Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.
Борбор Азия
жекшемби 21 Август 2022
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилсе, быйыл күздө үч тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Бээжинден келген адистер тобу техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн талаа жумуштарын жүргүзүп, долбоорлоого киришти.
18-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыгызстандагы элчиси Ду Дэвенди кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу дагы сөз кылды.
"Бул темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз", - деди Акылбек Жапаров.
"Чөлкөмдөгү стратегиялык долбоор"
Быйыл күзүндө Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун баштоо боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлары мерчемделгени белгилүү.
Буга байланыштуу жолдун Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган ички темир жол каттамдарын аныктоо жана анын негизинде тоо кыркалары менен ойдуңар аркылуу өтчү болочок темир жолдун нугундагы жер кыртыштарын изилдөө үчүн талаа-изилдөө иштери жүргүзүлө турганы макулдашылган.
Бул үчүн ар тармактуу эксперттик топтун курамына кирген 80 адис быйыл июль айынын соңунда Кытайдан Кыргызстанга келген.
Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 30-июлда Бишкекке иш сапары менен келгенде расмий билдирген эле.
“Биз “Бир алкак, бир жол” биргелешкен темир жол курулушун тездетүү боюнча бир добуштан чечим кабыл алдык. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бул чөлкөмдөгү стратегиялык өз ара байланыш долбоору болуп саналат. Бул долбоорду баштоо үчүн аны долбоорлоо жана аяктоо шарттарын аныктоо маанилүү. Иш сапарларымдын жүрүшүндө кыргыз жана өзбек тарап бул ири долбоорго канчалык маани берип, алардын күтүүлөрүн дагы бир жолу сездим. Бул долбоор боюнча адистердин алгачкы тобу бир нече күн мурун тиешелүү изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келгенин билдиргим келет. Муну менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча тиешелүү иштер башталды деп айтсак болот. Бул биздин үч өлкөнүн элине, өзгөчө Кыргызстан менен Өзбекстандын калкына абдан жакшы жаңылык”.
Кытайлык адистер кыргыз тараптын сунушу менен долбоордун Кыргызстан аркылуу өтчү Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жол каттамын карап, инженердик-техникалык корутунду чыгаруу үчүн геодезиялык жана геологиялык изилдөөнү баштаганы белгилүү болду. Бул маанилүү изилдөөнүн чыгымын кайсы тарап төлөй турганы ачык айтыла элек.
Болочок темир жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт. Тоо тектерине карап ал каттамдын багыты өзгөрүп кетиши да мүмкүн экени айтылды. Ички долбоордун болжолдуу сметалык баасы 5 млрд. долларга барабар.
Техника-экономикалык негиздемеге эмнелер кирет?
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын темир жол курулушун долбоорлоо мекемесинин башчысы Улан Кулов изилдөөнүн жыйынтыгы ички каттамдын багыттарын жана курулуштун чыгымын аныктап берерин айтты.
"Толук кандуу техника-экономикалык негиздемеде бардык маселелер камтылат. Инженердик-техникалык жактан жолдун тоому ылайык келеби, темир жолдун узундугу канча чакырымды түзөт, канча бекет, канча көпүрө, канча тоннель курулат, бардыгы эсептелип чыгат. Мына ошолордун бардыгынын баасы эсептелип, курулуштун сметалык чыгымы аныкталат. Бул темир жол долбоорун ишке ашырууга канча убакыт талап кылынарына чейин толук эсептеп чыгарылат. Азыр деле биз долбоорду каржылоонун финансылык моделин талкуулап жатабыз. Бирок бирөөнө токтоло элекпиз. Техникалык-экономикалык негиздемеде мына ошол боюнча өзүнчө бөлүм болот. Ар бир ири долбоордун мына ошондой долбоорлоо документи иштелип чыгышы керек. Бул темир жол долбоору биздин бийик тоолуу аймактар аркылуу өткөндүктөн, өзгөчө изилдөөнү талап кылат. Биз берген сунуш боюнча бул темир жол каттамынын багытын толук изилдеп чыгышат. Техникалык-инженердик мүмкүнчүлүк бар же жок экенин аныктап алышыбыз абзел. Айрыкча, шагыл аралашкан, борпоң топурактуу тоо кыркаларынын жана ойдуңдардын жер кыртышын толук изилдөө абдан маанилүү. Ошонун бардыгын илимий негизде тактап беришет".
Адистердин айтымында, келерки жылдын жаз айларына чейин Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси толук даяр болот. Эксперттер азыр геологиялык-геодезиялык изилдөөлөдүн жыйынтыгы боюнча курулуштун инженердик-техникалык түзүмүн сунуштай турганы белгиленди.
Ички темир жол каттамдардын кайсынысы болбосун бийик тоо кыркалары аркылуу өтүп, көптөгөн көпүрөлөр жана узак аралыктагы тоннелдер курула турганы айтылды. Кытайдын эксперттик тобу кыргызстандык адистер менен биргеликте учурда Нарын жана Жалал-Абад облустарынын аймагында талаа жумуштарын алып барып, изилдөөгө киришкени кабарланган болчу.
Тоскоолдуктар: тоолор жана темир жолдун эни
Транспорт жана жолдор министрлигинин автожол жана темир жол долбоорлоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурмат Мусабеков климаттык татаал шарттары бар тилкелер изилденерин билдирди.
"Жайы-кышы климаттык оор шарттары бар аймактарда изилдөөлөр жүрүп жатат. Темир жолдун тоому кышкысын 1 метрге чейин кар жаткан жерлер, дарыялар жана суулар аркылуу өтөт. Бул жактарда көптөгөн көпүрөлөрдү куруу керек болот. Ошол эле кезде бийик темир жол тоому тоолорду тешип өтө турган, кеминде 2-3 тоннелдин курулушу болжолдонуп жатат. Ошентип, изилдөө бүткөн соң, ар бир каттамдын татаалдыгына жана ыңгайына жараша толук маалымат кийин берилет".
Жергиликтүү адистер Кытай темир жол корпорациясынын курулуштарды долбоорлоо жана изилдөө институтунан келген эксперттер менен бирге иштеп, темир жолдун нугун жана эни боюнча бир пикирге келип, сунушташы керек болот.
Кытайда темир жолдун эни 1435 мм түзөт. Бул дүйнөдө эң кеңири таралган стандарт. Түндүк Америка, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Австралия, Түштүк Корея жана Европанын көпчүлүк бөлүгүнүн өлкөлөрүндө темир жол ушундай стандарт менен курулат.
Ал эми постсоветтик мейкиндиктеги, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун эни 1520 мм түзгөн "орус нугу" деп аталган өлчөмгө туура келет. Ал мурдагы СССР өлкөлөрүнүн аймагында, ошондой эле Финляндия менен Монголиядагы темир жолдун эни болуп эсептелет. Бул маселени жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдө белгилүү болгондой, кайра жүктөөчү бекеттерди куруу сунушталган.
Улан Кулов бул маселе дагы андагы инженердик-техникалык чечимге кирет дейт.
"Ооба, бизде ошондой маселе бар. Себеби, эки тарапта темир жол эки башка стандартта. Бул деле техникалык маселе. Эксперттер карап, изилдеп чыгып, аны жөнгө салып чечүү боюнча сунуштарын беришет. Техника-экономикалык негиздеме деген мына ошондой маселелерди чечүү үчүн иштелип чыгат. Мына ошондо ал жакта бир нече вариант көрсөтүлөт. Анан ыңгайына жараша чечим кабыл алуучу тараптар оптималдуу жагын тандап, чечишет".
Дүйнөлүк соода жолуна чыгуу Борбор Азияны өзгөртөбү?
Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун кошуп, андан ары Перс булуңун, Иран, Түркия аркылуу Европага чейинки эл аралык темир жол тармагына туташтырууну көздөгөн эң ири долбоор экени айтылган.
Бул биринчи кезекте деңизге чыгууга жолу жок Борбор Азия чөлкөмүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстанды географиялык туюктан чыгарып, дүйнөлүк соода жолдоруна кошулуусун камсыздый турганын логистикалык эксперттер да айтып келишкен. Кыргызстандын транзиттен таба турган пайдасы эле жылына 200-250 млн. долларга бааланганы өкмөттүн өткөн жылдагы тыянагында көрсөтүлгөн.
Бирок саясат талдоочу Марс Сариев бул темир жол долбоору Борбор Азиядагы геосаясий абалды өзгөртүшү мүмкүн болгондуктан ага тоскоолдук болушу ыктымал экенин болжолдойт.
"Биз аркылуу өтө турган бул темир жол долбоору Бээжинден Парижге чейин барат. Бул долбоор Борбор Азиядагы геосаясий абалдын чукул өзгөрүшүнө алып келет. Борбор Азия чөлкөмүндө абдан сезилерлик экономикалык "чоң секирикке" өбөлгө түзөт. Бул абдан маанилүү. Ошондуктан Өзбекстан дагы бул долбоордун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Быйыл сентябрда ШКУнун жыйынында тарыхый макулдашуу кабыл алынары эл аралык эксперттик коомчулукта алдын ала айтыла баштады. Бул долбоор бизге, анан жалпы эле Борбор Азияга абдан пайдалуу. Анан Кытай дагы бул темир жолго аябай муктаж".
Сариевдин пикиринде, дүйнөдө энергетикалык ресурстарга жетүү боюнча эл аралык абал кескин өзгөрүүдө. Ошондуктан Кытай бул темир жолу аркылуу Ирандан, Араб жарым аралынан тоскоолдуксуз мунай-газ ташууну көздөйт деди ал.
"Албетте, буга дүйнөлүк башка оюнчулар тоскоолдук жасашат. Азыркы абалда деңиз жолдору буулуп калышы мүмкүн. Анда Кытайдын экономикасы отуруп калат. Ошондуктан, Бээжин кургактан коридор ачып, темир жол долбоорун ишке ашырууга абдан кызыкдар. Анан калса бул темир жолу Орусияны айланып өтөт. Ошондуктан 20 жылдан бери бул долбоорду ишке ашыруу ордунан жылбай келген. Анткени бул Москванын кызыкчылыгына туура келбейт. Биринчиден, анын Транссибирь темир жол магистралына атаандаш болот. Экинчиден, бул альтернативалуу темир жол коридору ачылса, Орусия Борбор Азиядагы таасирин жоготот. Бул чөлкөм Орусиядан алыстап, Кыргызстан менен Өзбекстан Азия-Тынч океан аймагына жана Европага чыгууга жол ачылат. Ошондуктан геосаясий абал кескин өзгөрөт".
Батыш менен Чыгышты, Перс булуңу менен Араб жарым аралындагы мунайга жана газга бай өлкөлөрдү Кытай менен байланыштырып, дүйнөлүк соода жана өнөр жай лөктөрүн кызыктыра турган бул ири темир жол долбоорунун Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өтүшү жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикасы үчүн дагы маанилүү экенин эл аралык изилдөөчүлөр буга чейин эле жазып келген.
"Жол - экономиканын кан тамыры"
Эл аралык экономика боюнча адис Кеңешбек Алимбеков эл аралык темир жол артериясына кошулуунун маанисине токтолду.
"Бизде жүк ташуулар толугу менен автоунаа жолдору аркылуу жүргөндүктөн, биздин аймак үчүн эл аралык логистикага чыгуу бир топ жеңилдейт. Бул темир жолу аркылуу биз биринчиден түндүк-түштүктү бириктирген ички каттамдарды камсыздап, Өзбекстан аркылуу андан ары башка өлкөлөргө чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жолдор, айрыкча темир жолдору бул адамдын кан тамырларындай эле кызмат аткарат. Жолдор канчалык көп болсо жана сырттан жүктөрдү ташуу арзанга түшсө, четке ташый турган товарлардын агымы көбөйсө, экономика ошончолук өнүгөт. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруу абдан маанилүү".
Бирок 2000-жылдары көтөрүлгөн “Бир алкак, бир жол” программасынын алкагындагы Бээжиндин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан биргелешкен темир жол долбоору боюнча сунушуна Москва кызганыч менен карай турганы мисалга алынып жүрөт. Орусия Борбор Азиядагы таасирин жоготуп албоо үчүн бул темир жол долбоорун ишке ашырууга кыйыр түрдө тоскоолдук жасап келгенин айрым саясат талдоочулар белгилейт.
Жагымдуу геосаясий кырдаал
Ошондуктан Москванын эркине этият мамиле жасаган Бээжин мурда батыл чечимдерге баруудан тартынып келсе, соңку мезгилде жандана баштаганы байкалган.
Саясат талдоочу Марс Сариев азыр бул долбоорду баштап, ишке ашырууга геосаясий жактан дагы ыңгайлуу учур келгенин белгиледи.
"Бул маселе боюнча азыр Орусия Кытайга каршы чыга албайт. Ошондуктан биздин президент Садыр Жапаров дагы "мен бул маселе боюнча Орусиянын президенти Путин менен мына ушул темир жолдун бизге керектиги боюнча жарым сааттай сүйлөштүм, анан ал макулдугун билдирди" деп айтпадыбы. Бирок Путин макулдугун берген менен бул долбоор аркылуу Кытайдын Борбор Азияда таасири күчөй турганын түшүнүп турат. Орусия Борбор Азияны жоготсо, андан ары өзүнүн курамындагы Башкырстан, Татарстан, Түндүк Кавказ жана Повольже сыяктуу аймактары ыдырай баштайт деп кооптонот. Украинадагы абалды көрүп жатасыңар. Буга байланыштуу Орусия Кытай менен жакын болгонго аракет жасоодо. Ал Кытай менен союздаш болгондой көрүнгөнү менен ортодо стратегиялык маселелер бар. Бул долбоор геосаясий жактан Батышка деле жакпайт. Бирок азыр тескерисинче, жакында АКШ президент Жо Байдендин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Азия-Тынч океан саммиттинин алкагында жолугушары күтүлүүдө. Ошондо, менимче, Кытай АКШ менен тил табышып, пикир келишпестиктер жөнгө салынып, негизги маселер чечилиши мүмкүн".
"Кыргыз темир жолунун" маалыматы боюнча темир жолдун курулушу алты жылдан сегиз жылга чейин созулат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээбек Кулубаев дагы Кытайдын башкы дипломаты менен бул темир жол долбоорун ыкчам ишке ашыруунун жолдорун талкуулаганын айткан жайы бар.
"Бүгүн биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча негизги маселени талкууладык. Ошондой эле транспорт, коммуникация жана айыл чарба тармагындагы гранттык долбоорлор тууралуу сөз болду. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун тез ишке ашырууга абдан маани беребиз. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын соңунда кытайлык эксперттер тобу Кыргызстанга келди. Алар кыргыз адистери менен биргеликте Кыргызстандын ичи менен өтчү темир жол тилкелеринде изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Быйыл соңку айлардагы Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын эксперттеринин деңгээлинде бир нече жолу өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында талаа изилдөөлөрүн баштоого мүмкүн".
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюла турганын Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов 2-августта "Азербайжан - Өзбекстан - Түркия" диалог форматы жыйынында сүйлөп жатып билдирген.
Быйыл сентябрда бардык даярдык иштери аяктап калат, ал эми ШКУнун Самаркандда өтө турган мамлекет башчыларынын жыйынында ага үч президент кол коё турганы белгиленип, документтер даярдалып жатканы кабарланган.