40 миң киши кезекте турат. Мамлекеттик ипотеканын тизмеси кандай түзүлөт?
Парламент депутаты Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттик ипотекалык батирлердин кезеги боюнча айрым жарандар арасында нааразычылык жаралганын айтып чыкты. Мамлекеттик ипотекалык компания айрымдарга кезекке турууда социалдык абалына жараша артыкчылык берилгенин түшүндүрдү.
Ипотеканы күткөндөр депутатка арызданды
Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы сессиясында депутат Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттик ипотекалык батирлердин кезеги боюнча нааразы болгон жарандар кайрылганын айтып, ачык айкындуулук болбосо, атайын комиссия дагы түзүлөрүн эскертти.
Айдарбековго кайрылгандар 2848-кезектеги киши атайын тизмеде биринчи орунда болуп калганын айтып арызданышкан.
“Жакында эле мамлекеттик ипотекалык компания өздөрү каалагандай тизме түздү. Приоритеттүү деген тизме түзүштү. 550 кишини аныкташты, алар убагында башка орундарда турган болчу. Мисалы, азыр биринчи орунда турган аял буга чейин 2848-орунда турган. Ушуларды далилдеп мага алып келишти. Эгер силер ушул маселени азыр карабасаңар, эртең укук коргоо органдары алектенет”, - деди Айдарбеков.
Айдарбеков ага отузга жакын жаран кайрылганын, жалпы нааразылар эки жүздөй экенин кошумчалады. Ошол күнү талапкерлиги каралып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев териштирип чыгууну убада кылды.
“МИК (ред.: Мамлекеттик ипотекалык компания) боюнча эгерде чындыгында кандайдыр бир коррупциялык элементтер болсо, анда жазаларын тартышат. Берсеңиз, карап көрөлү”, - деди Касымалиев.
МИКтин атайын тизме боюнча түшүндүрмөсү
Парламентте көтөрүлгөн маселеден кийин Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев дагы Фейсбуктагы баракчасында түшүндүрмө жазышты.
Ошондой эле ипотекалык компаниянын видео түрүндөгү түшүндүрмөсүн таратты. Компаниянын кызматкери Гүлзат Иманова айрым жарандардын кезеги атайын тизмеде биринчи болуп калганын түшүндүрүп жатып, депутат айткан 2848 - кезектеги кишини мисал кылды.
“Бул жаран Бишкек жана Чүйдө жеңилдетилген ипотека боюнча 2848-орунда турган экен. 2022-жылы 4-июлда турак жай программасына кезекке турган. Бирок Министрлер кабинетинин №217 токтомунун редакциясына ылайык, турак жай программасына катышууда артыкчылык укугу берилген жарандардын категориясына киргенине байланыштуу жана бул жерде маанилүү нерсе, кагаз жүзүндө жазылган арыздын негизинде биз бул жаранды артыкчылыктуу укук берилген жарандардан тизмесине кошконбуз. Буга байланыштуу бул жаран тизмеде биринчи орунда турат. Категориясын көрүп турасыздар, бул жарандын үй-бүлөсүндө майыптыгы бар киши бар”, - деди Иманова.
Иманованын түшүндүргөнүнө ылайык, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, калктын аярлуу катмары – майыптыгы бар адамдар, майып балдарды баккандар, көп балалуу үй-бүлөлөр сыяктуу категорияга өзүнчө тизме түзүлгөн. Башкача айтканда, бул категориядагыларга кезекте турууда артыкчылык берилген.
Мамлекеттик ипотекалык компания караштуу болгон Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ипотекалык батирлер ачык, адилеттүү бөлүштүрүлөрүн жазды:
“Жаңы курулуп жаткан турак жайлардан батирлер адилеттүү жана ачык негизде, электрондук система аркылуу берилет. Мамлекет элдин ишенимин актоо үчүн ар бир кадамды көзөмөлдөп жатат. Президент бул системада “кезекке тааныш аркылуу таасир этүү мүмкүн эмес экенин” баса белгилеп, ар кандай мыйзамсыз учурлар жоопкерчиликке тартыларын айтты”.
40 миң киши батир күтүп турат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында "Социалдык ипотека", "Арзан ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча деген үч категорияга бөлүнүп, кезекте тургандардын тизмесин көрсө болот. Жалпы 40 миңден ашык адам батирге кезекте турат.
Маселен, Чүй облусу (Бишкек шаары) боюнча 2024-жылдын 10-октябрындагы жаңыланган тизмесинде "Социалдык ипотекада” 2609,"Арзан ипотекада” 5814,"Жеңилдетилген ипотека" боюнча 16 150 кишинин кезеги бар. Бул үч категориядагы кезек кандай бөлүштүрүлөт?
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Гүлзат Иманова мындай жооп берди:
"Быйыл буюрса бизде курулган турак жайлардан артыкчылыктуу укук берилген жарандар батирлүү болуп жатышат. Кийинки баскычтарда биздин сайтта көрсөтүлгөн "Жеңилдетилген ипотека", "Социалдык ипотека" жана "Арзан ипотека” багыттары боюнча турак жайлар пропорционалдык түрдө бөлүп берилет".
Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 549 батирин тапшырган. Жапаров алар социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50% үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилгенин билдирген болчу.
“Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарыбызга жана башка жарандарыбызга берилип жатат. Буга чейин да түшүндүрмө бердим эле, азыр да айтып коёюн: 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак жай курууну тездетүүгө бир топ эле салым болот”, - деген Жапаров.
Ипотека маселеси боюнча талкуулардан кийин жарандык активист Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн.
Анда 2-3 жылдан бери кезеги жылбай жатканын жазгандар болду. Маселен, Жамайка Токонова дагы ушундай пикир калтырган.
“Миллион жолу кайрылганбыз, бир эле жооп… кызматкерлеринен көп ката кетет экен, кезекке коюп жатканда, аны кайра элге түртүп коёт. Баса, таң калычтуусу, үч жыл мурун кезекке туруп, дагы деле ошол кезек ордунан жылбай турабыз”, - деп жазды билдирүүнүн алдындагы комментарийге.
19-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясына таандык “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна капсула салып жатып, президент Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын айткан.
Быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштаарын билдирген.
Президент Жапаров мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн.
"Дайынсыз жоголгон кыз-келиндер көбөйдү". Түркиядагы борбор азиялык мигранттардын абалы
Украинадагы согуш, Орусияда ксенофобия жана чектөөлөр күчөп баратканда, борбор азиялык бир топ мигранттар Түркияга жер которууда. Виза алуу жеңил болгондуктан Түркия мигранттарга ыңгайлуу болуп келген. Соңку жылдары алар кыйынчылыктарга кабылып жатканын айта баштады.
Түркияда чет өлкөлүк мигранттар негизинен Стамбул, Анталия жана Анкара сыяктуу чоң шаарларда жашап, иштейт. Миграция башкармалыгы 12-декабрда өлкөдө 1 миллион чет өлкөлүк туруктуу жашайт деген маалымат берди.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдиргендей, учурда бул өлкөдө 32 миңден ашык кыргызстандык каттоодон өткөн. Бул сан жайында эселеп өсөт.
"Миграция башкармалыгынын статистикасы боюнча, Түркияда 32 500 кыргызстандык жаран мыйзамдуу жашайт. Ал эми мыйзамсыз жүргөндөрдү кошкондо, болжол менен 35-40 миңдин тегерегиндеги кыргызстандык бар деп айта алабыз. Жай айларында 50 миңге чейин чыгат. Себеби Анталия, Алания сыяктуу Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги аймактарда сезон жети айга созулат. Алар жайында иштеп, кайра кетишет", - дейт Казакбаев.
Түркиянын Маалымат министрлиги 2024-жылы тогуз айда туризм сектору өлкөнүн бюджетине дээрлик 47 миллиард доллар киреше алып келгенин ачыктады. Жыл сайын дал ошол туристтик аймактардагы мейманканаларга миңдеген мигранттар келип иштейт. Алар негизинен Кыргызстан, Украина, Өзбекстан, Ооганстан жана башка мамлекеттерден барат.
Кыргызстандан Түркиянын мейманканаларында атайын келишим боюнча барган мигранттардын көпчүлүгү эмгек визасы менен иштейт.
"Иштейм дегендердин саны көп"
Учурда Бишкекте "Анталиядагы мейманканаларга иштейм" деген жарандар менен жолугушууларды уюштуруп жүргөн Махабат Аксой быйыл суроо-талап күч экенин "Азаттыкка" айтты:
"Быйылкы сезондо иш берген мейманканалардын баары маянаны көтөрдү. 8 сааттык жумушка 700-750 доллар айлык чегерилип атат. Учурда Орусиядагы шарттар катаалдашкандыктанбы, иштейм дегендердин саны аябай көп. Иш берүүчү мейманканалар менен сүйлөшүүлөр 2-декабрда башталган. Кыргызстандан көбүнчө официант, бөлмө тазалагыч, идиш жуугуч сыяктуу жумуштарга келип атышат".
Бала багып, кары-картаң же оорукчан адамдарды карап иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү буга чейин туристтик виза, башкача айтканда бир жылдык туруктуу жашоого уруксат менен иштечү.
Соңку эки жылдан бери виза алуу жараяны катаалдашты. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу быйыл 15-апрелден тарта Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатты узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кыларын эскерткен.
Жаңы эрежеге ылайык, эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасына дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.
Ал тапта Түркиянын борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан быйыл инфляция 44% жетерин айткан. Бирок түркиялыктар чыныгы абал мындан да начар экенин билдирип келет. Өлкөдө азык-түлүк баасы менен катар эле турак жай, батир ижарасы дагы кескин кымбаттады.
Инфляцияны изилдеген көз карандысыз борбор (ENAG) өлкөдө экономикалык абал ич жылытпай турганын, Түркияда жылдык инфляция 86% ашып кеткенин жарыялады.
Соңку айларда түрк полициясы мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди тыкыр текшерүүдө. Ички иштер министри Али Ерликаянын маалыматына караганда, былтыр виза мөөнөтү аяктаган же виза эрежесин бузган 371 миңден ашуун чет элдик депортацияланган. Мыйзамсыз жүргөн 254 миң чет өлкөлүк кармалганы белгилүү болгон. Министр алар кайсы мамлекеттердин жарандары экенин тактап айткан эмес.
Түркияда кыргыз жарандарына 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген. Кыргызстандыктар үчүн Түркиядан эмгек визасын ачтыруунун эки жолу бар. Биринчиси - Түркиянын Бишкектеги элчилигине документтерин тапшырып, алар уруксат бергенде келсе болот. Экинчиси - Түркиянын ичинде кеминде алты айлык туристтик визасы бар кыргызстандыктар эмгек визасына тапшыра алат.
"Биздин районду өзбектерден толук тазалашты"
Лалели - Стамбулдун дүң соода өнүккөн райондорунун бири. Кыдыра тизилген дүкөндөрдө жана чакан соода түйүндөрүндө иш тынбайт.
Соңку жыйырма жылдан бери бул жерге Борбор Азия өлкөлөрүнөн соодагерлер келип, кийим-кече жана булгаары буюмдарын сатып алышат. Ошондуктан Лалелидеги ар бир дүкөндө чөлкөмдөн келип иштеген кыз-келиндерди жолуктурууга болот.
Алардын бири 30 жаштагы Дилноза. Самарканддык келин аялдардын кийимдерин саткан дүкөндө иштейт. Ал Түркияга үч жыл мурун келген экен.
"Жолдошум экөөбүз өзүбүзчө бөлүнүп жашап, батир алдык. Акчабыз жетишсиз болгондуктан, насыя алууга аргасыз болдук. Карыздан тезирээк кутулуу үчүн иштөөнү чечтим. Өзбекстанда акча табуу кыйын. Бул жерде болсо айына 800 доллар табам. Ушундай акчаны өзүбүздүн мамлекетте тапсак жакшы болмок", - дейт Дилноза.
Жолдошу Анвар беш жылдан бери курьер болуп иштейт. Өзбекстандан Стамбулга тамак-аш, тамеки, электрондук гажеттерди ташыйт. Кайра Өзбекстанга кайтканда дары-дармек, кийим-кече, алтын алып кетет.
Жубайлардын эки баласы Самаркандда калган. Дилноза бир жыл мурун Стамбулда үчүнчү чүрпөсүн төрөгөн.
"Көз жаргандан бир айдан кийин жумушка чыктым. Анда апам каралашты. Уулум 1 жашка чыкканда, жолдошум Самаркандга алып кеткен. Андан улуу эки балам да кайненемдин колунда. Балдарыңдан алыс болуу өтө кыйын, мен алар менен күнүнө бир нече жолу сүйлөшөм."Апа, качан келесиз?" деп ыйлашат. "Чыдап тургула, аз калды" деп сооротом", - дейт Дилноза.
Ал акыркы убакта Өзбекстандын жарандары үчүн Түркияда иштөө кыйын болуп жатканын, мындан улам бир-эки айда мекенине кайтууну максат кылып жатканын айтып берди:
"Мен жыл сайын иштөөгө уруксатымды эч кандай тоскоолдуксуз узартып жүрдүм, бирок кийинки жылы миграция органы көпчүлүк чет өлкөлүктөргө уруксат берүүнү токтотту. Мындан үч-төрт ай мурун Аксарай, Лалели жана Кумкапы райондорунда массалык рейддер башталды. Кишилерди топтоп алып кетип атышты. Күн сайын жумушка калтырап-титиреп барып келип жүрдүм. Эптеп кармалбаштын амалын издедим. Чукул ишим болбосо көчөгө да чыкпай калгам. Кармалгандардын арасында өзбектер көп болчу, аларды автобуска тыгып алып кетчү. Кыскасы, биздин районду өзбектерден толук тазалашты", - дейт Дилноза.
Түркияда мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөш 2023-жылы өткөн президенттик шайлоодон кийин башталып, ошондон бери токтой элек. Соңку алты айдан бери Стамбулда рейддер утур-утур катталууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция күнүнө ондогон чет өлкөлүктөрдү камакка алганын жазып турат. Алардын көбү депортацияланат.
Расмий Анкара рейддер тууралуу ачык маалымат бербейт. Ал эми Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу издөөдө жүрүп кармалган жарандары тууралуу гана билдирүү таратат. Консулдуктун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 10 айында 37 өзбекстандык депортацияланган.
Өзбекстандыктар кириптер болгон чуулгандуу окуя быйыл жыл башында катталган. Январь айында Өзбекстанда "адам сатууга" шектелип, издөөдө жүргөн 39 жаштагы Дилноза Умарова менен 41 жаштагы Мавлудахон Улмасова Стамбулда кармалып, мекенине кайтарылган.
Андан мурдараак "адам уурдоо, сатуу жана сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо" беренелери менен шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн "Мадам Клод", "Сойкулардын ханышасы" деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Нилуфар Мирханова Түркиянын Чанаккале шаарында кармалган.
"Азаттыктын" өзбек редакциясынын маалыматына караганда, Мирханова Орусия, Беларус, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан барган кыз-келиндердин Түркияга мыйзамсыз кирүүсүнө жардам берген. Кийинчерээк алар кулчулукка мажбурланган.
Түрк маалымат каражаттары Мирханова "сойкукана иштетип, айына 40 миң доллар киреше тапканын" жазып чыгышкан. Анда ал 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин айтылган. Өзбекстанда бул иш кандай жүрүп жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
"Түркмөнстан чек арасын ачса, өлкөдө эч ким калбайт"
15-20 жылдан бери Түркия түркмөнстандык эмгек мигранттары үчүн негизги багыт бойдон калууда. Бул эки өлкөнү тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөр байланыштырып турат.
Соңку жылдары Түркмөнстандагы экономикалык таңкыстык жана президент Сердар Бердымухамедовдун катаал саясатына нааразычылыктан улам чет өлкөгө агылган мигранттардын саны азая элек.
Түркмөнстандык Алишер Сахатов - Стамбулда жашаган түркмөн мигранттарынын арасында белгилүү активист. Ал социалдык түйүндөрдө Түркиядагы мекендештеринин көйгөйлөрүн көтөрүп, түркмөн дипломаттарын жана Түркмөнстандагы башкаруучу режимди сындап келет. Алишер 2018-жылы жубайы жана үч баласы менен Түркияга көчүп келген. Мекениндеги "адам чыдагыс шарттар" аны чет өлкөгө көчүүгө аргасыз кылганын айтат.
"Mен Чаржоуда (азыркы Түркмөнабад) таштандыны кайра иштетүү тармагында, кийин жүк ташуучу болуп иштегем. Бирок "өтө көп талапты" койгондуктан, "өзүмдүн өтүнүчүм менен" мени жумуштан кетиришти. Мисалы, президент келерде бардык коммуналдык кызматкерлерди 26-30 саат уктабай иштөөгө мажбурлашат. Жумуштан кетиребиз деп коркутуп, карыш жылдырбай иштетишeт. Эгер президент бир шаарда 2-3 күн туруп калса, бир да коммуналдык мекеме уктачу эмес. Мен буга макул эместигимди айтып, укугумду коргоону талап кылып, ашыкча иштегендигибиз үчүн акча талап кылганымда, алар менин аркамдан түшүп, камоого аракет кылышты. Мага дайыма кысым көрсөтүшчү. Кырдаал чыдагыс болуп кеткенден кийин өлкөдөн чыгып кетмекчи болдум. Көпчүлүк эл "эгер Түркмөнстан чек араны ачса, өлкөдө эч ким калбайт, шаарлар, айылдар ээн калат" деген ойдо", - дейт Алишер Сахатов.
Түркмөн бийлиги массалык миграцияны ар кандай жолдор менен ооздуктоо амалын издеп келет. 2022-жылы сентябрда Ашхабад Анкарадан түркмөн жарандары үчүн 2007-жылдан бери колдонулуп келген визасыз режимди жокко чыгарууну суранган.
Бул жарандарга бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Түркиянын аймактык миграциялык органдары паспортунун мөөнөтү бүткөн түркмөнстандыктардын туруктуу жашоого уруксат алуу тууралуу арызын четке кага баштады. Ал эми визасыз режим жоюлгандан бери Түркмөнстандын жарандары жаңы паспортту өз өлкөсүндө гана ала алышат, бирок андан кийин Түркияга кайтып келүү дээрлик мүмкүн эмес.
Алишер Сахатовдун айтымында, Түркмөнстандын Түркиядагы Башкы консулдугу өлкөнүн жарандарына негизги документтерди, анын ичинен никеге туруу жана жаңы төрөлгөн баланын төрөлгөнүн тастыктаган документтерди берүүдөн баш тартууда.
2022-жылы Стамбулдагы активисттер Түркиядагы түркмөн жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам сурап, президент Сердар Бердымухамедовго кат жеткирүү үчүн башкы консулдуктун имаратына барышкан. Бирок бул акция ызы-чуу менен аяктаган.
"Бизге консул Мердан Мустаков чыкты. Жаныбызда түрк укук коргоочулар, адвокаттар, активист аялдар балдары менен турганына карабай, колдоруна таккан кастет менен бизди сабай баштады. Кичинекей бaлдарды тебелеп кете жаздады. Ошол окуядан кийин Түркмөнстандын консулдугу шаардын борборунан Стамбулдун четине көчүрүлдү", - дейт Алишер Сахатов.
"Түркмөнстан дүйнөнүн бир дагы өлкөсү барбаган жорукка барды жана өз жарандарынын башка өлкөгө киришин чектөөнү суранды", - деди Түштүк Калифорния университетинин адам укуктары боюнча профессору Стив Свердлоу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына берген маегинде.
"Түркмөнстандын Түркиядагы элчилиги жана консулдугу паспорттордун жана тек-жайын тастыктаган башка документтердин мөөнөтүн узартуудан баш тартты. Бул бүткүл дүйнөдө коомдук тартипти бузуу болуп саналат. Консулдук өз жарандарына башка өлкөнүн аймагында мыйзамдуу түрдө жашоого мүмкүндүк берүүчү тиешелүү документтерди берүү боюнча иш алып барышы керек", - деди ал.
Свердлоу Түркиядагы түркмөнстандыктардын абалы жүрөк оорутарын кошумчалады:
"Жакында Стамбулга изилдөө үчүн баргам, мен жолуккан түркмөн мигранттары өлкөдө мыйзамсыз жашап жатканын айтышты. Алардын көздөрүнөн коркуу сезимин көрдүм. Алардын айрымдары 14-15 жылдан бери документи жок ушундай абалда жашап келишет. Визасын жасата албагандыктан, каалаган убакта депортация болушум мүмкүн деп коркушат жана документсиз эч нерсе кыла алышпайт. Алардын Түркиядагы абалы абдан оор", - деди Свердлов.
Түркиянын Миграция башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, өлкөдө мыйзамдуу түрдө 200 миңдей түркмөнстандык жаран бар. Укук коргоочулар жана көз карандысыз булактар алардын жалпы саны бир миллионго жетиши мүмкүн экенин айтышат.
Түркмөн бийлиги да, Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүк да мигранттар маселеси боюнча эч кандай пикирлерин билдиришпейт, статистика жарыялашпайт. Өлкөнүн расмий маалымат каражаттары болсо мигранттардын маселесин такыр көтөрбөйт.
"Кыздар полиция бара албасын билишет"
Түркиядагы түркмөн мигранттарынын басымдуу бөлүгү кыз-келиндер. Алар негизинен бала багып же кары-картаңдарды карап иштешет.
Бул жергиликтүү калк арасында оор жумуш катары бааланат, бирок акы аз төлөнөт. Түркмөнстандык мигранттар мындай иштерде иштөөгө аргасыз экени айтпаса да белгилүү. Анткени алар өз өлкөсүндө мындай акчанын жарымын да таппайт, ал жакта куугунтук коркунучу да күч. Түркияда болсо мындай иште иштеп айына орточо 700 доллар маяна алышат.
Мигрант аялдар мындай иштерде сексуалдык же башка зомбулукка кабылган учурлар бар. Анткени алар өлкөдө мыйзамсыз жүргөндүктөн, мыйзамсыздыкка кабылган учурда укук коргоо органдарына кайрылуудан кооптонот.
Стамбулда жашаган түркмөнстандык Марал башынан өткөргөн окуяларды кеп салды:
"Иш берүүчүлөр чет өлкөлүктөрдүн көбүнүн документтери туура эмес экенин билишет. Ошол себептен аларга тийишип, орой мамиле кылышы мүмкүн. Эгер туура эмес сүйлөсө же каалагандай жооп бербесе, акчасын төлөбөй жумуштан кууп жиберишет. Анткени ал кыздар полицияга барып арыздана албасын билет", - дейт Марал.
Ал жакында эле анын бир таанышы ушундай абалга туш болгонун айтып отурду:
"Таанышым 60 жашта. Бир жолу ал караган кары киши жакын мамиле курууну кыйыткан. Тигил аял көнбөй койгон. Көп өтпөй ал киши үйүмдөн бир нерсе жоголду деген жалаа менен полиция чакырган. Алар менин таанышымды кармап, депортациялоо борборуна жөнөтүштү", - деди Марал.
"Ал аял күнөөсүз экенин далилдей алган жок, анткени мыйзамсыз мигрант болчу".
33 жаштагы Махабат да түркмөнстандык мигрант. Эки ай мурун ал Түркиянын Стамбул шаарынын чеке белиндеги аялдарды депортациялоо борборуна түшүп, бирок адвокаттын жардамы менен чыккан.
Махабаттын айтымында, Түркияда дайынсыз жоголгон түркмөн аялдар да бар:
"Мындай жагдайлар көп болуп атат. Туугандары жардам сурап полицияга кайрылганы менен пайда жок. "Дайынсыз жоголгон аялдар мыйзамсыз жүргөн мигранттар, каттоого турбаган, документтери жок. Аларды кайдан издеп, кантип табат элек?" деп жолго салышат. "Сиңдим дайынсыз жоголду" деп жеке өзүмө кайрылган аялдар болду. Жумушка кеткен бойдон жок. Алар тирүүбү, кайда экени белгисиз", - дейт Махабат.
Стив Свердлоу да Түркияга Түркмөнстандан келген кыз-келиндердин абалы абдан оор экенин бышыктады:
"Мигранттар менен сүйлөшкөндө, түркмөн кыздары зордук-зомбулукка кабылганын билдим. Алар Түркиянын укук коргоо органдарынан жардам сурай албай жатканы абдан өкүнүчтүү. Паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен, кармалса депортацияланышы мүмкүн, ал эми мекенинде абал мындан да оор. Албетте, Түркияда юридикалык жана башка жардам көрсөткөн жеке укук коргоо уюмдары бар. Бирок жетишсиз. Анын үстүнө түркмөндөр Түркиядагы башка мигранттарга салыштырмалуу көп. Биз укук коргоочулар, Түркияны өз милдеттерин аткарууга, түркмөн мигранттарынын мыйзамдуу документтерди алышына шарт түзүүгө жана алардын жарандыгы жок жүрүшүнө байланышкан маселени чечүүгө чакырабыз. Ошол эле учурда биз аларды өз өлкөсүнө кайтарып бербөөнү суранабыз, анткени ал жерде кыйноого же башка катаал мамилеге дуушар болорун билебиз", - дейт Стив Свердлоу.
"Террорчу десе арданам"
Соңку бир нече жылдан бери Түркия тажикстандык эмгек мигранттары каттаган Орусиядан кийинки экинчи өлкө болуп калды. Бирок быйыл жылдын башында кырдаал кескин өзгөрдү.
28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Анда 52 жаштагы түрк жараны каза болгон. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салуудан кийин кармалгандардын экөө "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү экенин, бирөө орусиялык, экинчиси тажикстандык жаран экенин билдирген.
Эки айдан кийин Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында теракт болуп, кеминде 145 адам (алардын алтоосу жаш балдар) каза таап, дагы 551 киши жараат алган.
Түрк полициясы "Крокус Сити Холлдогу" кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүн кармаган. Алардын көбү тажикстандыктар болуп чыккан. Hürriyet басылмасы кармалгандардын арасында Түркияда кол салууга даярданып жүргөн тажик жараны да бар экенин кабарлаган.
"Крокус Сити Холлдогу" терактка катышкан кылмышкерлердин экөө - Тажикстандын жарандары Шамсидин Фаридун менен Саидакрам Ражабализода Түркияга барып, калабага саналуу күн калганда гана Москвага киргени белгилүү болгон.
Ошондон кийин Анкара буга чейин 90 күнгө чейин визасыз жүрө алган тажик жарандары үчүн виза режимин киргизген. Эми Түркиядагы тажикстандыктар өлкөгө мыйзамдуу түрдө кирүү үчүн өз мекенине барып, виза алууга аргасыз.
Тажикстандын Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, Түркияда 2000-5000ге чейин тажик жараны бар. Алардын көбү базарларда, заводдордо, кафелерде иштеген мигранттар.
Каюмарс 22 жашта. Ал Тажикстандын түндүгүндөгү Кожент шаарында туулуп-өскөн. Тажик жигит учурда Стамбулдун туристтик районундагы кафелердин биринде иштейт. Ал мурда Орусияда иштеген, бирок ксенофобия күчөгөндүктөн, ал жактан кетүүгө аргасыз болгон. Орусиядагы кол салуудан кийин Түркияда да тажик мигранттарына болгон мамиле өзгөргөнүн айтууда:
"Мага "тажиктер террорчу" дегени катуу тийет. Жакында эле эт саткан дүкөнгө барсам, сатуучу улутумду сурады. Мен тажик экенимди айтсам, "тажиктердин арасында террорчулар көп" деди. Бул сөз мага катуу тийди. Эт албай кетип калдым. Бир нече адамдын жасаган кылмышынан бүтүндөй бир эл жапа чегип калбашы керек деп ойлойм", - дейт Каюмарс.
Серепчилер болсо Түркияда тажик жарандары үчүн визасыз режимдин жоюлушу бир нече кесепеттерге алып келгенин белгилешет.
"Түркияга ээн-эркин кирүү жана иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган тажик мигранттарына түйшүк жаралды. Виза ала албагандар өз өлкөсүнө кайтып кетүүгө аргасыз болушту. Бул өзгөчө Түркиядан келген акчага жашаган үй-бүлөлөргө катуу тийди. Mигранттар айла жок Түркияда мыйзамсыз жашай баштайт, бирок аларды камакка алуу жана депортация болуу коркунучу бар. Мыйзамсыз жашагандан кийин алар негизги социалдык жана медициналык кызматтардaн да пайдалана албайт, бул алардын абалын ого бетер кыйындатат. Айрым учурларда виза режимин жоюп салуу дискриминациянын күчөшүнө алып келди", - дейт миграция боюнча тажикстандык эксперт Шухрат Латифов.
Укук коргоочу Стив Свердлоу Түркия Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн жарандарына виза режимин киргизүү менен аларды мыйзамсыз кадамга түртүп жатканын айтат.
"Түркияда виза режиминин киргизилиши менен тажиктер жана түркмөндөр Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген мигранттарга салыштырмалуу бир топ оор абалга туш болушту. Алардын мекенинде ансыз да социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий репрессия күчөп турганда виза режиминин киргизилиши аларды өз өлкөсүнө кайтууга мажбур кылды. Түркия Борбор Азиядагы мамлекеттердин эли менен боордош экенин айтып келет. Ошондуктан алардын да укуктарын коргоо менен алектениши керек, анын үстүнө мигранттар күн сайын түрк экономикасына акча төгүп турат. Алар Түркияда базарларда, мейманканаларда, ресторандарда иштешет, чакан ишканаларды ачышат. Бул экономиканын абдан маанилүү бөлүгү болуп саналат. Андыктан түркмөн, тажик, өзбек жарандары менен системалуу иштешип, алардын укуктары корголушу керек деп ойлойм", - дейт Стив Свердлоу.
"Азаттыктын" өзбек кызыматынын кабарчысы Гуля Хажаеванын макаласынын негизинде жазылды.