Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

Экономика

Кыяс Молдокасымов, Бишкек 2004-жыл Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы аталып, жакырчылыкка каршы жапырт күрөш жүргүзүү урааны көтөрүлгөн. Бул ураан иш жүзүндө кандай аткарылып жатат?. Жакырчылыкка баткан карапайым калктын турмуш-шарты жакшырабы? Мына ушул суроолор бийлик менен оппозициянын талаш-тартышын жараткан маселеге айланууда.

Өткөн жылдан бери жакырчылыкты кыскартуу үчүн жапырт жигерденүү же социалдык мобилизациялоо урааны көтөрүлүп, эл арасында иш чаралар жүргүзүлүп келет. 5 жыл башта калктын 70% эң жакыр турмушта жашаарын бийлик моюнга алып, андан чыгуунун жолун издей баштаган. Жакырчылыктан чыгуунун атайын программасы иштелип чыккан. Жыл сайын жакырчылыкты 5% га кыскартып отуруп, 2010 жылга чейин кедейликти 2 эсеге чейин азайтууга болоорун иликтеп чыгышкан. Ага кошумча өткөн жылы социалдык мобилизациялоо, өлкөнү акыйкат башкаруу демилгеси көтөрүлүп, аны аткаруу үчүн 2004-жыл атайын белгиленген.

Бул тууралуу Мамлекет башчысы Аскар Акаев:

- Социалдык мобилизациялоо, экономикалык иш аракеттердин эркиндиги жана ак ниет башкаруу аркылуу биз негизинен кедейчиликти кыскартууга жана адамдардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга чечкиндүү кадам жасоого тийишпиз. 2010-жылга чейин кедейчиликти 2 эседен кем эмес кыскартуу жана 10 жыл аралыгында калктын реалдуу кирешесин 2 эсе жогорулатуу зарыл.

Бирок Мамлекет башчысынын мындай чакырыгынын аткарылышына көпчүлүк саясатчылар ишенбей келет. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Апсамат Масалиевдин пикири боюнча азыркы бийлик түп тамырынан бери өзгөрүлмөйүнчө жалпы эл жакыр турмушунан арылбайт.

- Бул үчүн азыркы бийликтин саясатын такыр өзгөртүү керек. Ансыз бул иш жүзүнө ашпайт. Эгер саясатка, реформага түзөтүү киргизбесек өзүнөн-өзү эле жакшы болуп кетпейт. Анан дагы отуруп элдин арасынан нааразычылк көбөйөт.

Ал эми Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов социалдык мобилизациялоо аркылуу элди жакырчылыктан арылтууну мындайча түшүндүрөт:

- Эң негизгиси баарыбыз болгон мүмкүнчүлүк, болгон каражат, болгон ресурстарды кризис убагында кедейленип кеткен үй-бүлөөлөргө жардам берип, баарын тегиз көтөрөлү. 2004-жылы эл турмушун оңогонго жардам бере турган эмне иш чаралар болсо ошону аткарышка арнаган жыл болуп отурат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров курулай ураан менен кедейчиликти жоюу мүмкүн эместигин белгилеп, ага буларды кошумчалады:

- Биз качан өзүбүз эгемен экономикалык саясат жүргүзмөйүнчө, өзүбүздө өндүрүш болмоюнча бул көрүнүш улана берет. Кедейчилик жоюлбайт.

Демек жакырчылыкты жоюу боюнча бийликтин пикири менен анын оппоненттеринин көз карашы ар башка. Ал эми карапайым калктын жашоо шарты азырынча жакшырып кетпегенин байкоочулар байма-бай айтып келет.

Кыргыз өкмөтү экономиканы кайра жөнгө салуу концепциясын иштеп чыгып, ал президенттин жардыгы менен кабыл алынды. Ал кандай максатты көздөйт жана экономикага пайда алып келеби? Мына ушул суроолорго вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жооп берди.

- Жоомарт мырза, кыргыз өкмөтү «Экономиканы кайра жөнгө салуу концепциясын» даярдап, ал президенттин жардыгы менен кабыл алынды. Бул концепцияны кабыл алуунун кандай зырылдыгы болду жана анын максаты эмне?

- Биз 13 жылдан бери Кыргызстанда рынок экономикасын куруп жатабыз. Өлкөнүн экономикалык ички абалын өнүккөн башка мамлекеттер менен салыштырсак бизде бизнес, ишкерлик тармагын жөнгө салуу боюнча көзөмөл абдан күчтүү. Маселен, бизде жеке ишканалардын 75-80 проценти сөзсүз түрдө сертификат, лицензия алууга милдеттүү. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде анын көлөмү 5-6 гана процентти түзөт. Биз мына ушундай көзөмөлдү жоюушубуз керек. Мамлекеттик органдардын ишкерлер менен жеке ишканаларга экономикалык эркиндик берүүсүнө мезгил жетти. Өнүккөн мамлекеттерде товардын жакшы, жамандыгын рынок гана баалап, салмагын чечет. Жөнгө салуу - мамлекеттин максаты болбошу керек. Ошон үчүн биз азыр кайра жөнгө салуу концепциясын даярдап бүттүк жана аны ишке ашыруу программасын түздүк. Ага ылайык азыркы парламенттин кароосуна тезинен 15 мыйзам долбоорун беришибиз керек. Эгер ал мыйзамдар кабыл алынса, анда мамлекеттик мекемелердин уруксат берүү же текшерүү боюнча кабыл алган административдик буйрук, токтом жана жоболору мыйзамсыз болуп калат. Бул коррупцияны токтотууга эң ири кадам болот. Анткени, жөнгө салуу нормалары мыйзамдарда гана көрсөтүлүп, бир гана мыйзамдын негизинде иштөөгө өтөбүз. Ошондо ишкерлер да, мамлекеттик органдар да, анын ичинде текшерүүчү мекемелер да өз укук милдеттерин так түшүнүп, иштөөгө милдеттүү болот. Биз муну менен жалпы эрежеге баратабыз.

- Менин билишимче, ушундай багыттагы мыйзамдарды кабыл алуу милдети буга чейин деле инвестициялык матрицаларга киргизилген болчу. Бирок көп мыйзамдар парламент тарабынан кабыл алына элек. Кабыл алынгандары ишке ашкан жери жок. Бул жагдайдан алганда концепция деле ишке ашпай калат деген коркунуч барбы?

- Бар, албетте, бар. Себеби, өтө көп экономикалык мыйзам парламенттин кароосунда жатат. Биз пакет катары сунуштаган мыйзам долбоорлорун парламент кабыл алат деген үмүттөбүз. Анткени бул жөнөкөй элге, ишкерлерге абдан пайда алып келет. Муну менен мамлекеттик органдардын көзөмөлдөөчү функцияларын азайтып, жалпы ишкерликке экономикалык эркиндик берип жатабыз. Менин оюмча, ошон үчүн депутаттар да колдоп, кызыгышы керек. Анткени алардын шайлоочулары экономикалык эркиндикке ээ болот жана аларга принципиалдуу пайда алып келет. Эгер алар колдобосо мамлекеттик органдар кайра эле жеке бизнести тушаган бойдон калат.

- Ал эми парламент экономикалык мыйзамдарды эмне үчүн кабыл албай жатат жана кабыл алынгандарды өкмөт эмне үчүн толук аткарбай жатат деп ойлойсуз?

- Кээ бир мыйзамдардын сапаты чын эле начар болуп, парламент министрликтерге кайтарган учурлар бар. Бирок идеалдуу мыкты мыйзам болсо да аны эл түшүнбөсө, билбесе ал ишке ашпайт жана зарылдыгы жок болот. Ошон үчүн биз эң ириде мыйзамдардын максатын элге жайылтып, жеткиришибиз керек. Ошон үчүн азыр эл арасында тренинг өткөрүп, жасаган ишибизди түшүндүрөлү деп жатабыз.

- Ал эми концепциянын өзөгүн кандай мыйзамдар жана кандай милдеттер түзөт?

- Биз концепцияда жасай турган милдеттерди алты топко бөлдүк. Биринчи топто мыйзамдарды кантип даярдоо керек деген милдет турат. Мурда мамлекеттик органдар мыйзам долбоорлорун даярдап бүткөндөн кийин дароо парламентке сунуштап, ал кабыл алынчу. Коомчулук кабыл алынган мыйзам менен гана таанышып калчу. Азыр болсо биз долбоор даяр болгондон кийин аны массалык маалымат каражаттарына жарыялап, элдин жана ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, бирге талкуулайлы деген милдетти койдук. Ал долбоор даяр болгондон кийинки 60 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Ушул 60 күндүн ичиндеги талкууда ишкерлер мыйзамды кабыл алууга макул болушса гана парламентке сунуш кылабыз. Бул принципиалдуу маселе, анткени, өкмөт эл, ишкерлер менен сөзсүз акылдашы керек. Анан мыйзам кабыл алынгандан кийин да аны ишкерлердин кароосуна жиберебиз. Ал 90 күнгө созулат. Бул мезгил ичинде алар мыйзамдын кээ бир беренелерин ишке ашыруу боюнча өз ойлорун айтышы керек. Эгер ишкерлер айрым беренелерине каршы боло турган болсо, анда мыйзам күчүнө кирбейт.

Экинчи топко жеке ишкана же фирманы ачууда бериле турган уруксат кагаздарын же катталуу процессин жеңилдетүү милдети киргизилди. Азыр бул иште бизде абдан көп проблема бар. Ишкер ишкана же фирма ачуу үчүн ондон ашык мекеменин уруксатын алууга милдеттүү. Биз муну азыр «One stop shop» деген ыкмага өткөрүп, ишкерлердин бир жерге гана кайрылып, ошол жерден бардык кагаздарын кыска убакыттын ичинде алып кетүүсүнө шарт түзөлү деп жатабыз.

Үчүнчү топко - жер жана кыймылсыз мүлктү каттоо иштерин кайра жөнгө салуу боюнча милдеттер киргизилди. Мисалы, жерди дыйкандар күрөө катары пайдалануусу тууралуу жоболор Конституцияда жана Жер кодексинде болсо дагы дыйкандар жерди күрөө катары пайдалана албай жатышат. Анткени биз бул тармактагы мамилелерди аягына чейин жеткире иштеп чыккан эмеспиз. Бул азыр абдан керектүү жана маанилүү механизм. Дыйкандар жерди күрөөгө салса жана аны банктар алса, анда бизде капитализация рыногу абдан кеңейет. Кээ бир ишкерлердин жерлери бар. Бирок банк аны күрөө катары албайт. Биз ушул мамилелерди акырына чейин жөнгө салышыбыз керек.

Андан кийинки топтогу милдет боюнча, биз уруксат берүү системасын өзгөртүшүбүз керек. Уруксат берүү бир гана «Лицензиялоо жөнүндөгү» мыйзамда орун алышы керек.

Бешинчи топко текшерүүнү жөнгө салуу милдети коюлду. Азыр ондон ашык мамлекеттик орган ишкерлер менен алардын ишканаларын текшергенге укуктуу. Бул такыр туура эмес. Ишкерлердин баары ушуга байланыштуу арызданып жатышат. Биз буга чек коюуга милдеттүүбүз.

Акыркы топко сөзсүз төлөнчү төлөмдөр жөнүндөгү милдеттер киргизилди. Азыр мамлекеттик органдар уруксат берүүчү кайсы документке ишкер канча акча төлөш керектигин өздөрү эле ченеп, бычып, өздөрү эле жобо чыгарып коюшат. Бул коррупциянын чоң булагы болуп жатат. Бул системаны жоюшубуз керек. Ал үчүн бир нече мыйзамга өзгөртүү киргизели деп жатабыз. Эгер мыйзамга ошол позицияны киргизсек, анда мамлекеттик органдар чыгарган нормативдик акттар мыйзамсыз болот.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG