Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Борбор Азия

Түркмөнстандын Стамбул аэропортунда учак күтүп турган Түркмөнстандын жарандары. SonDakika.com сайтынын видеосунан алынган скриншот.
Түркмөнстандын Стамбул аэропортунда учак күтүп турган Түркмөнстандын жарандары. SonDakika.com сайтынын видеосунан алынган скриншот.

Түркмөнстандын жүздөгөн жараны башка өлкөлөрдөн кайтып келатып, Түркиядан чыга албай калышты. Аларды андан ары өз мекенине ташып кетчү учактар жок болуп жатат.

Бийлик чартердик каттамдарды уюштурууга аракет кылганы менен ал таптакыр жетишсиз болууда. Ал арада бул боюнча түркмөн президентине даттангысы келгендер Стамбулдагы консулдукта катуу сабалды.

Пандемия алып келген көйгөй

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркмөнстан дагы 2020-жылдын мартында көп мамлекеттер сыяктуу эле башка өлкөлөр менен аба байланыштарын токтоткон. Пандемия башталгандандан бери бул вирусту жуктурган учурларды расмий ырастабаган түркмөн бийлиги ушул убакка чейин эл аралык каттамдарды толук калыбына келтире элек.

“Түркмөнстан” авиакомпаниясы Дубайга жана Казанга болгон каттамдарын май айында жарым-жартылай жандантып, июндан тартып Москвага уча баштады. Бирок түркмөнстандык жарандар эң көп деп саналган Түркияга катардагы каттамдар дале башталбай турат.

Соңку эки айдан бери жүздөгөн түркмөн жарандары Стамбул аэропортунда чогулуп, “Түркмөнстан” авиакомпаниясы уюштурган чартердик, же келишимдик негиздеги учактарына чыгууга аракет кылып жатышат. Алардын арасында башка өлкөлөрдөн кайтып келгендер да, Түркиянын өзүндө иштегендер да бар. Алардын айрымдары дээрлик бир нече айлап аэропортто жашап жатышат.

Бул жарандар Түркмөнстанга кадимки каттамдарды жандантууну талап кылышып июлдун башында бир нече жолу нааразылыктарды өткөрүшкөн. Ошондон кийин гана Түркмөнстандын бийлиги өз жарандарын кайтаруу аракеттерин күчөткөн жана Стамбулга кошумча учактарды жөнөткөн.

Бирок Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, бул аракеттер таптакыр жетишсиз болуп, ондогон, жүздөгөн түркмөнстандыктар дале аэропортто кала берүүдө.

SonDakika.com сайты жарыялаган видеодо түркмөн жарандары Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылып, Түркмөнстанга кайтып кетүүгө жардам берүүсүн өтүнүштү.

Видеодо өзүн Гүлжан Сейтиева деп тааныштырган аял Түркияга окуганы келгенин айтып, бирок бир-эки жылдан бери үйүнө кайта албай калганын даттанды.

Стамбул аэропортундагы түркмөндөр
Стамбул аэропортундагы түркмөндөр

“Мен түркмөн консулдугунда 50 жолу болдум. Бизди эч ким укпай жатат. Кээлери системада маселе бар дейт, айрымдары 2 миң доллар берсең билет сатышат дейт. Айтор, мен ала албай койдум. Алар билеттерди арткы эшиктен эле сатып жиберишет экен. Суранам, бизге жардам бериңиздер. Өзүбүздүн ата мекенибиз өзүбүзгө кам көрбөй жатат. Ошого мен Режеп Тайып Эрдоганга кайрылам. Жок дегенде сиздер жардам бериңиздерчи. Биздин апабыз, атабыз, туугандарыбыз каза болду. Аларды ушул жерде жерге берүүгө аргасыз болдук. “Мамлекет эл үчүн” деп айтышат, кана мамлекет эл үчүн күйгөнү?”, – дейт Сейтиева.

Ал Түркмөнстандын бийлигине кайрыла берип чарчаганын, алардан пайда чыкпаганы үчүн Түркиянын президентине кайрылып жатканын кошумчалады.

Түркмөнстандын бийлиги жана мамлекеттик медиалары башка өлкөдө аргасыз камалып жаткан миңдеген жарандардын тагдыры жөнүндө эч кандай маалымат бербей келет. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын бул багыттагы суроо-талаптары жоопсуз калууда.

Президентке үнүн жеткиргиси келгендер сабалды

Мекенине уча албай жаткандардын укуктарын коргоп жаткан түркмөн активисттери 16-августта Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугуна келип, президент Сердар Бердымухаммедовго кайрылууну берүүгө аракет кылышкан. Бирок аларды аткаминерлер кабыл албай, консулдуктун имаратынан чыккан кишилер даттангандарды сабап салышкан.

Активисттердин бири Атамырат Сапаров “Азаттыктын” түрмөн кызматына консулдуктун аймагында болгон нерселерди айтып берди.

Атамырат Сапаровдун сабалган учуру
Атамырат Сапаровдун сабалган учуру

“Кире бериште турган адам “мен документ менен алектенбейм, менин кызматым кичинекей эле” деди. Биз ага “анда ыйгарым укуга бар кишилерге айт, кайрылуубузду алсын” дедик. Алар сүйлөшүп жаткан маалда, бир нече киши биздин артыбызга туруп алыптыр. Бизди Түркиянын “Озгур дер” укук коргоо уюмунун адиси коштоп барган. Алгач аны сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин колун кайрып, түрткүлөштү. Биз каршылык көрсөттүк. Ошол маалда мени бетиме уруп жиберди”, – деди түркмөн активисти.

Атамырат Сапаровдун сөзүнө караганда, элчиликтин өкүлдөрүнө бергиси келген өздөрүнүн катында активисттер авиа байланыштарды жөнгө салуу жана пспортторду алуудагы көйгөйлөрдү чечүү маселесин жазышкан.

“Эгер биз муну өтүнүч десек жаңылбайбыз. Башкача айтканда, жолдордун эки жылга жабылышынан улам жасалма жаратылган көйгөйлөр. Биздин жарандар Стамбулдун эл аралык аэропортунда муздак бетондо уктап жатышат, арасында балдар жана карылар да бар. Каттамдарды жанданткыла, же кошумча учактарды кошкула. Катта мына ушуну айткыбыз келген. Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугуна өтө узун кезек болуп жатат. Эл кыйналып бүттү. Кызматкерлер жетишпей жатса кошумча персонал жөнөткүлө”.

Стамбулдагы түркмөн консулдугундагы чырдан кийин активисттер Атамурад Сапаров, Дурсолтан Таганова жана түркиялык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүн полиция кармап кеткен. Аларды полиция суракка алып, андан кийин гана коё берген. Бирок алардын өздөрү сабалганы тууралуу арызын милиция кабыл алган эмес.

Түркмөнстандагы адам укуктары боюнча Хельсинки фондунун жардамы менен элчиликте сабалган беш түркмөн жараны Стамбулдун прокуратурасына арыз жазды. Андан сырткары алар менен чогуу дипломатиялык имаратка барган түркиялык үч жаран да өз атынан прокуратура кайрылышты.

"Талибан" Борбор Азиянын тилин кантип табат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:13 0:00

Бир жылдан бери Ооганстанды "Талибан" кыймылы бийлеп келатат. 20 жылдан кийин бийликке кайтып келген талибдердин башкаруусуна кандай баа берсе болот? Алар бир жыл мурун берген убадаларын канчалык аткара алды? Дүйнө өлкөлөрү талибдердин бийлигин таанышы керекпи? Ошол эле маалда "Талибан" кызматташууга умтулуп, Борбор Азияга ооган тараптан коркунуч болбойт деп ишендирүүдө. Ал эми чөлкөмдөгү өлкөлөр Ооганстандын жаңы бийлиги менен мамиле түзүүдө эки башка позицияда турат. Талибдер менен кызматташып, алака-катнашты калыбына келтирүү канчалык маанилүү?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG