2021-жылы Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкө ички керектөөдөн үч эсе көп жаратылыш газын өндүрө турганын билдирген.
Бирок көгүлтүр отко бай Өзбекстанда соңку беш жылда газ өндүрүү азайып баратканы, элдин көбү көмүр, отун же тезек менен үйүн жылытып жатканы байкалууда. Өлкөдө электр станцияларынын көбү көмүр менен иштейт.
Серепчилер жана активисттер көмүрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине коңгуроо кагып, көмүрдөн чыккан түтүн климаттын өзгөрүшүнө салым кошуп жатканын белгилешүүдө. Ошондой эле алар миңдеген бак-дарактар отунга кыйылып жатканын айтышууда.
Өзбекстандыктар болсо өкмөттү көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун сунуштай албай жатат деп айыпташууда.
Бул көйгөй жыл сайын кыш айларында курчуйт. Анткени суукта газ тартыштыгынан улам электр энергиясына суроо-талап кескин жогорулайт.
"Ноябрдын аягынан бери аба ырайы суук. Газ айылдарды кой, шаарларда да жетишсиз. Мен жашаган шаардын борборунда кышында газдын [түтүктөгү] басымы төмөндөп кеткендиктен, меш ысыбайт. Айла жок адамдар көмүр, тезек – колунан келгендин баарын жагат. Жада калса мөмө бактарын да кыйып жатышат", - дейт өлкө чыгышындагы Фергана шаарында жашаган активист Абдусалом Эргашев.
Уруксатсыз бак-дарактарды кыюу күчөгөндүктөн, Ташкент бул үчүн жазаны катаалдаштырды. Быйыл февралда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, уруксатсыз дарак кыюуга күнөөлүү деп табылган жарандар 17 миллион сомго (1300 доллар) чейин айып төлөөгө милдеттүү. Мамлекеттик кызматкерлерге, жеке ишканаларга жана башка уюмдарга салынган айыптар мындан да жогору.
Аталган мыйзамды бузгандар кыйылган ар бир дарак үчүн 100 көчөт отургузушу керек.
Өзбекстандыктардын көбү, айрыкча шаардын жака белинде жашагандар кыштын камын бир нече ай мурда көрө башташат. Отун жарып, тезек терип, көмүр сатып алышат. Айрым үй-бүлөлөр жаңгактын кабыгы жана мөмө-жемиштердин данектерин да жагышат.
Орто эсеп менен айылдагы бир үй-бүлө кышында отун, пахтанын сабагы жана тезектен тышкары 1,5 тонна көмүр керектейт.
Мордон чыккан кара түтүн экологияга гана зыян келтирип жаткан жок.
"Ферганада айдап бараткан машиненин айнектери жабык болсо да ичиндеги булганган абадан муунуп кала жаздадык. Бул Ферганада эле болуп жаткан жок. Өлкөнүн 90% абал ушундай. Бул экологияга жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүдө", - дейт популярдуу өзбек блогери Акмал Исамиддинов.
Көмүр көйгөйдү чечеби?
Өзбекстандагы кырдаал жакында чечилбеши мүмкүн.
Өлкөдө 1,8 триллион m3 жаратылыш газынын запасы бар. 36,4 миллионго жакын калкы бар өлкө көгүлтүр оттун запасы боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет.
Бирок көп жылдардан бери иштетилип жаткан кендер акырындап түгөнүп, жаңы газ кендерин бургулоо барган сайын кыйындап баратат. Өзбек өкмөтү болсо газ өндүрүү үчүн дагы заманбап технологиялар керектигин белгилейт.
Расмий статистикага ылайык, Өзбекстан 2024-жылдын 10 айында 39 миллиард м3 жаратылыш газын өндүргөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,8% аз.
2018-жылы Өзбекстанда 61,6 миллиард м3 газ өндүрүлгөн. 2023-жылы өндүрүш 46,7 миллиард м3 чейин төмөндөгөн, бул беш жыл мурункудан 24% аз дегенди билдирет.
Өкмөт 2030-жылга чейин өндүрүштү акырындык менен 33% көбөйтүп, 62 миллиард м3 (2018-жылга караганда бир аз жогору) жеткирүүнү пландап жатат.
Деген менен Өзбекстандын өкмөтү элди көбүрөөк көмүр жагууга үндөп келет.
Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, 2023-жылга чейин Ташкент миңдеген мамлекеттик мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык мекемелерди жаратылыш газынан көмүргө өткөрүүгө буйрук берген.
Өкмөттүн маалыматына караганда, жаратылыш газын өндүрүү азайган сайын көмүр өндүрүү көбөйгөн. 2016-2023- жылдары өндүрүш көлөмү 4 миллион тоннадан 6,5 миллион тоннага чейин өскөн.
Өзбекстан 2025-жылга чейин көмүр өндүрүүнү 10 миллион тоннага жеткирүүнү пландоодо.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эскертүүлөргө келсек, өзбек өкмөтү жашыл энергетика булактарына инвестиция салганын, электр автоунаалары үчүн субсидияларды киргизгенин жана абаны тазартууга 200 миллион бак отургузуу боюнча улуттук кампанияны баштаганын белгилеп келет.
Өзбекстанда былтыр кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болгон. Кыш ызгаарында конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы эки-үч күнгө чейин өчүп жатканы элдин нааразылыгын күчөткөн.
Анда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сындап, калаа мэри Жахангир Артыкхожаевди кызматтан алынган.
Ал Өзбекстандагы эң бай бизнесмендердин бири, бирок байлыгы расмий түрдө айтылган эмес. Артыкхожаев 2018-2023-жылдары Ташкент шаарынын мэри болуп иштеген.
Шерине