Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Экономика

Очокко бышкан тамак
Очокко бышкан тамак

Көгүлтүр отунга бай коңшу Өзбекстанда электр энергиясынын тартыштыгынан улам жергиликтүү калк үйүн көмүр же отун менен жылытуу амалын издеп жатат. Адистер аба булганып, экологияга зыяны тийип жатканын айтышууда. Бирок өзбек өкмөтү мындан да көбүрөөк көмүр өндүрүүнү пландоодо.

2021-жылы Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкө ички керектөөдөн үч эсе көп жаратылыш газын өндүрө турганын билдирген.

Бирок көгүлтүр отко бай Өзбекстанда соңку беш жылда газ өндүрүү азайып баратканы, элдин көбү көмүр, отун же тезек менен үйүн жылытып жатканы байкалууда. Өлкөдө электр станцияларынын көбү көмүр менен иштейт.

Серепчилер жана активисттер көмүрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине коңгуроо кагып, көмүрдөн чыккан түтүн климаттын өзгөрүшүнө салым кошуп жатканын белгилешүүдө. Ошондой эле алар миңдеген бак-дарактар отунга кыйылып жатканын айтышууда.

Өзбекстандыктар болсо өкмөттү көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун сунуштай албай жатат деп айыпташууда.

Бул көйгөй жыл сайын кыш айларында курчуйт. Анткени суукта газ тартыштыгынан улам электр энергиясына суроо-талап кескин жогорулайт.

"Ноябрдын аягынан бери аба ырайы суук. Газ айылдарды кой, шаарларда да жетишсиз. Мен жашаган шаардын борборунда кышында газдын [түтүктөгү] басымы төмөндөп кеткендиктен, меш ысыбайт. Айла жок адамдар көмүр, тезек – колунан келгендин баарын жагат. Жада калса мөмө бактарын да кыйып жатышат", - дейт өлкө чыгышындагы Фергана шаарында жашаган активист Абдусалом Эргашев.

Көмүр саткан базар.
Көмүр саткан базар.

Уруксатсыз бак-дарактарды кыюу күчөгөндүктөн, Ташкент бул үчүн жазаны катаалдаштырды. Быйыл февралда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, уруксатсыз дарак кыюуга күнөөлүү деп табылган жарандар 17 миллион сомго (1300 доллар) чейин айып төлөөгө милдеттүү. Мамлекеттик кызматкерлерге, жеке ишканаларга жана башка уюмдарга салынган айыптар мындан да жогору.

Аталган мыйзамды бузгандар кыйылган ар бир дарак үчүн 100 көчөт отургузушу керек.

Өзбекстандыктардын көбү, айрыкча шаардын жака белинде жашагандар кыштын камын бир нече ай мурда көрө башташат. Отун жарып, тезек терип, көмүр сатып алышат. Айрым үй-бүлөлөр жаңгактын кабыгы жана мөмө-жемиштердин данектерин да жагышат.

Орто эсеп менен айылдагы бир үй-бүлө кышында отун, пахтанын сабагы жана тезектен тышкары 1,5 тонна көмүр керектейт.

Мордон чыккан кара түтүн экологияга гана зыян келтирип жаткан жок.

"Ферганада айдап бараткан машиненин айнектери жабык болсо да ичиндеги булганган абадан муунуп кала жаздадык. Бул Ферганада эле болуп жаткан жок. Өлкөнүн 90% абал ушундай. Бул экологияга жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүдө", - дейт популярдуу өзбек блогери Акмал Исамиддинов.

Тезек терген жигит
Тезек терген жигит

Көмүр көйгөйдү чечеби?

Өзбекстандагы кырдаал жакында чечилбеши мүмкүн.

Өлкөдө 1,8 триллион m3 жаратылыш газынын запасы бар. 36,4 миллионго жакын калкы бар өлкө көгүлтүр оттун запасы боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет.

Бирок көп жылдардан бери иштетилип жаткан кендер акырындап түгөнүп, жаңы газ кендерин бургулоо барган сайын кыйындап баратат. Өзбек өкмөтү болсо газ өндүрүү үчүн дагы заманбап технологиялар керектигин белгилейт.

Расмий статистикага ылайык, Өзбекстан 2024-жылдын 10 айында 39 миллиард м3 жаратылыш газын өндүргөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,8% аз.

2018-жылы Өзбекстанда 61,6 миллиард м3 газ өндүрүлгөн. 2023-жылы өндүрүш 46,7 миллиард м3 чейин төмөндөгөн, бул беш жыл мурункудан 24% аз дегенди билдирет.

Өкмөт 2030-жылга чейин өндүрүштү акырындык менен 33% көбөйтүп, 62 миллиард м3 (2018-жылга караганда бир аз жогору) жеткирүүнү пландап жатат.

Деген менен Өзбекстандын өкмөтү элди көбүрөөк көмүр жагууга үндөп келет.

Көмүр ташыган унаа.
Көмүр ташыган унаа.

Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, 2023-жылга чейин Ташкент миңдеген мамлекеттик мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык мекемелерди жаратылыш газынан көмүргө өткөрүүгө буйрук берген.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жаратылыш газын өндүрүү азайган сайын көмүр өндүрүү көбөйгөн. 2016-2023- жылдары өндүрүш көлөмү 4 миллион тоннадан 6,5 миллион тоннага чейин өскөн.

Өзбекстан 2025-жылга чейин көмүр өндүрүүнү 10 миллион тоннага жеткирүүнү пландоодо.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эскертүүлөргө келсек, өзбек өкмөтү жашыл энергетика булактарына инвестиция салганын, электр автоунаалары үчүн субсидияларды киргизгенин жана абаны тазартууга 200 миллион бак отургузуу боюнча улуттук кампанияны баштаганын белгилеп келет.

Өзбекстанда былтыр кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болгон. Кыш ызгаарында конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы эки-үч күнгө чейин өчүп жатканы элдин нааразылыгын күчөткөн.

Анда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сындап, калаа мэри Жахангир Артыкхожаевди кызматтан алынган.

Ал Өзбекстандагы эң бай бизнесмендердин бири, бирок байлыгы расмий түрдө айтылган эмес. Артыкхожаев 2018-2023-жылдары Ташкент шаарынын мэри болуп иштеген.

Президент Садыр Жапаров менен Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов. 2021-жылдын 27-сентябрындагы сүрөт. Ал убакта Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү министринин кызматын ээлеген.
Президент Садыр Жапаров менен Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов. 2021-жылдын 27-сентябрындагы сүрөт. Ал убакта Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү министринин кызматын ээлеген.

Президент, парламент, өкмөт өзү да бир айдын ичинде эле салык реформасы боюнча риторикасын кескин өзгөрттү.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров “салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек” десе, депутаттар жана Салык кызматынын жаңы жетекчиси “ишкерлердин үстүнөн минип албашыбыз керек” деп айтып чыгышты.

Министрлер кабинети декабрдын башында салык мыйзамдарына жаңы өзгөртүүлөрдү сунуштап, Жогорку Кеңеш аны дээрлик талашсыз биринчи окууда кабыл алып берген. Көп өтпөй өкмөт башчы Акылбек Жапаров кызматтан алынып, документ экинчи окууга келгенде бир топ өзгөрүп, айрым талаптар жеңилдетилмей болду. Мунусунда депутаттар салык реформаларын сындап, өкмөт элди “саан уйдай” көрүп жатат деген пикирлерин билдиришти.

“Бизнести баса калып, башка-көзгө койгулап, салык чогултканды токтотуш керек”

23-декабрда Жогорку Кеңеште Салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн түздөн түз жетекчиси, өкмөт башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен кайым айтыша кеткен. Шыкмаматов “Салыкты өстүрсө эле, ал экономика өстү дегенди билдирбейт, элин ыйлактатып бюджетти өстүрүү - ал экономика эмес” деп билдирген.

Салык кызматынын жетекчиси электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) киргизүү Кыргызстанда кимдир бирөөлөрдүн популизми менен коштолгонун, ал үчүн алдыда жоопкерчилик тартчу адамдар да болорун айткан.

Данияр Амангелдиев менен Алмамбет Шыкмаматов. Коллаж.
Данияр Амангелдиев менен Алмамбет Шыкмаматов. Коллаж.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров салыктын жол-жобосун жеңилдетүү тапшырмасын бергенин маалымдады. Ал ЭТТК боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган.

26-декабрда Алмамбет Шыкмаматов Би-Би-Сиге курган маегинде өкмөттүн салык реформасын кайрадан сындап, “аша чаап кеткен жагдайлар көп” экенин айткан:

“Чынын айтайын, менин салык боюнча түшүнүгүм жок эле. Анткени, мен юристмин, башка маселелер менен иштеп жүргөм. Президентибиз мага тапшырманы катуу койду. Сени дайындаганымдын бирден бир себеби, юрист катары мыйзамдарды карап, бизнестин укугун коргоп, бизнести баса калып эле, башка-көзгө койгулап, салык чогултканды токтотуш керек, балдар аша чаап кетти, ошону ирээтке келтир деген. Өмүр бою салыкта иштеген адамды коюп койсо, анда салык өндүрүш керек, кыйнаш керек деген психология түзүлүп калган да. Ошону үчүн сени ошол жакка жөнөтүп жатам деп батасын берген. Бир жума ичинде адабиятты казып көрүп, адамдар менен сүйлөшсөм, аша чаап кеткен жагдайлар чынында абдан көп экен. Ошондуктан, бул жерде кардиналдуу, чечкиндүү кадамдарга барыш керек”.

Шыкмаматовдун айтымында, президент ишкерлерге ашыкча жүк болгон салыктарды жокко чыгарууну да тапшырган.

“Бизнести өстүргүлө, салык төлөй турган субъекттерди көбөйткүлө, ишкана-заводдорду ачкыла, ошондо салык өзүнөн өзү көбөйөт деди. Мындайча айтканда, чоң балыктарды көзөмөлдөйлү, ал эми майда-чүйдөлөргө көңүл бурбай, аларды жайына коёлу. Жайына койсоң, тескерисинче, өсөт. Баш көтөрүп келатканда эле үстүнөн минип алып жатпайбызбы. Салык төлөө өнүккөн өлкөлөрдө маданият катары калыптанат. Ал жалаң эле уруп-согуп, тепкилеп, мамлекеттин күчү менен болбойт”, - деди Салык кызматынын жетекчиси.

Ал эми эң көп талаш жараткан ЭТТКны Шыкмаматов беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга - калтырууну сунуштады. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашык ар кандай товарга колдонулат.

“Салык төлөөчүлөрдү саан уйдай эле карайсыңар. Жарандарга мындай мамиле кылган болбойт”

26-октябрда өкмөт сунуштаган салыктык өзгөртүүлөр экинчи жана үчүнчү окууда каралды. Мунусунда депутаттардын маанайы кыйла айырмаланып турду. Талкууга Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов катышып, өкмөт башчы же анын орун басарлары келген жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков.
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков салык чогултуудагы жаңы ыкмалар ишкерлердин түшүнбөстүгүн жаратканын айтты.

Анын пикиринде, Салык кызматынын жетекчилерине байланыштуу коррупциялык схемалар эл арасындагы түшүнбөстүктү тастыктап жатат.

“Туура эмес киргизишип, элди кыйнап, өздөрү дагы кылмыш жасап жүрүшкөн экен деп атышат. Көп түшүнбөстүк чыгып, элдин кыжырын күчөтүп жатат”, - деди ал.

Депутат Гуля Кожомкулова өкмөт жаңы салыктарды эл менен эсептешпей киргизгенине нааразы:

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожомкулова.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожомкулова.

“Силер мыйзам долбоорлорун коомчулук менен талкуулабай эле алып келесиңер. Терең анализ жок. Мындан улам нааразылык жаралат. Силер биринчи эл менен иштешкиле да. Биздин жарандар кежирленип, салык төлөөдөн баш тартып жатат деп ойлойсуңарбы? Баары эле түшүнөт. Мынчалыкка чейин барбаш керек да. Элди дүрбөтүп жатасыңар. Силер салык төлөөчүлөрдү саан уйдай эле карайсыңар. Биздин жарандарга мындай мамиле кылган болбойт”.

Ал эми буга чейин өкмөттүн ишин жогору баалап келген депутат Балбак Түлөбаев “өкмөттүн кулагы кенен болуп, бизди укпай калган” деген позициясын билдирди:

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев.

“Салык кодекси келатат, биздин үстүбүзгө минесиңерби, акыркы наныбызды аласыңарбы деп баарыбыз октябрдан бери эмне үчүн өкмөт бизди укпай калды деп калдык эле. Кудайга шүгүр, президентибиз бизди угуп... Ушул жерде баарыбыз айтканбыз. Бул жагыңар туура эмес, бул жерде минтип атасыңар деп”.

Депутат Бактыбек Сыдыков мыйзам долбоору биринчи окууга келгенде “баарыбыздын чачыбыз тик турган” деди. Ал Салык кызматынын жетекчисине кайрылып, салыкчылардын “Кудайдан кийин эле биз турабыз” дегендей жүрүм-турумун өзгөртүүнү өтүндү.

Алмамбет Шыкмаматов дагы бир жолу президенттен тийиштүү тапшырмаларды алганын, бир жума ичинде ЭТТК боюнча чечимдерди жарыялай турганын айтты.

Өкмөт салыкка байланыштуу өзгөртүүлөрдү жылына бир гана жолу киргизе алат. Быйыл жалпы 15 мыйзамга 160тан ашуун өзгөртүү сунушталды.

Бирок, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, алардын көбү редакциялык өзгөртүүлөр.

Деген менен, талаш жараткан негизги салыктар жокко чыгарылды. Мисалы, жаңы курулган үйлөргө 12% кошумча нарк салыгы салынбай турган болду. Ал турак жайды дагы кымбаттатмак.

Жеке мектептерге киреше салыгы салынбайт. Бизнес чөйрөсү бул салык жеке мектептердин абалын оорлоштуруп, билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизерин айтып жаткан.

Мындан тышкары, автоунаа токтотмолор үчүн салык салынбайт, базар администрацияларынын айыбы азаят, банктык депозиттерден түшкөн кирешеге салык төлөнбөйт. Ишкердик жүргүзбөгөн учурда отчёт талап кылынбайт, юридикалык жактарды жок кылуу жеңилдейт.

Ал эми бензинге 1 сом кошулганы үчүн автоунаа ээлерин мүлк салыгынан бошотуу демилгеси боюнча өзүнчө чечим кабыл алынары айтылды.

“Депутаттардын көптөгөн сунуштары эске алынды”, - деди Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы, депутат Данияр Төлөнов.

Ал эми анын кесиптеши Дастан Бекешевдин пикиринде, бул Салык кодексинин “камчылаган эмес, жумшарган варианты болду”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG