Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

Экономика

Sorry! No content for 31 Март. See content from before

дүйшөмбү 29 Март 2004

Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын биртоп социалдык проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүп, жакырчылыкты азайтуу, билим, саламаттык сактоо, жергиликтүү башкаруу, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашуун долбоорун ишке киргизген. Андай долбоордун эң ириси, албетте, Бишкек-Ош жолун оңдоо долбоору. Ушу тапта долбоордун үчүнчү баскычы ишке ашырылууда.

Азия өнүгүү банкынын жардамы менен Кыргызстандын экономикалык турмушундагы орчун маселе түндүк менен түштүктү катыштырып турган Бишкек-Ош автожолу оңдолууда. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ишкердикти өнүктүрүү, билим берүүнү өркүндөтүү жаатында Азия өнүгүү банкынын жардамы менен бир кыйла иштер жасалды. Бул маалыматтар Кыргызстандагы кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн жетекчиси Александер Чериан менен өкмөт башчы Николай Танаевдин жолугушуусунда айтылды.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстанда ишке киргизилген долбоорлорунун жалпы саны 22. Анын ондон ашууну ушу тапта ишке ашырылууда. Банктын туруктуу өкүлчүлүгү Бишкекте 2000-жылы ачылган. Анын жетекчиси Александер Чериан Кыргызстанда өткөргөн 8 жылын олуттуу жаңылануулардын, кыйынчылыктан чыгуунун ары татаал, ары карама-каршылыктуу жолу катары эсептейт. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси апрель айында Бишкекке келмекчи.

- Биз азыр бул жакка келчү жетекчини тандап атабыз. Менин бул жерде иштеген ишимдин натыйжасы, Кыргызстандагы күндөрүм тууралуу толкунданбай айтыш кыйын. Мен бул жерге биринчи ирет 1994-жылы келгем. Азыр ал кездегилерди толук эстеп отурган киши аз эле болуш керек. Кыргызстандын экономикасы оор абалга капталып, экономикалык өнүгүү болжол менен 50% кыскарып, жакырчылык жакадан алып турган. Бул жерде такай иштеген 8 жыл ичинде Кыргызстанда бардык маселелер чечилди деп айталбайм. Антсе да ачык айтып койчу нерсе, оор кырдаалдан чыгуу аракети жасалып, өлкө алдыга умтулууда. Жакырчылыктын саны дагыле арбын, а бирок да кийинки үч жылда кедейлик азайды. Азия өнүгүү банкынын долбоорлору, мисалы, Бишкек-Ош жолун оңдоо, дурус иштеп жатат. Мен канча долбоорду ишке киргизгенибизди бул жерде санабай эле коеюн, - деп айтты Александер Чериан.

Анын айтуусунда, Азия өнүгүү банкынын Кыргызстанда ишке ашырылган долбоорлору калк турмушун оңоого, кедейликти азайтууга багытталган.

- 8 жыл ичинде 500 миллиондон ашуун доллар ошондой долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды, - дейт Александер Чериан.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын ички социалдык маселелерин чечүүгө, коңшулар менен мамилесин оңдоого олуттуу көмөк көрсөткөнүнө токтолду:

- Азия өнүгүү банкынын Кыргызстанда ишке ашырылган долбоорлорун санап чыгуунун өзү кыйла убакытты алат. Бул дoлбоорлор Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизди. Калк турмушун жакшыртуу, республиканын жеке өзүнүн колунан келбей турган проблемалардын чечилишине Азия өнүгүү банкы чоң көмөк көрсөттү. Реалдуу сектордун ишин жандантуу, республиканын ички жана чөлкөмгө тийиштүү проблемаларынын кыйласы банктын жардамы менен оңуна чечилди. Ички маселелерден социалдык чыңалууларды болтурбоого, чөлкөм чегинде коңшулар менен мамиле-катышыбызды жөнгө салууга шарт түзүлдү. Ишке киргизилген долбоорлордун арасынан Ош-Бишкек жолун оңдоону өзгөчө бөлүп көрсөткүм келет. Бул - Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырып турган өмүр жолу.

Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жумшаган 533 миллион доллардын 54 миллиону техникалык жардам иретинде бөлүнгөн.

26-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланып, Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анын жыйынтыгында банктын 2002-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттко карата палата өз чечимин кабыл алыш керек.

Улуттук банктын отчету эле эмес, банктын ишин текшерген депутаттык комиссиянын сессияда өз маалыматын жарыялоосу да Улуттук банктын жетекчилигинин дарегине карата сындын күчөшүнө түрткү болду. Эл өкүлдөрү негизинен, Улан Сарбановду Улуттук банктын валюта корун натыйжалуу пайдаланбаганы, өз кызматкерлерине айлык акыларды жогору коюп, көп жылдык мөөнөткө үстөк пайызсыз насыяларды бергендиги жана коммерциялык банктардагы коррупция, уурдоочулукка жол берип, аманатчылардын укуктарын коргобогондугу үчүн сынга алышууда.

Мындай учурда 1990-жылдардын орто ченинде жогорку даражалуу кызматкерлер четтен 30 миллион доллардай акчаны өтө жогору үстөк пайызы менен алып, анын уурдалып-тонолуп жок болуп кеткендиги да Улуттук банктын башчысынын башына муш болуп тийе баштады. Депутаттар бул насыяны төлөө жүгү кандайча Улуттук банкка өтүп калгандыгы жана ага ким уруксат бергендигине кызыгышты. Банктын төрагасы Сарбанов «Жибек жолу» долбоору боюнча алынган ал карыз Апас Жумагулов жетектеген өкмөттүн чечими менен Улуттук банкка жүктөлгөнүн билдирип, мындай төлөмдөр жүргүзүлгөнүн кабарлады:

- Биз 3 миллион доллардан ашык үстөк пайыз төлөдүк. Андан кийин 2002-жылдын 31-майында 23 миллион 400 миң доллар төлөнүп, карыздын баары жабылган.

Анын айтымында, «Жибек жолу» долбоорунун мамлекетти сызга отургузушуна байланыштуу убагында кылмыш иш козголуп, бирок жамааттык жоопкерсиздикке жол берилген деп, эч ким жазаланган эмес. Натыйжада насыяны алгандар эмес, анын алынышына кепилдик берген өкмөт үстөк пайызы менен төлөөгө мажбур болгон.

Депутат Александр Савицкий 350 миллион сомдон ашыгыраак сумманы түзгөн аманатчылардын акчасын кайтаруу жагы каралып жатабы деген суроону койду. Улан Сарбановдун айтымында, бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып, анын жардамы менен 7 жылдын ичинде төлөп берүү жагы каралып жатат.

Депутат Кыдыкбек Исаевди Улуттук банктын жетекчилигинин валюта корунун натыйжасыз пайдаланылып жатканы өзгөчө нааразы кылып, бул ишке жооп берген Улуттук банктын төрагасынын орун басары Эмил Абдуманаповду кызматтан алууну сунуштады. Улан Сарбанов акча корун пайдаланууда кемчиликтер бар экенин белгилөө менен, бирок аны каалагандай пайдаланууга жол берилбесин, ал каражат Эл аралык валюта корунун да көзөмөлүндө турганын билдирди.

Депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө, алардын кудуретсиздикке учуроолоруна да токтолушту. Эл өкүлдөрүн бир эле Эдуард Пак деген атуулдун «Крамдсбанкты» банкротко учуратып, аманатчыларды сызга отургузуп, андан кийин эле «Рентонгрупп» бирикмесин түзүп, анда да жүздөгөн амантчыларды алдап кетүүсүнө эмне үчүн Улуттук банк жол берди деген суроону беришти.

Маселен, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Сооронбай Шарипов мындай суроо койду:

- Эдурад Пак «Крамдсбанк», «Рентонгрупптун» уюштуруучусу. Ал Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын 2 миллион 700 миң доллар насыясын 1993-жылдан бери кайтарбай жүргөнүнө карабай, силер «Рентонгруппту» түзүүсүнө жол берип жатпайсыңарбы. Улуттук банктын ушундай көз жумуп койгону үчүн эл 350 миллион сом акчасын алдырып отурат.

Бирок Улан Сарбанов «Рентонгрупптун» түзүлүүсүнө жол бербөөнү өтүнүп, тийиштүү органдарга кайрылганын жана ага кагаз жүзүндөгү далилдер бар экенин билдирди.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Улуттук банктын ишмердүүлүгүн кескин сынга алган менен анын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табуу тууралуу комиссия сунуштаган токтом долбоорун кабыл алган жок. Токтомдун жаңы долбоорун түзүү боюнча иш дүйшөмбү күнү улантылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG