15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28
Экономика
КЕЛЕРКИ ЖЫЛ БЮДЖЕТИНИН КАМ-ЧОМУ ЭМИТЕН БАШТАЛДЫ
Жаңы өкмөт ушу тапта экономикалык эки негизги документтин үстүндө иштөөдө. Анын биринчиси экономикалык өнүгүүнүн жакынкы жылдарга эсептелген программасы, экинчиси эмдиги жылдын бюджети.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 2005-жылдын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү кандай аткарылып жатканын ушу тапта Эсеп палатасы кылдат текшерип жатканын маалымдады. Ыңкылаптан кийин ишке киришкен жаңы өкмөт тушунда апрель айында салыктардан 650 миллион сом чогултулган.
Мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул казынага 60 миллион сом арбын түшкөнүн далилдейт. Бул салык жыйноочулардын чогултканы. Ал эми бажы жыйымдарынан 632 миллион сом түшкөн.
Бюджетке акчанын арбын түшүшүн Данияр Үсөнов салык менен бажы кызматын каржы министрлигинин карамагынан өкмөттүн өзүнө өткөрүп алганына байланыштуу түшүндүрөт. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш күчөгөн сайын апрель айында түшкөн 170 миллион кошумча акчанын саны 200 миллион сомдон ашары эмитен эле айтылууда:
- Биз азыр болжол менен ай сайын 200 миллион сомдон кошумча акча түшүрүп туруy милдетин алдыга коюп жатабыз. Жөнөкөй эсеп менен алганда, бул жыл бою эки жарым миллиард сомду түзөт. Кудай буюрса, жыл аягына чейин бюджет планына кошумча 5 миллиард сом жыйнай алабыз деп айтып келатам. Биз аны чогултабыз.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу буга чейинки кыргыз өкмөтүнүн бир да бирөө убада кыла албаган милдетти ишке ашыруунун жолдору катары мына буларды белгиледи. Ушу тапта энергетика тармагындагы жоготуулар 5,5 миллиард кВт саатты түзөт.
Техникалык жоготууларды жаңы өкмөт 10 – 15 пайызга кыскартуу тапшырмасын алдыга жаюуда. Бул дагы кошумча 600 миллион сом казынага келип түшөт дегенди туюндурат.
1-июндан тарта өкмөт бюджетке 350 – 400 миллион сом пайда түшүрүп турган арак чыгаруучулардан алынчу салык системасын өзгөртүүнү көздөөдө. Эми өндүрүшчүлөр оболу спирттин акциз салыгын төлөшөт. Ал эми сырттан ташылып келинчү алкоголь ичимдиктери Бишкек менен Ошто ачылчу терминалда топтоштурулуп, акциз маркасы жабыштырылган соң сатууга алынып чыгат:
- Мурда жалгыз «Бакай» компаниясы жылына 500 миллион сом салык төкчү. Анда сомдун долларга катышы 1 доллар 20 сом болчу. Азыр ал 40 сомго жетти. Азыр жалпы тармак ошол эле 500 миллион сомду берет. Өндүрүш көлөмү 3 эсе көбөйгөн. Биздин баамыбызда, алкоголь тармагынан биз 600 – 700 миллион сом алалбай келатабыз. Биз муну жакшылап карап чыгабыз,- дейт Д.Үсөнов.
Антип ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен өтүп бараткан жылдын бюджетин ашыгы менен аткарып, келерки жыл бюджетин түзүү ишине олуттуу кедергисин тийгизчү чоң тоскоол турат. Данияр Үсөнов Эл аралык валюта корусуз кыргыз өкмөтү бир дагы экономикалык кадамды жасай албайт деп билдирди.
- Программалар ушундай жазылган, МВФсиз эчтемени көтөрө албайбыз, азайта албайбыз жана көтөрө да албайбыз. Эл аралык келишимдерди так аткарсак да баары бир. Ушундай ахывалга келип калганбыз.
Кысталыш кырдаалдан чыгыш үчүн өкмөт макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, салыктарды толук жыйноосу абзел. Буга кошумча, 30-сентябрга чейин карыз акча берген 21 өлкө менен эки же көп тараптуу негизде келишимдерди түзүп чыгуу керек. Ошондуктан жаңы өкмөт 1-июлга чейин батыл экономикалык кадамдарды жасабайт, деп билдирди Д.Үсөнов.
Кыргызстандын Каржы министринин орунбасары Канат Асангулов ушу тапта министрлик, ведомстуктар боюнча контролдук сандар такталып жатканын маалымдады:
- Бюджеттик билдирүү болуш керек да. Ал чыкканда негизги жана үстөм багыттар аныкталат. Биз бул бюджет деле социалдык багытты көздөгөн бюджет болот деп ойлойбуз.
БАШКЫ ПРОКУРАТУРА 620 МИҢ ДОЛЛАР АКЧАНЫН КАЙДА ЖУМШАЛГАНДЫГЫН ИЛИКТӨӨДӨ
Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 1-июнда маалымат жыйын өткөрүп, убагында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов Аскар Акаевге 480 миң доллар бергендигин журналистерге маалымдаган. Буга байланыштуу Улан Сарбанов 3-июнда маалымат жыйын өткөрдү. Ал 1999-жылкы Баткен окуясындагы чыгымды жабууга өкмөттүн чечими менен Улуттук банктан 480 миң эмес, баш аягы 620 миң доллар бөлүнгөндүгүн тастыктап, мындай акча мыйзамдуу түрдө, тиешелүү документтерге ылайык берилгендигин маалымдады.
Улуттук банктын төрагасы маалымат жыйын өткөргөндүгүнүн себебин Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай маалыматы менен байланыштырып түшүндүрдү:
-Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун Улуттук банктын аракети тууралуу айтканы чындыктан алыс.
Улан Сарбанов ошондой эле Азимбек Бекназаров айткандай, Аскар Акаевге 480 миң доллар берген эмесмин деп Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун маалыматын жокко чыгаруу менен чынында эле 1999-жылы кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Улуттук банктан 480 миң эмес, баш аягы 620 миң доллар берилгендигин тастыктады:
- 1999-жылкы Баткен окуясында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу август, декабрь айларында өкмөт эки жолу: алгач 200 миң, экинчи жолу 420 миң доллар алган. Акчаны алуу улуттук бюджеттен, ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан жүргүзүлгөн. Биз өкмөткө кызмат кылган банк катары аны аткарууга милдеттүүбүз.
Андан аркы сөзүндө Сарбанов Улуттук банктын ал мезгилде жасаган аракети мыйзамдуу болгон деп түшүндүрдү:
-Мен Улуттук банктын бардык аракеттери мыйзамдуу болгон деп эсептейм. Ал эми акча туура пайдаланылганбы деген экинчи суроо боюнча учурда тергөө жүрүүдө. Бул маселе боюнча мен тартип коргоо органдарына сурак берип жатам.
Ал эми жогорудагыдай акча тууралуу президенттик админстрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов «Азаттык» радиосунун кабарчысына 2-июнда берген интервьюсунда төмөндөгүдөй маалымат берген:
- Барымтадагыларды бошотуу үчүн адегенде 50 миң доллар тууралуу сөз болгону эсимде. Андан соң 200 миң, ал эми эң акырында учурда сөз болуп жаткан 400 миңдин тегерегиндеги сумма болгон. Мындай акча чынында эле Баткен окуясындагы чыгымдарды жабууга берилген. Учурда чынында эле мындай каражат ушундай максатта колдонулгандыгы тууралуу тергөө жүрүп жатат.
Медет Садыркулов мындан сырткары бул акча берилгенде президенттик админстрация башчысы кызматынан кеткенин айтып, жогорудагыдай каражаттын берилишине эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.
Айтор учурда Башкы прокуратура тарабынан 1999-жылы улуттук бюджеттен бөлүнгөн 620 миң доллардын кайда жумшалгандыгы боюнча тергөө жүргүзүлүүдө. Ал эми маалымат жыйында Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов «Азаттык» радиосунунун кабарчысынын мындай акча кимдин буйругу, кимдин колу менен алынган, деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.
Дагы жүктөңүз