Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунаага убактылуу чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

5-январда саат 23:30дан тартып Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" бекетинде оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 6-январга караган түндө Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады. Буга ашуулардагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болгону, чектөө жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүнө киргизилгени кабарланды.

Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен автоунаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпей айдоого чакырган.

Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG