Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Экономика

Sorry! No content for 25 Апрель. See content from before

жума 23 Апрель 2004

Кыргыз өкмөтүнүн Бишкектин түштүк тарабында 162 гектир жерди ээлеген Административдик-маданий борбордун курулуш долбоору чоң талашка түштү. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны долбоор биртоп мыйзам бузуулар менен түзүлгөнүн белгилеп, өкмөт башчы Николай Танаевди кызматтан алуу маселесин кароону президентке сунуш кылды. Өкмөт башчы административдик маданий, ишкер борборду куруу зарылдыгын Бишкекте чет өлкөдөн келчү президенттерди жакшы тосуп алчу жайдын жоктугу менен түшүндүрөт.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында Административдик-маданий борбор куруу маселеси чоң талашка түшүп, анын айынан өкмөт башчы Николай Танаев аз жерден кызматынан алынып кала жаздаганы көпчүлүктүн эсинде. Эл өкүлдөрүнүн катаң сынына туш келгендин эртеси Николай Танаев журналисттерди чогултуп, Бишкектин мурунку эски абамайданынын өйдө жагынын кыйла жерин ээлей турган жаңы борбор президент А.Акаев үч жылдан бери Шаңхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттерин жакшылап тосуп алалбай келаткандыгын, андайга ыңгайлуу жайдын жоктугу менен түшүндүргөн. Өкмөт башчы өзүнө карата айтылган сындарды жаманатты кылуунун аргасы катары эсептейт:

- Бул капталдан чыгып качырып кирүүнүн өзү. Себеп дегенде, мени абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеш төрагасы кылып дайындаганда эле бул Аксы окуясын иликтөөчү мамлекеттик комиссия башчысынан да жооптуу иш экенин билгем.

ЖогоркуКеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Өнөр жайды жана ишкердикти стратегиялык өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жаныш Рустанбеков Административдик-маданий борборду куруу идеясы Бишкектин мыкты жерин бөлүп алып, аны кайсы бир ишкерлерге сатып, туйтунуунун амалынан улам чыккан дейт. 162 гектир жерди ээлеген жаңы борбор курулушуна четтен инвесторлордун апыл-тапыл келе коюшу деле кыйын.

- Ал жерди алып сата башташат. Мына, сатып да киришти. Өкмөттүн токтомунун сыясы кургай электе кайсы бир фирмага жерди сата башташты. Жерди алып, анан аны бирөөлөргө сатыш – баары коммерциялашып калган. Анан алынган жерге мамлекеттик ишкана уюштуруп, ага өзүнүн баласын мүчө кылып киргизип койгон, - дейт Жаныш Рустенбеков.

“Агым” гезитинин баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбековдун ырасташынча, ортодогу талаштын чыгышына өкмөт менен парламенттин - экөө тең бирдей күнөөлүү.

- Өкмөттүн Интернеттеги сайтында “бул кайсы бир депутаттардын парламенттеги оюну болуп атат”, деген маалымат жүрөт. Өкмөт “эгер булар минте берсе Кыргызстандын эларалык кадыр-баркы түшөт, сырттан келчү инвестициялардын жолу буулат”, деген сыяктуу сөздөрдү айтып актанууда. Бул маселе түпкүлүгүндө Апас Жумагуловдон башталган оокат экен, - деди Жолдошбек Зарлыкбеков.

Жаныш Рустенбеков өкмөт республикалык бюджеттен жаңы борбор курулушуна бир тыйын албай кура тургандыгын айтып көпчүлүктү ишендиргиси келгени менен, жашыруун токтом чыгарып, курулушка ким канча акча чыгара тургандыгын милдеттендирип жатканын маалымдады:

- Биз бюджетти карап атканыбызда өкмөттүн бир токтому колубузга тийген. Ал токтомдо министрликтер менен ведомстуктар, акционердик коомдор, “Электр тармагы”, “Түндүкэлектр”, “Кыргыз темиржол” акционердик коомдору – ошолордун баарына өкмөт салык салыптыр. Административдик борбордо 12 үй тургузулуп атат, ошол жерге үй тургузасыңар деп милдеттендириптир. Салык салынганда да кандай салык, министрлик, ведомстуктар, акционердик коомдорго 30 миллион, 40 миллион сомдон салыптыр. Бул өзү жашырун токтом экен.

Административдик-маданий борбор долбоорунун тагдыры дагыле барып-келип президент А.Акаевдин позициясына байланыштуу чечилет. Үй-шартын жакшыртмакчы болуп дебитордук карызга белчесинен баткан энергетиктерден 102 миң доллар насыя алган Николай Танаевдин аракетинен айың көрбөгөн А.Акаев бул ирет да өкмөт башчыны колдоп койсо “кылым курулушу” башталып калышы деле ажеп эмес.

Бакыт Аманбаев, Бишкек 26-28-апрель күндөрү Шанхайда БУУ нун Азия жана Тынч океан өлкөлөрү боюнча комиссиясынын жыйыны болот. Анда Азия менен Европа өлкөлөрүн байланыштыруучу авто жол түйүнүн түзүү боюнча келишимге кол коюлат.

БУУ нун Азия жана Тынч океан жээгиндеги өлкөлөр боюнча Экономикалык жана социалдык комиссиясынын жыйынына Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, жыйында Азия өлкөлөр менен Европаны байланыштырган авто жол түйүнүн түзүү тууралуу келишимге кол коюлат. Мындай келишим тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министринин Эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Темир Ниязбеков «Азаттыктын» кабарчысына буларды маалымдады:

- Бул Азия менен Европа өлкөлөрүн байланыштырган, өзүнчө белги коюлган эл аралык жол түйүнү болот. Ошондой эле жолдун багытын аныктаган карта чийилет. Бул жол Япониядан башталып, Азия, Борбор Азия, Түркия, Орусия аркылуу Европа өлкөлөрүн байланыштырат. Мындай келишим биринчиден, эл аралык жолдогу айдоочулардын түйшүгүн жеңилдетет, экинчиден, келишимде эл аралык жол түйүнүнө кандай жолдорду киргизүү боюча шарттар болгондуктан, эл аралык жол каттамына кошулган жолдордун сапаты жакшырталат. Бул жолго Кыргызстандан Эркештам, Торугарт жана Бишкек-Ош жолу кошулду. Мындай келишимге Аскар Айтматов барып кол койот.

Ошондой эле Ниябеков Кыргызстандын мындай эл аралык авто жол түйүнүнө кошулуусунун мааниси боюнча буларга токтолду:

- Бул Кыргызстандын транзит өлкө болуусуна карата жасалган алгачкы кадам. Эгерде Кыргызстан транзит өлкө болсо анда биз бул жолдон экономикалык пайда да ала аларыбызга шек жок. Анткени биз көптөн бери дүйнө базарына чыгууну көздөп келебиз.

Андан аркы сөзүндө Ниязбеков мындай келишим дароо эле күчүнө кирбей тургандыгын, келишимге кирген өлкөлөрдүн аймагында эркин жол каттамы камсыз болуш үчүн дагы бир катар өкмөт аралык келишимдер керек экендигин кошумчалады.

Мындай келишимдин айрыкча Кыргызстан сыяктуу деңизге жакын эмес өлкөлөр үчүн мааниси чоң. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Марат Султанов мындай дейт:

- Бул долбоор абдан жакшы долбоор. Кыргызстан мындай демилгени беш колдоп, колдош керек. Анткени учурда Кыргызстан туюк өлкөлөрдөй болуп калды. Бул жагынан өзбектер, тигил жагынан, казактар бут тосууда. Кытай жак менен чыгайын десе, жакшы жол жок. Эгерде бул жол Кыргызстан аркылуу өтө турган болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзөт. Анкени биз транзиттик өлкө болуп калып, саясий жактан да күчтүү болуп калабыз. Анткени бизден көз каранды өлкөлөр көбөйүп калат. Мисалы ошол эле Өзбекстан Кытайга биз аркылуу өтө баштайт. Ошондо биз Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөр менен болгон маселени чечип, чыгыш базарына чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG