Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын уюштурду. Ал 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирди.
Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат берип жатып айтты.
Анын сөзүнө караганда, 168 млрд 287 млн сомдун ичинен 37 млрд 776 млн сом (436 млн 725 миң доллар) акчалай, 130 млрд 510 млн сом (1 млрд 508 млн доллар) мүлк түрүндө кайтарылган.
“Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп аткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен”, - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев аталган каражаттын бир бөлүгү республикалык бюджетке, Бажы кызматына, Салык кызматына жана турукташтыруу фондуна которулганын, мындан тышкары жаңы стадион да УКМК топтогон каражатка курулуп жатканын айтты. Мындан тышкары атайын кызмат коррупциядан түшкөн каражатты өз алдынча колдоно албай турганын да кошумчалады. Ошондой эле жалпы 1174 обьект мамлекетке кайтарылганын, анын 44ү 8 млрд. 963 млн. сомго сатылганын кабарлады.
Атайын кызматтын төрагасы уюшкан кылмыштуу топ менен күрөштөн 50 млрд сом алынганын да билдирди. Аталган каражат кримтөбөлдөр - Камчы Көлбаев, Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев жана Чыңгыз Жумагуловдорго тиешелүү болгонун айтты. Ал эми Райымбек Матраимов эки жолу камалып, жыйынтыгында бюджетке миллиондорду төккөнүн айтты.
"Матраимовдун кылмыштарынын бардыгы финансылык кылмыштар. Анын негизинде эки жолу кармалган. Бардыгын кошкондо 223 млн. 419 миң 615 АКШ долларын берген. Бул 18 миллиард сомдон ашык акча".
Мындан тышкары Камчыбек Ташиев коррупциялык иштер боюнча маалымат берип жатып, салыкчылардын мыйзамсыз ишинен 30 млрд сом зыян келгенин, ушундан улам Салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары камалганын айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сентябрь айында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап коомдук талкууга чыгарган.
Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындарына да бир катар чектөө бар. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин да берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.
Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон.
Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан бошотулгандан кийин ар кандай сөз жүрүп, өкмөт башчы Салык кызматындагы окуядан кийин бошотулганы айтыла баштаган эле.
Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” “Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши Мамлекеттик Салык кызматындагы коррупциялык иштер менен байланышы барбы?” деген суроого жарым-жартылай жооп берди. Ал Акылбек Жапаровдун тажрыйбасы көп экенин, аны кызматтан кетирүү чечимин президент кабыл алганын жана ал талкууга жатпай турганын билдирди.
“Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок да. Айтып атпаймынбы, ал президенттин чечими биз аны талкуулабайбыз”, - деген Ташиев кайсы иш тууралуу айтып жатканын тактаган жок.
6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик Салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. УКМК аларга байланыштуу коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын кошумчалаган.
6-декабрда Биринчи май райондук соту Алтынбек Абдуваповду жана Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алган.
Камчыбек Ташиев 7-декабрда гана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кыдыкбек Кыдыровдун да бул ишке тиешеси бар экени аныкталганын, анын ордуна президент Садыр Жапаров кайра башка кишини дайындай турганын кошумчалады.
Саясатчы Мавлян Аскарбеков Ташиевдин маалымат жыйында айтылган сөздөр боюнча мындай деди:
"Ташиев мырза бүгүн биринчи жолу жалпы маалымат берди. Айткандарынын бары жакшы. Негизинен мунун бары мыйзам чегинде болушу керек эле. Соттун чечими, концискация жолу менен болушу керек эле. Менин оюмча, бул биринчи жана акыркы жыйын эмес. Жаңы өкмөт башчы кимден канча акча, кайсы эсепке түштү жана конкреттүү каякка жумшалып жатканын жарыялап койсо, мындан да жакшы болот деген ойдомун. Экинчиден, 30 млрд акча Салык кызматынан уурдалганы айтылды. Бул эбегейсиз чоң акча. Ошол Салык кызматынын башчысын, анын орун басарын да Акылбек Жапаров койгон. Алар чогуу жооп бериши керек. Ташиев Акылбек Жапаровдун бир мандем менен кеткенин айтып жатат. Ошол нерсе ачыкталышы керек".
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка өткөнүнө байланыштуу делген негиз менен 16-декабрда кызматтан кетти. Ал кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу комментарий бере элек.
Президенттик шайлоо
Камчыбек Ташиев келерки жылкы шайлоого катышпай турганын, Садыр Жапаровду колдой турганын айтты:
"Эки жылдан кийин боло турган президенттикке барууга толук укугу бар. Мен эч кандай президенттикке барбаймын, эч кандай президенттикке койбоймун. Садыр Жапаровду колдоп чыгам. Ал кишиден башка дагы кимди президент кылабыз. Бекназаровду колдоп чыгалыбы, Равшан Жээнбековдубу? Кимди колдоп чыгасыңар дагы? Же кайра Атамбаевди президент кылалыбы? Мунун баарын көрдүк го. Кийинки Конститутция менен Садыр Нургожоевичтин экинчи жолу президенттикке барууга укугу бар".
2020-жылдын Октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.
2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.