Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Украинада Орусиянын чабуулунан адам өмүрү кыйылды


Запорожье, архивдик сүрөт.
Запорожье, архивдик сүрөт.

2-январга караган түнү орус аскерлеринин Украинанын Запорожье облусундагы Степногорск шаарына жасаган чабуулунан бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук аскер башкармалыгынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 11 бомба ташталып, Степногорск шаарындагы беш кабаттуу имарат талкаланды. Куткаруучулар уранды астынан каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, өткөн түнү Орусия 72 дрон менен чабуул койду. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Полтава, Сумы, Харьков, Киев, Чернигов, Черкасск, Кировоград, Днепропетровск, Одесса, Херсон жана Николаев облустарында 47 учкучсуз учак жок кылынганын билдирди. Дагы 24 согуштук дрон "терс кесепеттерсиз" жоюлганы кабарланды.

Жергиликтүү бийлик мүмкүн болгон кыйроолор жана курмандыктар тууралуу так маалымат бере элек.

Жаңы жыл түнү орус армиясы Украинанын аймагына 111 учкучсуз учак менен чабуул койгон. Киевде дрон турак жайга тийип, эки адам каза болгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG