Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Борбор Азия

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялады. Мындай чечимин "адилеттүү Казакстанды куруу үчүн жаңы реформалар керектиги" менен түшүндүрдү.

"Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору. Ошондуктан кызматтык мөөнөтүмдү кыскартып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын", - деди Токаев.

Ал президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча сунуш берди. Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлана алат.

Токаев ошондой эле парламенттик шайлоону да мөөнөтүнөн мурда - 2023-жылдын биринчи жарымында өткөрүүгө чакырды. Анын айтымында, шайлоолор парламенттин төмөнкү палатасы – Мажилиске жана бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге – Маслихаттарга да өткөрүлөт.

Токаев 2019-жылы июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Мөөнөтү 2024-жылы бүтө турган казак президенти буга чейин кийинки шайлоого да катышуу ниети бар экенин айтып келген.

Казакстандык саясат таанучу Досым Cатпаев Токаев айтып жаткан жаңы Казакстанды куруу реформаларын жүргүзүү үчүн кымындай да куралы жок экенин, анын командасы демейдегидей эле маалыматтык чабуул менен ийгиликке жетүүнү көздөп жатат дейт.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

"Чынында Токаевдин башкаруу системасында модернизациялоо үчүн экономикалык же саясий ыкмалары жок. Токаев кандайдыр бир маалымат "чордонунун" ичинде калгандай. Ал өзүнө жакын кишилердин айтканын угат, алар курган каналдардан маалымат алат. Нурсултан Назарбаевден эч нерсеси менен айырмаланбайт. Бир айырмасы Назарбаевдин кишилери аларды сынга алгандарды басмырласа, Токаевдин тарапташтары соцтармактарды тролдор менен капташат".

Жарандык активист Асем Жапишева соцтармактарда жарыялаган видеосунда, Токаевди айлакерлик менен шайлоого аттанды деген ойдо.

"Шайлоо ушул күздө, ноябрда өтүшү мүмкүн. Андан тышкары президент жети жылга шайланары да белгилүү болду. Ошентип Токаев жеңсе, албетте, анын жеңишине күмөнүбүз жок, ал 2029-жылга чейин президент болуп калат. Токаев өтө куулук кылып кетти. Анткени шайлоого барууга өтө ыңгайлуу убакыт. Баалар мындан ары да өсүп, экономикабыз алсырай берсе, эки жылдан кийин эмне болобуз, бир кудай өзү билет".

Ал эми Vlast.kz долбоорунунун жетекчиси, казакстандык журналист Вячеслав Абрамов шайлоодо Токаев менен атаандашчу талапкерлер кыска мөөнөттө даяр болуп чыгышы кыйын дейт.

"Көпчүлүк күткөндөй Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоону жарыялады. Бул убакыттын ичинде кандайдыр бир альтернативдүү талапкерлер же жаңы саясий партиялардын даяр болушун элестетүү өтө кыйын", - деп жазды Абрамов Твиттерге.

2019-жылы март айында Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтотуп, кызматты Сенаттын ошол кездеги төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Ошол эле жылдын июнь айында болгон шайлоодо Токаев жеңип, президент болуп шайланган.

Расмий маалыматтар боюнча, ал шайлоочулардын 70% ашык добушун алган. Анда шайлоо өкмөткө каршы массалык нааразылык акциялары менен коштолуп, митингчилер жапырт камакка алынган. Казак оппозициясы жана көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде мыйзам бузуулар да катталганын билдиришкен.

Серепчилер ошондой эле Токаевдин өкмөтүн, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев сыяктуу эле, оппозицияны басып, адам укуктарын бузуп жатат деп айыптап келишет. Расмий Нур-Султан өлкөдө адам укуктары сакталып, реформалар жүргүзүлүп, демократиялык институттар өнүгүп жатканын билдирүүдө.

Быйыл 5-июнда президент Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум өттү. Анда добуш берүүгө келгендердин 77,18 пайызы президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөрдү колдогон. Ага ылайык, 7-июнда жаңы Конституция күчүнө кирди. Баш мыйзамга, баш-аягы 56 өзгөртүү киргизилди. Анын ичинде Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынды.

Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирген.

Быйыл январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик аны “сырттан даярдалган террордук күчтөр уюштурганын” билдиргени менен аны ырастаган далилдерди келтире алган эмес.

Президент Касым-Жомарт Токаев күч кызматкерлерине эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин ачык айткан. Ал өлкөдө бийликти күч менен алмаштыруу аракети болгонун айткан, бирок анын уюштуруучуларын так атаган эмес. Бийлик бул окуяларда кеминде 238 киши каза тапканын билдирген.

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын айрым аймактарында мигранттарды орус тилин жана мыйзамдарын үйрөткөн адаптациялык борборлорду ачуу демилгеси көтөрүлдү.

Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин мындай сунушун орус президенти Владимир Путин колдоп, мигранттарды өлкөгө келе электе эле даярдоо керектигин айтты. Федералдык агенттик Орусияда мигранттардан турган анклавдар пайда болот деп кооптонууда. Бул өлкөдөгү мекендештер утур-утур жаңы талап, чектөөлөр кирип жатканына нааразы.

Орус бийлигинин жаңы демилгеси

Орусияда мигранттарга орус тилин жана мыйзамдарын үйрөткөн адаптациялык борборлор алгач пилоттук негизде ишке ашканы калды. Азырынча кайсы аймактарда ачылары так айтылган жок. Бул маселе 29-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Бариновду кабыл алганда талкууланганын Кремлдин сайты жарыялады.

“Экономика чет элдик жумушчу күчүнө муктаж экенин түшүнөбүз. Бирок айрым аймактарда анклавдар пайда болуу коркунучу бар жана кылмыштуулук көбөйүп жатат. Албетте, аны биздин жарандар терс кабыл алат. Ошондуктан мигранттарды социалдык-маданий жактан адаптация кылуу иштерин күчөтүү маанилүү. Биз тогуз федералдык аткаруу органы жана Башкы прокуратура менен мигранттардын обочолонуусун алдын алуу боюнча иштерди баштадык. Ага коомдук жана диний уюмдарды да тартып атабыз. Бул ишти дагы күчөтүү керек. Ал үчүн мигранттарга адаптациялык борборлорду түзсөк болот. Бирок бизде ага азырынча инфраструктура жок”, - деди Игорь Баринов.

Владимир Путин Орусияда мигранттарды адаптация кылуу боюнча борборлорду ачуу демилгесин колдоду. Ал келген мигранттар Орусиянын каада-салтын, тилин билип, мыйзамдарын аткарышы керектигин айтты. Бирок адаптациялык борборлор кандай иштейт, мигранттар кандай тартипте кабыл алынары азырынча белгисиз. Владимир Путин мигранттарды окутууну алардын өз мекенинен баштоо керектигин айтып, аны Борбор Азия мамлекеттери да колдой турганын билдирди.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

“Биздин кесиптештер бул демилгени колдойт. Эч ким каршы эмес. Тескерисинче, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан кызыкдар жана бул ишти кош-колдоп жасашат. Болгону ал жерде биз да активдүү иштешибиз керек. Өз мекенин таштап, бизге келгенден кийин алар ыңгайлашып, маданиятыбызды, тилибизди, Орусиянын мыйзамдарын билиши керектигин жакшы түшүнүшөт”.

Буга улай эле Орусиянын президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңештин жетекчиси Валерий Фадеев мигранттардын орус тилин билбеген балдары орус мектептерине кабыл алынбашы керектигин айтып чыкты. Анын бул сөзү Адам укуктары боюнча кеңештин Телеграмм каналына чыкты.

“Орус тилин билбеген мигранттардын балдарын мектепке кабыл албаш керек деп эсептейм. Орус балдары эле эмес, мигранттардын да балдары кыйналып, бүтүндөй бир класстын окуусу үзгүлтүккө учурайт. Эч нерсени түшүнбөсө, анан кайдагы окуу тууралуу сөз кылса болот? Ошондуктан мигранттардын балдарын орус тили боюнча бир жылдык даярдоо курстарына жиберип, андан кийин гана мектепке алыш керек. Орусияда убактылуу иштеп жүргөн мигранттар үй-бүлөсүн бул жакка алып келбей деле койсо болот. Анын үстүнө Орусияга атайын төрөт үчүн да келгендер көп”.

Эрежелерден башы айланган мигранттар

Адаптациялык борборлорду ачуу демилгеси Орусияда мигранттардын каттоо маселеси көтөрүлгөн учурга туш келди. Евразия экономикалык комиссиясы Орусияда миграциялык каттоосу бүткөн кыргызстандыктар 3-сентябрга чейин кайра узартып, же өлкөдөн чыгышы керектигин эскертип жатат.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам кыргызстандыктар убактылуу каттоосун узарта албай калып, бир катар жеңилдиктер берилген. COVID-19га байланыштуу чектөөлөр алынгандан кийин Орусиянын бийлиги 90 күндүн ичинде мигранттарды документтерин иреттеп алууга чакырган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерди сыртка чыгып келбей деле миграциялык каттоого туруп, жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзсө болорун билдирген. Бирок ушул күндөрү паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылып жатат. Ушул максатта чек арага барып келаткан кыргызстандыктар 21-августта Ульяновскидеги жол кырсыгына кабылып Кыргызстандын 14 жараны каза болду.

Бул каргашалуу окуядан кийин Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын көйгөйү, Кыргызстан менен Орусия мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) пайда-зыяны боюнча маселе көтөрүлгөн. Москвадагы “Ноокат” коомунун мурдагы жетекчиси Толкунбай Акматов адаптациялык борборлорду түзүү сунушу тууралуу мындай деди.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

“Мигранттарды бир жерге топтоп алып аларга тил, мыйзамдарды үйрөтүү туура эмес го. Ага караганда эл менен жуурулушуп кетсе тез үйрөнөт. Бул маселе Орусияда жүргөн мигранттардын жүрүм-турумунан улам көтөрүлүп жатат да. Бирок эми Орусия ар кандай жаңы эрежелерди киргизет. Бул мигранттарга кошумча убарагерчилик. Анан акча өндүрүү десе да болот го. Каттоо маселеси болсо дагы деле чечиле элек. Анткени Орусияда мигранттарды жок эле ишканаларга каттатып эмгек келишимдерин түзүп коюшкан. Алардын баарын тең каттоодон чыгарып салышты. Эми алар чек арага кетип паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруп жүрүшөт”.

Өткөн аптада эле Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйыны болгон. Анда ЕАЭБ өкмөт башчылары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров мигранттарга шарт түзүү маселесин көтөргөн. Ал жумушчуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык камсыздоо маселесин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү керектигин айткан.

Орусияда мигранттарга укуктук көмөк көрсөткөн активист Гүлиза Акматсияева Орусиядагы акыркы демилге боюнча пикири менен бөлүштү.

“Кыргызстанда орус тили расмий тил. Орусия менен 70 жыл СССРде бир жашадык. Биз орус тилин мындан ары дагы каякка чейин окуп, тарыхын билишибиз керек? Мигранттар Орусиянын бийлиги үчүн ар кандай сыноолор үчүн пайдалана турган топ болуп калды. Жыл сайын жаңы мыйзам, жаңы тартип, жаңы эреже киргизет”.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Быйыл август айында Кыргызстандын биримдикке киргенине туура жети жыл болду. Саясат талдоочу Айданбек Акматов ЕАЭБге кирип жаткандагы шарттардын аткарылышы боюнча маселени көтөрдү.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

“Кыргызстанда пакистандыктар көбөйүп кеткенде бизде да “Пакистандын жарандары эмнеге көбөйүп кетти?” деген чочулоолор болду. Ошондой эле Борбор Азиядан барган мигранттардын көбү Москвада иштейт. Аларда деле ушундай эле маселе көтөрүлүп жатат. Орус бийлиги ушундан улам Москваны ушундай жолдор менен мигранттардан арылтууну максат кылып жатышы мүмкүн. Экинчиден, Кыргызстан ЕАЭБге киргенде төрт эркиндик жөнүндө сөз болгон. Алар: капитал, товар эркиндиги, кызмат көрсөтүү жана эмгек эркиндиги. Бирок эмгек мигранттарынын эркиндиги кысымга кабылууда. Орусия болсо ички мыйзамдарына негиз кылып бир топ чектөөлөрдү киргизди. Бирок эл аралык келишимдер улуттук мыйзамдардан жогору турат. Орусия аны бузуп атат”.

Эл аралык миграция уюмунун соңку маалыматы боюнча, Орусияда Борбор Азиядан барган төрт миллиондой мигрант иштейт. Алардын бир миллиону Тажикстандан, дагы бир миллиону Кыргызстандан, эки миллионго жакыны Өзбекстандан жана 200 миңи Казакстандан баргандар деп эсептелген. Кыргызстандын эсебинде, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык мигрант иштейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG