Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Экономика

Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 1-июнда маалымат жыйын өткөрүп, убагында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов Аскар Акаевге 480 миң доллар бергендигин журналистерге маалымдаган. Буга байланыштуу Улан Сарбанов 3-июнда маалымат жыйын өткөрдү. Ал 1999-жылкы Баткен окуясындагы чыгымды жабууга өкмөттүн чечими менен Улуттук банктан 480 миң эмес, баш аягы 620 миң доллар бөлүнгөндүгүн тастыктап, мындай акча мыйзамдуу түрдө, тиешелүү документтерге ылайык берилгендигин маалымдады.

Улуттук банктын төрагасы маалымат жыйын өткөргөндүгүнүн себебин Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай маалыматы менен байланыштырып түшүндүрдү:

-Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун Улуттук банктын аракети тууралуу айтканы чындыктан алыс.

Улан Сарбанов ошондой эле Азимбек Бекназаров айткандай, Аскар Акаевге 480 миң доллар берген эмесмин деп Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун маалыматын жокко чыгаруу менен чынында эле 1999-жылы кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Улуттук банктан 480 миң эмес, баш аягы 620 миң доллар берилгендигин тастыктады:

- 1999-жылкы Баткен окуясында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу август, декабрь айларында өкмөт эки жолу: алгач 200 миң, экинчи жолу 420 миң доллар алган. Акчаны алуу улуттук бюджеттен, ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан жүргүзүлгөн. Биз өкмөткө кызмат кылган банк катары аны аткарууга милдеттүүбүз.

Андан аркы сөзүндө Сарбанов Улуттук банктын ал мезгилде жасаган аракети мыйзамдуу болгон деп түшүндүрдү:

-Мен Улуттук банктын бардык аракеттери мыйзамдуу болгон деп эсептейм. Ал эми акча туура пайдаланылганбы деген экинчи суроо боюнча учурда тергөө жүрүүдө. Бул маселе боюнча мен тартип коргоо органдарына сурак берип жатам.

Ал эми жогорудагыдай акча тууралуу президенттик админстрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов «Азаттык» радиосунун кабарчысына 2-июнда берген интервьюсунда төмөндөгүдөй маалымат берген:

- Барымтадагыларды бошотуу үчүн адегенде 50 миң доллар тууралуу сөз болгону эсимде. Андан соң 200 миң, ал эми эң акырында учурда сөз болуп жаткан 400 миңдин тегерегиндеги сумма болгон. Мындай акча чынында эле Баткен окуясындагы чыгымдарды жабууга берилген. Учурда чынында эле мындай каражат ушундай максатта колдонулгандыгы тууралуу тергөө жүрүп жатат.

Медет Садыркулов мындан сырткары бул акча берилгенде президенттик админстрация башчысы кызматынан кеткенин айтып, жогорудагыдай каражаттын берилишине эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.

Айтор учурда Башкы прокуратура тарабынан 1999-жылы улуттук бюджеттен бөлүнгөн 620 миң доллардын кайда жумшалгандыгы боюнча тергөө жүргүзүлүүдө. Ал эми маалымат жыйында Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов «Азаттык» радиосунунун кабарчысынын мындай акча кимдин буйругу, кимдин колу менен алынган, деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.

Замира Кожобаева, Прага Казакстанда уюлдук телефон тармагында жаңы технологияларды өнүктүрүү жыл өткөн сайын кеңейип келе жатат. Алардын бири—чөнтөк телефон аркылуу интернет менен зымсыз байланышууга мүмкүндүк берүүчү GPRS технологиясы. Байланыштын бул түрү акысы кымбаттыгына карабастан керектөөчүлөрдүн, өзгөчө жаштардын арасында кеңири тарап жатат.

Казакстандагы уюлдук байланыштын лидери болуп саналган GSM айдыңындагы мобилдик телефон байланышы өзүнүн бардык керектөөчүлөрүнө GPRS технологиясы боюнча кызмат көрсөтөт. Чөнтөк телефон сатуучулардын айтымында мындай технологиясы бар телефондорду көбүнчө жаштар сатып алышат.

27 жаштагы ишкер Сергей Лавров өзүнүн кол телефонундагы GPRS технологиясы анын ишкерлиги үчүн пайдасы чоң экендигин айтат:

-Мындай технологиясы бар телефонду ноутбуукка кошуп аласың да, интернет аркылуу каалаган маалыматтарды жибере бересиң. GPRS технологиясы мага эң алды менен интернетке чыгуу үчүн керек.

Ал эми Казакстанга иш сапары менен келген түрк ишкери Мустафа аттуу жигит GPRS жардамы менен өзүнүн Түркиядагы кеңсесине каалаган убакта байланышып турат:

-Мурун интернетке компьютер аркылуу гана кошулуп жүрсөк, азыр кол телефондогу жаңы технологиялардын жардамы менен мобилдик байланыш аркылуу интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк болууда. Айрым бир жаңы телефондор бүтүндөй бир компьютердин ишин жасап жатат десек да болот.

Казакстандагы бардык мобилдик операторлор керектөөчүлөрүн GPRS технологиясы менен тейлөөгө аракет кылышат. Натыйжада адамдар кол телефондорун интернетке кошууга, ал аркылуу электрондук кат жиберүүгө, көп өлчөмдөгү аудио жана видео жиберүүгө жана кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мобилдик байланыштын Hai-tech тармагынын адистери бул технология интернетти пайдалануунун акысын арзандатаарын айтышат. Анткени GPRS колдонгон адам өзү жиберген жана кабыл алган маалымат үчүн гана акы төлөшөт.

Бирок Эрмек аттуу студент кол телефон аркылуу интернетке байланышуу акысы дагы арзандаса деген тилегин билдирди:

-GPRS менен интернетке жумасына 2-3 жолу кирем. Негизинен интернеттен түрдүү сүрөттөрдү жана обондорду көчүрүп алууга жакшы. Байланыш сапаты деле жакшы эле, бирок акысы бир аз төмөнүрөөк болсо.

Мындай технология анчалык деле зарылчылыгы жок, GPRS менен интернетке байланышуу кыйын, сапаты начар деген абоненттер да жок эмес. Зухра аттуу кол телефон сатуучу кыз өзүнүн кол телефонунда мындай система бар экенин, бирок ал аркылуу интернетке байланышуу начар экендигин айтса, Берик аттуу жигиттин GPRS технологиясы бар туруп, интернетке кошула албаганын билдирди:

- Менин телефонумда бул технология орнотулган. Бирок мен бир нече жолу аракет кылып, интернетке кошула албадым. Андан кийин өзүм абонент болуп жүргөн компанияга барсам, алардын адистери да мага жардам бере алышкан жок.

Мындай жетишпестиктин себебин Казакстандын мобилдик байланыш операторлору аталган технологиянын ишин толук камсыз кылуучу керектүү жабдыктардын аздыгы менен түшүндүрүшөт. Жакында Казакстандагы “КаР-Тел” мобилдик компаниясы АКШ нын “Моторола” компаниясынан алдыдагы беш жыл ичинде 100 млн долларлык курал-жабдыгын сатып алуу үчүн келишимге баргандыгын жарыя кылды. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы куралдар мобилдик байланыштын сапатын жакшыртып, кол телефон ээлерине GPRS технологиясын кеңири пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандагы мобилдик байланыш кызматын көрсөтүүчү операторлор азырынча бизде мындай технология боюнча кызмат көрсөтүү ишке кире элек экендигин айтышты. Кыргызстанга эң биринчилерден болуп мобилдик байланыш кызматын киргизген “Кател” компаниясынын жетекчисинин техникалык жактан орун басары Василий Раковдун айтымында, GPRS технологиясы менен интернетке байланышуу мүмкүнчүлүгүнө бир жылдын ичинде жетип калуу мүмкүн:

Акыркы маалыматтар боюнча, азыр дүйнө жүзүндө 1,2 млрд адам уюлдук байланыштын кызматынан колдонот. Ал эми иликтөөчүлөр калкынын саны 1,3 млрдды түзгөн Кытайда жаңы жылды майрамдоо мезгилинде бир жумада эле кол телефон аркылуу 11 млрд. кыска кат жиберилгендигин аныкташты. Анын суммасы 140 млн. АКШ долларын түзгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG