компания кура турган долбоорлор, 8-январь, 2023-жыл

Өкмөт курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын киргизгени жатат. Бул жеке турак жай рыногунда 25% чейин кымбаттоого түрткү болушу мүмкүн. Бирок президент Садыр Жапаров бул демилгеге каршы чыкты.

Экономика жана коммерция министрлиги “турак жай рыногунда баа ансыз деле улам жогорулап баратат, компаниялар өтө көп пайда көрүүдө, андыктан кошумча нарк салыгын (КНС) салганыбыз адилеттүү болот” деп эсептейт.

Ушундай көз караш менен Салык кодексине жана “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке киргизген. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун 5-декабрда биринчи окууда карады.

“Бүгүнкү күндө турак жайдын бир чарчы метринин өздүк наркы 500-700 доллар. Бирок рынокто 1200-1500 доллар болуп жатат. Ошон үчүн биз “эгерде бирге бир кошуп жатсаңар, анда КНС төлөп койгула” деп айтып жатабыз”, - деген маалымат берди анда Салык кызматынын жетекчилиги.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен анын орун басары Искендер Асылкулов азыркы учурда карапайым адам турак жай ала албай турганын, андыктан аларга жөнсүз эле жан тарта бербеш керектигин айтышат.

Мыйзам долбоорунда кошумча нарк салыгы бүткүл курулуш тармагына кирери, жаңы бүтүп, сатыкка эми коюла баштаган үйлөргө салынары жазылган. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү андай салыктан бошотулат.

"Турак жай менен камсыздай албай жатсак, татаалдатып жатканы эмнеси?"

Кыргызстанда кошумча нарк салыгы товардын же кызматтын баасынан 12% өлчөмүндө төлөнөт.

Ал сатылуучу ар бир товарга же кызматка кыйыр салык катары чегерилип, баанын же тарифтин үстүнө кошулат да, сатып алуучунун чөнтөгүнөн төлөнөт. Бирок жер тилкесинен кошумча нарк салыгы алынбайт. Анткени Кыргызстандын мыйзамдарында жер эмгек менен жасалган продукт эмес, табигый ресурс катары бааланат.

Эгерде курулуш компанияларына кошумча нарк салыгы киргизилсе, анда алар үй куруу үчүн сатып алган жер тилкесине да иш жүзүндө салык төлөгөн болуп эсептелет.

Буга чейин курулуш компаниялары кошумча нарк салыгынан бошотулуп келген.

Өкмөттүн курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын киргизүү демилгеси коомдо бир кыйла талкуу жаратып, өлкө жетекчилиги аны токтотуп калууну чечти.

Парламенттин 5-декабрдагы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев курулуш тармагына салынганы жаткан кошумча нарк салыгы боюнча президент каршы позицияда экенин билдирди. Ал мыйзам демилгечилери президентти адаштырып жатышканын айтты.

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

"Курулуш тармагына киргизилип жаткан 12% кошумча нарк салыгы боюнча президент Садыр Жапаров менен сүйлөштүм. Садыр Нургожоевичтин позициясы, ал ушул өзгөртүүдөн курулушка салынып жаткан 12% кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча так сөзүн айтты. Демилгечилер, сиздер ушул маселе боюнча президентке туура маалымат жеткирбепсиздер. Ушуну президент угуп алып аябай тынчсызданды. "Бул нерсе болбошу керек болчу, биз ипотеканы жыргаганыбыздан кылып жаткан жерибиз жок. Үйсүз, мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор жарандарыбызды турак жай менен камсыз кыла албай жатсак, кайра 12% кошуп, баасын жогорулатып, бир топ кыйынчылыктарды түзүп жатыптыр" деп аябай кейиштүү жагдайды айтты. Андыктан, ушул курулуш тармагына 12% кошумча нарк салыгын таптакыр алып саласыздар".

Жери акысыз, салыктан бошотулган ипотекалык үй эмне үчүн кымбат?

  • Аткаминерлер турак жайдын арзандашына Мамлекеттик ипотекалык компания гана таасир эте аларын бир ооздон кайталап айтып жатышат. Ипотекалык батир арзан болушу үчүн өкмөт жерди акысыз берип, мамлекеттик бюджеттен миллиарддаган каражат бөлүнүүдө.
  • Германиянын KfW банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд Арабиясынын узак мөөнөттүү жана 1,5% насыялары менен камсыздалууда. Муну менен катар ипотекалык үй куруп жаткан компаниялар кошумча нарк салыгынан жана сатуу салыгынан да бошотулууда.

Бирок ушундай түзүлгөн шартка карабай, мамлекеттик ипотекалык турак жай арзан эмес.

Президенттин иш башкармалыгы мамлекеттик ипотекалык үй баасы чарчы метрине 650-700 доллардан болуп жатканын, курулушка 50% үлүш менен катышып жаткандар үчүн андан 150-200 долларга гана кымбатыраак сатыларын билдирди.

Бирок Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин орун басары Тилек Жээнбаев мамлекет куруп жаткан “Ынтымак” конушунда батирдин ар бир чарчы метринин наркы үлүшчүлөр үчүн 1400 доллардан экенин айтты. Учурда бул базардагы ортодон жогору баа болуп саналат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын курулуш комитетинин жетекчиси Айнура Сагын мамлекеттик ипотека менен курулган үй баасы иш жүзүндө алда канча жогору экенин билдирди. Эксперт жеке сектордогу турак жайдын кымбатташына соңку жылдарда курулуш тармагындагы эмгек акы менен материалдардын баасы жогорулаганы түрткү болгонун белгиледи:

“Биз Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнө чогуу барып, батирлер кандай баада сатылып жатканын көрүү үчүн жумушчу тобун түзүүнү сунуштайбыз. Ал жакта 650 доллар деген баа жок, 950-1100 доллардан сатылууда. 4% насыяны алууга 38 миң киши кезекте турат. Алдын ала 50% үлүшүн төлөп, үй алгысы келгендердин саны белгисиз. Ачык булактар боюнча, батирлүү болгусу келгендердин саны 350 миңге жетет”.

“КНС кирсе курулуш базарында баа 25% чейин өсөт”

29-ноябрь күнү ушул эле маселе боюнча парламенттик угуу болуп жатканда Айнура Сагын көз каранды эмес эксперттер тобу кошумча нарк салыгын киргизүүнүн кесепети кандай болорун талдап чыкканын айтып берди.

“Биз абийирдүү курулуш компанияларынын батирлери сөзсүз 8-12% кымбаттай турганын көрүп турабыз. Башкаларында баа 12-25% чейин көтөрүлөт. Социалдык аярлуу катмар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгү төмөндөйт. Суроо-талаптын азайышы жана сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү курулуш көлөмүнүн жана пайдаланууга берилген имарат санынын 30% кыскарышына алып келет. Рынокто турак жай курган компаниялар азаят. Алардагы ички оптимизация кызматкерлерди болжол менен 20% кыскартууга түртөт. Подрядчиктер жумушсуз калып, мультипликативдик эффект жаралат жана эмгек мигранттарынын агымын көбөйтөт. Ушулардан улам батирдин ижара акысы бери дегенде 30-40% өсөт. Орусиядан релоканттар келгенде мурда 15 000 сом турган батирлер дароо эле 30 миңге, айрым учурда 70 миң сомго чейин өсүп кеткен”.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык үйлөр коммерциялык компаниялардын баасына атаандаштык түзүп, батир наркы бардык кардарларга жеткиликтүү болушуна себеп болот деп ишендирүүдө.

Министр Амангелдиев ипотекалык компания деле башкалар сыяктуу мыктан тартып чатырына чейин КНС менен эле сатып алып, бирок үйлөрдү болгону 650-700 доллар менен сатып жатканын айтып, рыноктогу атаандаштыкты тең салмактуу кылып көрсөткүсү келди.

Бирок Туманбаев менен Амангелдиев эмнегедир ипотекалык компаниянын жеке курулуш компанияларынан төөчөлүк жогору турган негизги артыкчылыктарын айтпай жатышат.

Алардын дал ушул “унуткан” жерин депутат Дастанбек Жумабеков парламентте отуруп тизмектеп берди.

“МИК жерди акысыз алып жатат. Аны мамлекет берип жатат. Эң чоң маселе ушул жерде. Турак жай биз бул жерде ратификация кылып берген жеңилдетилген насыяга салынып жатат”, - дейт депутат.

Жумабеков үй курулганда анын ар бир материалына кошумча нарк салыгы төлөнүп жатканын, бир товардан эки жолу салык алынбай турганын далилдөөгө аракет кылды.

“Ишкерлерге көп деле таасири тийбейт, алар мыйзамдуу түрдө үстүнө кошуп сата берет. Бирок алып жаткан эл кыйналат да. Мен Бишкекти эле мисал келтирейин. Бүгүнкү күндө салынып, сатылып жаткан батир болобу, үй болобу, бул мигранттардын акчасы. Орусиядагы, Түркиядагы, Америкадагы, Европадагы. Үй алабыз деп күнү-түнү үй-бүлөсүнөн алыс, талаада жүрүп иштеп, тишинин кирин соруп эмгектенип жүрүп ушул жерден турак жайлуу болобуз десе, анан биз мындай оор маселени, кошумча нарк салыгын киргизип алып, төлөгүлө десек жарашпай калат”, - дейт депутат Жумабеков.

Бирок министр Амангелдиев кошумча нарк салыгы товардын ар бир сатылышына кошуларын айтып, курулуп бүткөн үйдү сатып жатканда андан да өзүнчө кошумча нарк салыгы алынышы кажет деп эсептейт.

Ипотекалык үй курганы үчүн салыктан бошогон компаниялар

Бул тапта Мамлекеттик ипотекалык компания менен 18 курулуш компаниясы кошумча нарк салыгынан бошотулуп жатат. Өкмөт аларды 2027-жылдын соңуна чейин салыктан бошоткон чечимди октябрдын ортосунда чыгарган. Алар мамлекеттик ипотекалык үйлөр менен “Барса" академиясын курууга катышып жаткандар.

“Менин үйүм 2021-2026” ипотекалык программасын ишке ашырууга катышып жаткан алты курулуш компаниясы Министрлер кабинетинин 3-сентябрдагы тескемеси менен 2029-жылдын ортосуна чейин кошумча нарк салыгы менен сатуу салыгынан бошотулган.

  • Башкалары буга чейин белгисиз болсо да, “Аманат Строй Инвест” менен “Иншаат Строй Билдинг” компаниялары буга чейин чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып келген. Экөө тең президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин ысымы менен тыгыз байланышта экени айтылган. “Аманат Строй Инвест” кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан кийин Баткендеги үйлөрдү курган. “Иншаат Строй Билдинг” жаңы “Ынтымак Ордону” куруп, акысына шаардын түштүк аймагындагы 25 гектар кымбат баалуу жер тилкесин алган компания.

“Барса" академиясын курган фирмалар да салыктан бошотулган

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 8-октябрдагы чечими менен дагы 12 курулуш компаниясы 2027-жылдын соңуна чейин кошумча нарк салыгынан жана сатуу салыгынан бошотулду. Алар Бишкек менен Жалал-Абаддагы “Барса" академиясын курууга катышып жаткан ишканалар. Өкмөттүн чечиминде "Барса" академиясы улуттук макамдагы инвестициялык долбоор деп аталат.

“Барса" академиясы - жеке менчик долбоор. Ага бийлик башындагылардын жакындары түзгөнү айтылып жаткан "Жал Групп Азия" фирмасы ээлик кылат. Долбоорго мамлекеттин катышы жок, социалдык милдеттенмелер дагы жүктөлгөн эмес.

Бишкекте 17 гектар жерге курулуп жаткан “Барселона” комплекси да укуктук жактан “Жал Групп Азияга” караштуу. Жер тилкесин мамлекет акысыз берген жана долбоорго "улуттук" деген макам ыйгарган. Комплекс “Асанбай” кичи районунун тоо тарабындагы эң кымбат делген аймактагы “Газпром” мектебинин так түбүндөгү жерге курулууда.

Концепциясы боюнча премиум класстагы көп функциялуу бул комплексте ири футбол аренасы менен катар 21 кабаттуу отель, бизнес-борбор, 1600 батирлүү 10 турак жай блогу, 700 орундуу бала бакча, 1000 окуучуга эсептелген мектеп жана 2 гектар аянттагы өзүнүн парк зонасы болот. Курулуш иштеринин биринчи этабы 2025-жылы башталары, толук бүтүрүү 2027-жылдын соңуна барары пландалган.

Мамлекет жерди акысыз берип, салыктан бошотуп жаткандан кийин комплекстеги турак жай баасы арзан болсо керек деген ой менен сураганыбызда, фирмадагылар азыркы курулуп жаткан мезгилде чарчы метри накталай акча менен 2000 доллар турарын, курулуп бүткөндөн кийин 2300 долларга чыгарын билдиришти. Мамлекеттик ипотека аркылуу сатуу мүмкүнчүлүгү жок экенин да кошумчалашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG