Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Ошто жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылы ачылды


Жаңы-Барак айылы. Кара-Суу, Ош. 15-ноябрь, 2024-жыл.
Жаңы-Барак айылы. Кара-Суу, Ош. 15-ноябрь, 2024-жыл.

15-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылы ачылды. Бул айылга Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында калган Барак эксклавынан көчүрүлүп келген эл отурукташты.

Жаңы айылдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, айылдын ачылышы жалпы кыргыз эли жана өлкө үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айтты.

Президент сөзүндө Жаңы-Барак айылынын курулушу менен мамлекеттин жаркын келечегине, бүтүндүгүнө бекем ишеним курулганын белгилеп, жаңы айылдын түптөлүшү – "кыргыз коомчулугунун бийик дымагынын, мекенчилдик сезиминин жана ар тараптуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экенин" билдирди.

Президент Садыр Жапаров (ортодо) жаңы курулган үй ээлери менен.
Президент Садыр Жапаров (ортодо) жаңы курулган үй ээлери менен.


Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүп, айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын белгиледи.

2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоо милдетин алса, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган.

Президенттин сөзүнө караганда, макулдашуунун жыйынтыгында жалпы жонунан 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган. Бул айылда көп кабаттуу үй курулуп, ал үйлөр айыл тургундарынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет.

Президент Жаңы-Барак айылынын түптөлүшү - быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жаткан тарыхый окуя менен дал келгенин айтып, бул жакшы жышаан экенин белгиледи.

Жаңы-Барак айылы. Кара-Суу, Ош. 15-ноябрь, 2024-жыл.
Жаңы-Барак айылы. Кара-Суу, Ош. 15-ноябрь, 2024-жыл.


Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Жаңы-Барак айылына 101 үй курулуп, жер астынан таза суу чыгарылып берилген. Көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылган. Бала бакча, мектеп, сейил багы, мечит, футбол талаасы бар. Андан тышкары айдоо аянтчалары бөлүнгөн.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG