Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Борбор Азия

Sorry! No content for 14 Август. See content from before

бейшемби 11 Август 2022

Хорог шаары.
Хорог шаары.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдо генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө айыпталган үч киши өмүр бою эркинен ажыратылды.

Аймактын бийлиги Ага Хан фондуна таандык болгон шаардык сейил бакты мамлекеттин менчигине өткөрүп бермей болду.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту 2012-жылы киши колдуу болгон генералдын өлүмүнө катышы бар деген айып менен Хорогдун үч тургунун өмүр бою эркинен ажыратты.

Он жыл мурунку кылмышка өкүм чыкты

Шейшембиде “Азаттыктын” тажик кызматы сот облустун камактагы бейформал лидери Толиб Аюмбековдун уулу Гүломали Аюмбековду, Хайримамад Дустмамадовду жана Аслан Гүлобовду 10 жыл мурун жасалган кылмышка тиешеси бар деп тапканын жазды. “Азаттыктын” Хорогдогу ишенимдүү эки булагы өкүм 5-августта чыкканын, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Мыйзамсыз курал сактоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен айып коюлганын билдирди.

Расмий Дүйшөмбү Хорог шаарынын тургундарына чыккан өкүм тууралуу комментарий бере элек.

Толиб Аюмбеков.
Толиб Аюмбеков.

Толиб Аюмбеков 11-июнда Хорог шаарында кармалган. Ага "адам өлтүрүү", "бейбаштык", "каракчылык", "баңгизат жана курал-жарак сатуу" деген оор айыптар коюлган. Аюмбековдор жана анын жакындары азырынча үн ката элек.

2012-жылдын 21-июлунда автоном облустун коопсуздук кызматынын ошол кездеги башчысы, 56 жаштагы Абдулло Назаров Хорог шаарынын четинде кызматтык автоунаа менен райондун борбору Ишкашим шаарынан кайтып келе жаткан жеринен киши колдуу болгон. Анын машинесин жыйырма чакты белгисиз адам токтотуп, генералды автоунаадан чыгарып, ага бир нече жолу бычак сайып, качып кетишкен. Айрым маалыматтарга караганда, Назаров артынан кууп келгендер менен сүйлөшүү үчүн автоунаадан өзү түшкөн.

Үч күндөн кийин Хорогдо армия катышкан масштабдуу аскердик операция башталган. Расмий маалыматка караганда, атайын операция учурунда 18 жоокер набыт болуп, ондогон аскер жараат алган.

Тажик укук коргоочулары курмандыктардын саны андан да көп экенин айтып келишет. Козголоңчу делгендердин арасынан канча адам каза болгону азыркыга чейин белгисиз.

Хорогдогу сейил бак

Хорог шаарындагы Ага-Хан фондуна таандык сейил бак мамлекеттин менчигине өткөнү шаршембиде белгилүү болду.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматынын жеке булактары билдиргендей, жергиликтүү жер боюнча башкаруу комитетинин кызматкерлери шаардык сейил бактын документтерин кайра каттоого киришти. Ал эми Ага-Хан фондунун өкүлдөрү азырынча бул боюнча үн ката элек.

Карим Ага Хан Тажикстанда. 2012-жыл.
Карим Ага Хан Тажикстанда. 2012-жыл.

Хорогдун борборундагы бул парк 2003-жылы Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Ханга тартууланган. Паркты реконструкциялоого 2004-жылдан 2009-жылга чейин расмий маалыматтар боюнча 4 миллион доллар бөлүнгөн. Кийинчерээк Ага Хан Фонду Хорогдун борборунда заманбап сейил бакты түзүүгө дагы миллиондогон каражат жумшаган.

Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода 9-августта сейил бактын мамлекеттин менчигине өткөнү тууралуу маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бирок мэрияда иштеген атын атагысы келбеген булак “Азаттык” радиосуна Жерди башкаруу боюнча облустук комитеттин адистеринин тобу документтерди кайра карай баштаганын билдирди. Аларга жакын арада сейил бакты тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча сунуштарды даярдап, тиешелүү органдарга киргизүү тапшырмасы берилгенин да айтты.

Ал эми Ага-Хан фондунун Хорогдогу мурдагы кызматкери журналисттерге билдиргендей, фонд 18 жыл ичинде шаардык сейил бакты реконструкциялоого жана кароого ири суммада каражат жумшаган.

"Маданият сейил багында ондогон жергиликтүү тургундар иштеп, айлык акы алышкан. Ага-Хан фонду жыл сайын сейил бакты көрктөндүрүүгө акча бөлүп турган. Бийлик эмне үчүн сейил бакты Ага-Хан фондунан алуу чечимине келди, билбейм. Бирок бийликтин мындай мамилеси жакшы эмес деп ойлойм", - деди фонддун мурдагы кызматкери.

Карим Ага Хан жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 2011-жыл.
Карим Ага Хан жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 2011-жыл.

Ал ошондой эле эки жыл мурун Тажикстандын атайын кызматы Ага-Хан фондунун Тоолуу Бадахшандын айылдарын өнүктүрүү максатында түзүлгөн “ГАЧА” долбоорун ишке ашырууга тыюу салганын кошумчалады. Бийлик мындай чечимдин себебин түшүндүрө элек.

Фонддун Тажикстандагы таасири

Эл аралык Ага-Хан фондун Карим Ага-Хан IV негиздеген. Уюм дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө экономика, билим берүү, маданият жана башка тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу менен адамдардын жашоо-шартын жана мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында иш алып барат.

Фонд Тажикстанда 1992-жылдан бери иштеп келет. Уюмдун бөлүмдөрү өлкөнүн бардык аймактарында инфраструктураны, энергетиканы, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашырат. Айрыкча, Ага-Хан Фонду бадахшандыктар үчүн “Тоону өнүктүрүүнү колдоо программасын” иштеп чыгып, анда табигый кырсыктын алдын алуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана чакан бизнести каржылоо камтылган.

Нарындагы Борбор Азия университетинин ачылышына келген Касым Ага-Хан. 2016-жыл.
Нарындагы Борбор Азия университетинин ачылышына келген Касым Ага-Хан. 2016-жыл.

Ошондой эле памирлик кыргыздарга Ага-Хан фонду жыл сайын 50 миң доллар өлчөмүндө жардам берип келет.

Фонд Кыргызстанда 2008-жылдан бери иштеп келатат. Ал Кыргызстандын бардык аймактарында ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат.

Ага Хан фонду Нарында 200 гектардан ашык аянтка Борбор Азия университетин курган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын соту тажикстандык студентти чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген негизде өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

24 жаштагы тажикстандык студент Исмоилхон Усмонов Бишкектеги Кыргыз - Орус Славян университетинин медициналык факультетин жакында эле аяктады. Анын алты жылдык окуусу былтыр кыргыз тажик чек ара жаңжалынан улам үзгүлтүккө учурап, ал мекенине кеткен. Окуу жайдын медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян окуянын кандай болгонун түшүндүрүп берди.

Анэс Зарифьян
Анэс Зарифьян

"Былтыр чек ара чырынан кийин тажикстандык студенттердин көбү үйүнө кеткен. Былтыр күзүндө окуу башталганда алар улам чалып, сурап жатып, өкмөттүн буйругунан кийин көбү кайра окууга кайтып келишти. Биз мугалимдерди бөлүп, аларды окуу программасынан артта калбасын деп аракет көрдүк. Кайтып келген студенттердин арасында чек арадан мыйзамсыз өткөндөр бар экени маалым болду. Ал кантип өткөнүн айтып берген жок, болгону "окууга келиш үчүн ушул кадамга бардым" деп түшүндүрдү. Ал жигит алты жыл бизде акы төлөп билим алды. Акчасы, мээнети текке кетишин каалаган жокпуз. Ушундан улам биз сынактарга катыштыруу боюнча атайын уруксат кагазын алдык. Ошентип, окуусун аяктагандан кийин соттун чечими чыкты. Аны менен кошо кайтып келген башка студенттер да сессияга, сынактарга катышты".

2020-2021-окуу жылында бул окуу жайда тажикстандык 79 студент билим алган.

5-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Исмоилхон Усмоновду "Чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген берене менен күнөөлүү деп тапкан.

"Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүдө күнөөлүү деп табылып, ага мамлекеттин пайдасына 80 000 сом айып салуу жазасы белгиленди. Усманов айып түрүндөгү жазаны толук аткаргандан кийин, тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы жокко чыгып, ал Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылат", - деди Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжалдар чыгып турат. Алардын эң ириси өткөн жылы апрелдин соңунда катталган. Анда эки тараптан 50дөн ашуун киши каза таап, 200дөй адам жараат алган. Жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан.


Былтыр күзүндө кыргыз өкмөтү тажикстандык студенттер менен катар айрым жарандарга чек арадан өтүүгө уруксат берген.

"Студенттер жана мугалимдер Билим берүү министрлигинен бергилген уруксат кагазы менен мыйзамдуу түрдө чек арадан өтө алышат. Демек кылмыш иши чек араны мыйзамсыз өткөн учурда гана козголот. Ошондой эле элчиликте же эл аралык кызматта иштеген тажикстандык жарандарга, этникалык кыргыздарга да өтүүгө уруксат берилген. Мындай шартта чек ара толугу менен жабылды деп айтууга да болбойт", - деди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын өкүлү Нурланбек Жалбиев.

Кыргызстанда буга чейин ондогон тажикстандык жаран чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен жоопко тартылган. Ошол эле кезде кошуна мамлекетте камакта жаткан кыргызстандыктар да бар.

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев жергиликтүү тургундарда чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча терс түшүнүк калыптана баштаганын белгиледи.

"Чек арадан жашынып, билинбей өткөндөр тууралуу угуп калабыз. Бирок элде бул мыйзамсыз, кылмыш деген түшүнүк пайда болду. Чек аранын жанынан кадимкидей эрежелерди сактап өтүп калдык. Коңшу өлкөдө калган туугандарыбыз менен азыр телефон аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз".

Билим берүү министрлигинин маалыматында былтыр Кыргызстандын окуу жайларында тажикстандык эки миңге жакын студент билим алчу. Алардын азыркы так саны белгисиз.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери тең ырасташкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG