Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

"Мыйзам баарына бирдей иштеши керек". Матраимовдун абактан чыгышы, коомдогу талкуу


Райымбек Матраимов. УКМК тараткан сүрөт.
Райымбек Матраимов. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй камагына чыкканы тууралуу комментарий берди. Мурдагы бажычы 11-ноябрда эле эркиндикке чыкканы белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

УКМК төрагасы 14-ноябрда парламентте сүйлөп, Матраимовго козголгон кылмыш ишинин алкагында 200 миллион доллар акча өңдүрүлгөндөн кийин аны абакта кармап отуруунун кажети болбогонун билдирди.

Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиевге Райымбек Матраимов тууралуу депутат Балбак Түлөбаев суроо берди. Атайын кызматтын төрагасы ага жооп берип жатып, Матраимовдон бул жолу казынага 200 миллион доллар өндүрүлгөнүн билдирди. Мунун кайсы бир бөлүгү ага таандык мүлктөрдүн эсебинен толтурулганын, мамлекет аларды базар баасынан кыйла арзан баалап алганын айтып берди.

"Матраимов эки күн мурда үй камагына чыкты. Ал кармалганда биз ага үч берене - "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү", "бейбаштык" жана "кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо" беренелери менен кылмыш ишин козгогонбуз. Ишти сегиз ай тергедик. Ал бюджетке 200 миллион доллар төлөп чыкты. Муну сом менен эсептегенде 17 миллиард сом болот. Буга чейинкисинде ал дээрлик 2,5 миллиард сом төлөгөн. Жалпысынан ал 19,5 миллиард сом төлөдү. Туура, анын баарын эле накталай төлөгөн жок. Аны мүлк менен дагы төлөдү. Биз ошол мүлктүн баарын экспертизадан өткөрүп туруп, арзан баада алдык. Мен эки мисалды айтып кетейин. Бишкекте Айтматов көчөсүндө 14 кабат бизнес борбор бар эле. Биз ошол жерди күч түзүмдөрү үчүн чоң госпитал кылып жатабыз. Аны 53 миллион доллар деп баалашты эле, биз аны 32 миллион долларга алдык. Ош шаарында "Ихлас" деген компаниянын чоң борбору түзүлүп жаткан. Ал жердеги батирлер, бизнес борборлордун бир чарчы метри 1700-1500 доллардан сатылып жаткан экен. Биз болсо аларды 1200 доллардан баалап алдык. Биз мунун баарын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп бердик. Аны сатканда, акчага айлантканга оңой болот. Биз баарын арзан кылып, мамлекетке 200 миллион доллар түшө тургандай кылып алдык. Жакында сот болот. Жанагы үч берененин беш жылга чейин санкциялары жана айып пулу бар, ушул экөөнүн бирөө боюнча жоопкерчилик тартат. Акчасын төлөгөндөн кийин аны түрмөгө кармап отуруштун мамлекетке дагы, өзүнө дагы эч кандай пайдасы жок эле", - деди Ташиев.

Бул билдирүүгө байланыштуу Матраимовдор азырынча комментарий бере элек.

УКМК Райымбек Матраимовго алгач коррупцияга байланыштуу 2021-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал бажы кызматынын жетекчилик кызматтарында турганда башка аткаминерлер менен бирге көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген.

Райымбек Матраимов бул ишке байланыштуу күнөөлүү деп табылып, сот ага 260 миң сом айып пул салган.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алганы, казынага 2 миллиард сом төлөп бергени маалымдалган.

Ташиев туура бир жыл мурда Матраимовду былтыр күзүндө атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Ал Кыргызстанга ушул жылы мартта Азербайжандан атайын учак менен алынып келген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон жана ошондон бери тергөө абагында жаткан.

Деген менен Матраимовдун үй камагына чыкканы коомчулукта талкуу, ача пикир жаратты.

Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу "Азаттык" баштаган бир катар медиалардын иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты көп аталган. Буга чейинки бийликтин тушунда мындай фактыларга көңүл бурулган эмес.

"Интербилим" бейөкмөт уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиеванын пикиринде, бул окуя коррупцияны жоюуну талап кылган жарандык коомдун, иликтөөчү журналисттердин ындынын сууткан окуя болду. Ал өлкөдө мыйзам бардык жарандарга бирдей болбой жатканына токтолду:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Матраимовдун үй камагына чыкканы абдан терс көрүнүш. Анткени мыйзам деген Кыргызстандагы жарандардын баарына бирдей иштеши керек да, беренелердин баары бирдей колдонулушу керек. Азыр абакта журналисттер дагы отурат, алар дагы акча төлөп коюп абактан чыкса болобу? Коррупцияга айыпталган аткаминерлер, казынага кол салган аткаминерлер мамлекетке эле эмес, элге дагы зыян келтирип жатат. Ошолордун айынан жарандар жыргал жашоого жетпей калган. Жакырчылыктын бир себеби дагы ошолор болгон. Бул жерде кылмыш өтө чоң болуп жатпайбы. Ошон үчүн жаза деген такыр бөлөкчө болушу керек. Буларды өтө оор берене менен камоо керек эле. Акчаны уурдап-уурдап эле кайра кайтарып бердик деп койсо боло береби? Анын үй камагына чыгышы жарандык коомдун, иликтөөчү журналисттердин ындынын сууткан окуя болду. Бул деген силер коррупцияны иликтей бергиле, бирок андан майнап чыкпайт, биз аны өзүбүз билебиз дегендей мамиле болуп жатат да. Бул деген коррупционерлердин чырагына май тамызат да. Эгер алар жетиштүү деңгээлде жаза албаса, анда мындай кылмыш иштери улана берет да".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков болсо ириде мындай иштерде мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүү маанилүү деген ойдо. Анын баамында, кандай гана жаран болбосун тергөө абагына камоо акыркы чара болушу керек:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

"Эң биринчи маселе зыяндын ордун толтуруу болушу керек. Мамлекеттик уурдалабы, жарандардыкы уурдалабы, эң биринчи маселе ушунда болушу керек. Андан кийин, албетте, мыйзам чегинде жазасын сөзсүз алышы керек. Матраимов деле бир жылга жакын отуруп калды да. Анын иши сотко жеткенде ага кандай жаза берилерин сот чечет. Мен өзүм укук коргоо органдарында иштеген адам катары, эгер ошол кылмышка шектүү качып кетпесе, коомго коркунучтуу болбосо, ким болбосун, Матраимовбу же башка адамбы, саясатчыбы - түрмөдө отурушун каалабайм. Анткени бизде тергөө абактарынын абалы начар. Мен убагында көп мамлекетти кыдыргам, цивилизациялуу өлкөлөрдүн баарында эле кылмышка шектүүлөрдү дароо эле камап салбайт, тергөө маалында үй камагында отурушат. Сот кандай чечим чыгарса, ошого жараша жазасын алат, түрмөгө отурат. Биз айлап-жылдап тергөө абагында отурган, ден соолугунан ажыраган, сотко келгенде акталган адамдарды деле көрүп жатпайбызбы".

Март айында Баку шаарынан Бишкекке атайын учак менен Райымбек Матраимов менен кошо анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор дагы жеткирилген.

Бишкек - Баку: Райымбек Матраимов кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

Оштогу Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишине байланыштуу июнда өкүм чыгарып, ага бир миллион сом айып пул салган жана үч жылга чейин мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан.

Ал эми Руслан менен Исламбек Матраимовдор май айында камакка алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй, август айында сот аларды күнөөлүү деп тапканы, кылмышка шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алганы, райондук сот аларга 50 миң сомдон айып пул салганы белгилүү болгон. Алар тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат берилген эмес.

Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кенештин депутаты Искендер Матраимов жыл башында мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG