Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Экономика

Sorry! No content for 10 Июль. See content from before

дүйшөмбү 27 Июнь 2005

27-июнда жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссиянын алгачкы жыйыны болду. Анда маалым болгондой, жаңы кодекстин долбоору 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, 2006-жылдан баштап өлкө мына ошол кодекс менен жашай башташ керек.

Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен түзүлүп, анын төрагалыгына вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов дайындалган. Комиссия курамында тийиштүү министрлер, эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

Жаңы Кодекстин негизги багыттары тууралуу Данияр Үсөнов буларды билдирди:

- Айыл чарбада бир эле салык- жер салыгы болот. Кичи ишкерлик патенттик системага өткөрсөк бир эле ошону төлөйт болду. Үчүнчүдөн, чоң ишканалар келишим негизинде салык төлөйт. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы төлөдүбү, ага эч ким текшерүүгө барбайт.

Үсөновдун айтымында, киреше салыгын 10 пайыз, НДС же кошумча нарк салыгын 16 пайызга чейин төмөндөтүү, ал эми базар экономикасына каршы келет деп эсептелген өзгөчө кырдаалдар жана жол салыгын алып салуу, алардын ордуна мүлк жана керектөө салыгын киргизүү караштырылууда.

Салык тармагына мындай өзгөрүүлөрдү киргизүү алдында турукташтыруу фондун түзүү зарыл деген оюн каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди:

- Менчиктештирүү жана пландагыдан жогору түшүп жаткан каражаттардын негизинде 3 миллиард сомдон турган турукташтыруу фонддун түзүүбүз керек. Ал салык тармагында реформаларды өткөрүүгө кепилдик берет. Анткени салыктарды төмөндөтүү менен бюджеттин киреше бөлүгү кыскарса, анын ордун толтуруунун реалдуу булагы болуш керек. Андан сырткары күч структараларынын чарбалык-экономикалык иштерге кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу жаңы президент жардык чыгарса туура болот. Ансыз бизде ишкерлик өнүкпөйт. Бул жол менен Грузия президенти Саакашвили кетти, ушундай эле жолго Тажикстан жетекчилиги да барууда.

Комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов күч структураларын чарба-экономикалык иштерден четтетүү маселеси 1997-жылы көтөрүлүп, бирок ал ишке ашпай калганын белгиледи. Азыркы бийликте аны ишке ашырууга саясий эрк болсо, анда тездетүүгө даяр экенин Байболов Данияр Үсөновго билдирди:

- Эгерде силерде бул маселени чечүү тууралуу саясий бүтүм болсо, анда аны чечүүнүн мурда аныкталган жолдору бар. Даяр варианттар бар. Мен аны сунуштап, киргизүүгө даярмын. Мурда биз Салык полициясы гана экономикалык иштерге кийлигишүүгө укуктуу болсун деп ойлогон элек. Бирок мурунку бийликтин жетекчилерин бардык күч структуралары «жемдүү» иштер менен шугулданыш керек деп ынандырып коюшкан.

Жаңы салык кодексин иштеп чыгуу боюнча комиссия ушул жумада кайрадан чогулуп, эми ар бир багыттар боюнча эксперттик топтору түзүп иштемекчи.

Кыргызстан менен Эл аралык валюта корунун ортосунда элдик ыңкылапка чейин келишим түзүлгөн. Ага ылайык өкмөт 30-июнга чейин азыркы салык кодексине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүсү керек. Аны аткаруу үчүн 30-июнда долбоор парламентке сунушталмакчы. Бирок анын жаңы салык кодекси менен эч кандай байланышы жок. Данияр Үсөновдун айтымында, бул таза формалдуу иш.

Дагы бир белгилей кете турган нерсе, өкмөт салык тармагында реформа менен катар, капиталды легалдаштыруу, эски карыздарды кечүү, капиталга мунапыс жарыялоо жана банк тармагында депозиттерге кепилдик берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун да парламенттин күзгү сессиясына даярдап киргизүүгө белсенүүдө.

Замира Кожобаева, Прага Түркмөнстандын мурунку вице-премьер-министри, газ жана мунай тармагын жетектеген Йоллы Гурбанмурадов бир ай мурун мамлекеттик казынага кол салды деген айып менен кызматынан четтетилип, кылмыш жообуна тартылган эле. Президент Сапармурат Ниязов аны 100 млн доллардан ашуун элдин акчасын жеп, үч аял алган жана көптөгөн чет элдик үлгүдөгү автомашиналарга ээ киши катары сынга алды. А түгүл Гурбанмурадов өлкөдө мунай таңкыстыгын түзүүгө аракет жасаган деп айтты Ниязов. Йоллы Гурбанмурадов азыр түрмөдө.

Түркмөнстан бул жумада мамлекет башчысынын бийликке келгенине 13 жыл толгондугун майрамдады. Ал бийликке атаандашсыз, тикелей шайлоо аркылуу шайлооочулардын 99,5 пайыз добушун алып келген.

Эл тойлоп жаткан чакта Түркмөнстандын чет элдик банкынын мурунку жетекчиси жана көп миллиарддаган газ жана мунай тармагын жетектеген вице-премьер-министри Йоллы Гурбанмурадов түрмөдө отурду. Ага бир нече олуттуу айыптоолор коюлуп жатат.

31-майда Түркмөнстандын Баш прокурору Гурбанбиби Атажанова маалымат жыйынын өткөрүп, Гурбанмурадовдун үстүнөн кылмыш иши козголгонун билдирген:

-Гурбанмурадов бийик жетекчи кызматта иштеп туруп, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, бузуку адамдар жана чет элдик компаниялар, “Эрко” фабрикасы менен мыйзамсыз соода иштерин жүргүзгөн. Ошондой эле ал кылмыш топтору менен да байланышта болгон, пара алган жана мамлекеттин каражатын өз кызыкчылыгына сарптаган. Ошондуктан биз ага каршы олуттуу кылмыш ишин козгодук.

Бирок так айыптоолор 10 күндөн кийин конкреттүү коюла баштады. Түркмөнстандын коопсуздук министри Гелдымухаммед Аширмухаммедов президентке жана өкмөт мүчөлөрүнө Гурбанмурадовго коюлган дооматтар тууралуу мындайча маалымат берди:

-Йоллы Гурбанмурадов өткөн жылдын октябрь айында чет элдик чалгындоо кызматтарынан түркмөн мунайын төмөн баада сатуу тууралуу интернет аркылуу маалымат алган. Ошондон кийин ал чет элдик тыңчылар менен тымызын байланыш түзүп, аларга кызмат көрсөтө баштаган. Урматтуу жолбашчыбыз, мен кайсы өлкө экендигин айтпай кое турайын, анткени азыр тергөө иштери дагы деле улантылып жатат. Йоллы Гурбанмурадов Түркмөнстанда бейпилдикти бузууга жана социалдык баш аламандыкты алып келүүгө аракет жасаган. 2004-жылы декабрда ал өлкө боюнча мунай таңкыстыгын жасоого ниеттенген. Биз мындай аракеттерин болтурбоого жетиштик.

Ошондой эле коопсуздук министри Гурбанмурадовдун казынадан уурдаган байлыктарынан 188 млн. долларга жакыны мамлекетке кайтарылгандыгын да маалымдады. Бул үчүн Түркмөнбашы ага ыраазычылыгын билдирди.

Бирок дагы деле Гурбанмурадовдун кимдер үчүн тыңчылык кылганы тууралуу эч сөз айтыла элек. Ошол эле жыйында президент газ жана мунай тармагына жоопкер атка минерлердин бири—министр Илияс Чарыевдин 3 айлык маянасын кармап калууну талап кылды. Түркмөнбашы Чарыевди да 2004-жылдын аягында өлкөдө болгон мунай таңкыстыгына тиешеси бар деп күнөөлөдү. Жума күнү болсо Чарыев 99 млн. долларды уурдап алган деп айыпталды.

Түркмөнстандын борбордук банкынын мурунку жетекчиси, учурда Европада саясий бозгунчулукта жүргөн оппозициялык лидер Худайберди Оразов Гурбанмурадовдун иши чын-чынына келгенде президент Ниязовдун өзүнүн булганыч иштерин жашырып-жабууга багытталган чуулгаандуу иш экенин айтат:

-Ниязовдун өзүнүн акча уурдамай ыкмалары бар. Эгемендиктин алгачкы жылдарында ага бийлик башындагы бир нече аткаминерлер кошо тартылган. Ар ким өзү уурдаганынан аны менен бөлүшүп турган. 1995-96-жылдары алардын көпчүлүгү кызматтан бошоду, кээлери гана өз кызматында калды. Алар анын жакындары деле эмес болчу. Эми Түркмөнстанда бардыгы мындай иштен качууга аракет жасап жатышат. Ниязов да бул былыкчылык тууралуу эч кимдин билишин каалабайт.

Эми Йоллы Гурбанмурадов жеп-ичкендиги жана тыңчылык кылгандыгы үчүн айыпталаарында шек жок. Ниязов аны элдин көзүнчө “жалганчы” деп айткан. Бул сөздү Түркмөнбашыдан уккан адам соттон башканы күтпөй эле койсо болот,- дейт серепчи Брюс Паннер.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG