Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Орусияда согушка кайтуудан баш тартып, качып кеткен аскерлер изделүүдө


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда фронтко кайтуудан баш тартып, аскердик бөлүктөн качып чыккан жоокерлер боюнча окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Интернетте тараган видеодон аскерлер анын алдында нааразылыгын билдирип, терезе жана башка буюм-тайымдарды талкалап жатканын көрүүгө болот.

Окуя Новосибирск аймагындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде болгону, келишимдик негизде кызмат өтөп, Украинадагы согушта жараат алган аскерлерди жетекчилиги кайрадан фронтко жөнөтүүгө аракет кылганы кабарланды.

Жараатына карабастан кайра согушка айдалып жатканына нааразы болгон ондон ашуун аскер качып кеткенин Орусиянын күч органдары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн Baza Telegram каналы жазды. Анын маалыматына караганда, аталган аскерлер мурда түрдүү кылмыш жасаганы үчүн кармалган, бирок жоопко тартылбаш үчүн Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согуш талаасына чыккан.

Полиция качкандардын арасынан жетөөнү кармаганы, калгандары изделип жатканы маалымдалды.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошол жылдын күзүндө мобилизация жарыяланган. Аскер жетишсиз болгондуктан бул өлкөдө түрмөдө отургандарды келишимдик негизде согушка салуу тажрыйбасы кеңири жайылды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG