Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: долбоор күздө башталары айтылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргыз өкмөтү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ушул күздө башталарын жарыялады. 20 жылдан ашык убакыттан бери сөз бойдон калып келген инфрастуралык чоң долбоор боюнча иш ордунан жылдыбы же кезектеги көп убаданын бириби?

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ушул күздө башталарын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн аптадагы өкмөт жыйынында жарыялады.

Документке ШКУнун саммитинде кол коюлабы?

Ал муну Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, ага жакшылап даярдык көрүүнү тапшырган. Акылбек Жапаров "Азаттыкка" берген комментарийинде үч өлкө ортосундагы ири инфрастуралык долбоорду баштоого даярдык жүрүп жатканын ырастады.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Бардык макулдашуулар, анын ичинде кызыкдар болгон бардык өлкөлөр менен макулдашуулар толугу менен аяктады. Сентябрь айында ШКУнун саммити учурунда үч өлкөнүн башчылары (Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан-ред.) темир жолдун курулушун баштоо боюнча документке кол коет деп ойлоп жатабыз. Сентябрда курулуш башталат деген документке кыргыз өкмөтү, өзбек өкмөтү жана кытай өкмөтү даярдык көрүп жатабыз".


Жапаров айтып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити быйыл сентябрь айында Ташкентте өтүшү керек. Министрлер кабинетинин төрагасы учурда темир жолдун долбоору, техникалык-экономикалык негиздемесинин үстүнөн иш жүрүп жатканын билдирди.

Ал алгач темир жолду баштоо боюнча документке кол коюлса, андан соң курулуш менен бирге долбоорлоо иштери менен жүргүзүлө турганын кошумчалады. Тактап айтканда, темир жолдун долбоору курулуш иштери менен кошо жүрүп отурат.

"Түндүк менен түштүктү бириктирет"

Акылбек Жапаров азыркы тапта кыргыз тарап өлкө үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болгон темир жолдун маршрутун бекитүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

"Темир жолдун долбоорунда биздин өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары байланышат. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз. Балыкчы-Кара-Кече темир жолун бекеринен кура баштаган жокпуз. Биз темир жолду Кара-Кечеге жеткирсек, андан ары дал ушул эл аралык жолдун Казармандагы бөлүгүнө байланыштырсак деген планыбыз бар".

Чынында эле Кыргызстан үчүн темир жолдун маршруту жана эни маанилүү. Дал ушул маселенин үстүндө канча жылдан бери сүйлөшүү жүрүп, мунаса табылбай келет. Былтыр үч өлкөнүн адистери топографиялык, геологиялык иштерди жүргүзүп, Кыргызстандын аймагындагы маршруту боюнча бир нече вариант даярдалганы кабарланган.

Алардын бирине ылайык, темир жолду Кытайдан Торугарт аркылуу киргизип, Арпа-Кош-Дөбө-Макмал-Жалал-Абадга, андан ары Өзбекстандын аймагына жеткирүү каралган. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт.

"Кыргыз Темир жолу" ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев "Азаттыкка" маегинде азыркы тапта эки маршрут каралып жатканын билдирди:

"Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Учурда бир топ маалыматтар жашыруун. Азыр үч тарап иштеп жатабыз. Эки маршрут боюнча сөз болууда. Биз өзүбүзгө ыңгайлуусун карап жатабыз. Бирок эки маршрут боюнча кытай жана өзбек тарап менен дээрлик макулдаштык".

Темир жолдун курулушун Кытай жалгыз каржылабайт

Ал эми темир жолду каржылоо кандай жүрөт деген суроого азырынча так жооп жок. Буга чейин долбоордун алдын ала баасы 5 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланган. Аны бир нече тарап же ишкана биргелешип түзгөн консорциум ыкмасы менен каржылоо каралышы мүмкүн экени айтылган эле.

Кытайдын Ташкенттеги элчиси Цзян Янь өткөн аптада Өзбекстандагы Youtube каналдарынын бирине берген маегинде темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатканын жана долбоорду Кытай жалгыз каржылабай турганын маалымдаган:

"Азыркы тапта адистер темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесинин варианттарын кызуу талкуулап жатышат. Жакын арада бул маселе боюнча мунаса табабыз деген үмүттөбүз. Акыр-аягында курулуш иштерин баштоо керек. Бул темир жол үч өлкөгө тиешелүү. Бул биздин жалпы ишибиз. Жалпы ишти биргелешкен аракет менен ишке ашыруу керек. Ошондуктан, Кытай темир жолдун курулушун жалгыз каржылайт деп айтуудан алыс болот элем",- деген элчи.


Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Андан бери кезек-кезеги менен сөз болгону менен курулуш баштала элек.

Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкан 2016-жылдан бери күчөгөн. Быйыл февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында бул ири долбоор жөнүндө сүйлөшүү жүрүп, темир жолдун башы ачылабы деген үмүт болгон.

"Көп убаданын бири болбойбу?"

Кыргызстан үчүн темир жолдун геосаясий жана экономикалык мааниси абдан чоң. Ал курулса Кыргызстанга Европага чыгуунун кошумча багыты ачылып, экономиканы ирдентүүгө салым кошмок.

Эгемендик жылдарындагы бийлик башына келген ар бир президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга убада берип, бирок ал ишке ашпай келген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев бул долбоорду Кыргызстандын эгемендигин бекемдөөчү фактор катары санайт. Бирок ал темир жолго байланыштуу билдирүү учурдагы бийликтин көп убадасынын бири катары калбай, өтөсүнө чыкканы маанилүү экенин белгиледи:

"Буга чейинки бийликтер деле айтып келишкен, бирок биздин негизги экономикалык өнөктөш менен тил табышпай келди көрүнөт. Бардык президенттер, премьер-министрлер эл алдына чыгып сөз берген. Анткен менен ишке ашыра алган жок. Ушундай кырдаалда курулушту баштайбыз дегени өтө маанилүү кадам. Бирок бул элдин көңүлүн алып, башка маселелерден алыксытуу болуп калбаса болду. Себеби, учурда өкмөт Салык кодексине, Бажы биримдигине (ЕАЭБ - ред.) байланыштуу нааразылыктар көп болуп жатканда жарандардын көңүлүн башкага буруу үчүн ушул билдирүүлөрдү жасабаса болду".


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бул үч өлкөнүн ортосундагы гана долбоор эмес. Буга Орусия тарап да кызыкдарлыгын билдирип, аны курууда Москванын позициясы унутта калбашы керектигин каңкуулап келген. Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков расмий Бишкек темир жолду куруу үчүн Орусия менен кеңешүү керектигин билдирген жайы бар.

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда темир жолдун курулушу боюнча бардык кызыкдар тараптардын макулдугу бар деп ишендирүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG