Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Лейлектеги жарылуу боюнча Тажикстан тарапка маалымат берилди


Лейлек райондук ооруканасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Лейлек райондук ооруканасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында 5-январь күнү болгон жарылуу боюнча Тажикстан тарапка маалымат берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы маалымдады.

Баткен облустук милициясы тараткан маалыматта Арка-2 айылындагы жарылуу боюнча Лейлек райондук милициясынын башчысы Кожобек Козубаев менен Тажикстандын Согд облусунун Гафуров райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Чамшед Абдулло Зубайрзода жолукканы кабарланды. Жолугушууда эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылды.

Күч кызматтары жергиликтүү элди этият болууга чакырып, шектүү заттарга тийбөөнү жана тиешелүү органдарга тезинен кабарлоону эскертти.

5-январь күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын тургундары: 32 жаштагы А.Н. (аял киши) жана анын 11 жаштагы кызы К.А. өздөрү жашаган үйдүн короосун жыйнап жатып, эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып, үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал жарылып кеткен. А.Н бетинен, кыз бутунан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Жарылуу болгон үй, Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылкы чек арадагы атышууда дээрлик толук өрттөнүп кеткен.

Милициянын маалымдашынча, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган.

Жарылуу болгон үйдүн тургуну, 39 жаштагы А.К. белгисиз жардыргыч зат 2022-жылдын 16-сентябрындагы коңшу өлкө менен болгон куралдуу жаңжалдан калган болушу мүмкүн экендигин билдирген. Бул жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды.

Баткен облустук администрациясы бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өз багыты боюнча ыкчам чара көргөнүн, жаракат алган эне-балага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлер алардын абалын орто деп баалаганын маалымдады.

Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматкерлери окуяны элге туура жеткирүү максатында алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда катталган. Чек арадагы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 134 жараны жараат алып, 36 адам мерт болгон жана 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон. (JsA/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG